Кырсыктардан келтирилген зыянды баалоо жана калыбына келтирүүнү пландаштыруу тартибин өнүктүрүү боюнча жумушчу кеңешме өткөрүлдү

2023-ж., 14-June

 

Бишкек – 14-июнь, 2023-жыл – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча Улуттук платформанын катчылыгы Кыргызстандагы БУУӨПтүн жана Евробиримдиктин өкүлчүлүгүнүн колдоосунда Кыргыз Республикасындагы кырсыктан кийин узак мөөнөттүү калыбына келтирүү үчүн зыянды баалоо тартибин жана координациялоо механизмин өнүктүрүү боюнча чараларды талкуулоо жана макулдашуу боюнча жумушчу кеңешме өткөрүштү. Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун – Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматтарынын, КР Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча Улуттук платформанын катчылыгынын, БУУнун агенттиктеринин, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты. 

Жумушчу кеңешменин максаты өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоо, алардын кесепеттерин жоюу, кырсыктардан кийин калыбына келтирүү иштеринин маселелерин жана аспектилерин киргизүү менен колдонуудагы Тартипти өркүндөтүү боюнча сунуштарды талкуулоо жана макулдашуу болду.

Климаттын өзгөрүшү менен курчуп жаткан кырсыктардын учурдагы тобокелдиктери жана жаңы чакырыктар менен коркунучтар өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, калктын жашоо-турмушуна жана жыргалчылыгына коркунуч туудургандыгына байланыштуу, табигый кырсык тобокелдиктерин эске алуу менен туруктуу өнүгүү үчүн шарттарды түзүү үчүн Кыргыз Республикасында табигый кырсыктан кийинки узак мөөнөттүү калыбына келтирүү боюнча координациялоо механизмин күчөтүү талап кылынат.

Өзгөчө кырдаалдардан узак мөөнөттүү калыбына келтирүүнүн так белгиленген механизминин болушу кырсык жана авариялык тобокелдиктерге даярдык көрүүнүн жана жооп кайтаруунун натыйжалуулугун жогорулата турганы белгиленген. Мындан тышкары, калыбына келтирүү маселелерин интеграциялоо өлкөдө кырсык тобокелдиктерин башкаруунун бирдиктүү циклин түзүүнү камсыздайт, бул кырсыктарды пландаштырууга, кесепеттерин жоюуга комплекстүү мамилени өркүндөтөт. 

Кырсыктарды калыбына келтирүүнүн бирдиктүү механизмин түзүүгө көмөктөшүүчү өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыяндарды жана чыгымдарды баалоонун колдонуудагы Тартибине эрте калыбына келтирүү маселелерин киргизүүгө багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун сунуштоо жана талкуулоонун жыйынтыгында сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор жактырылды. Баса белгилей кетүүчү нерсе, катышуучулар сунушталып жаткан механизмди тармактын өзгөчөлүгүн эске алуу менен ишмердүүлүктүн тиешелүү чөйрөлөрүндө адаптациялоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Жыйындын соңунда тиешелүү тармактарда зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана шайкеш келтирүү боюнча сунуштар айтылып, кийинки биргелешкен аракеттер макулдашылды.

Маалымат үчүн:

Кырсыктардан кийин узак мөөнөттүү калыбына келтирүү маселелерин ишке ашыруу боюнча иш-чаралар 2018-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоо Концепциясынын 2-этабын ишке ашыруунун максаттарына жана милдеттерине (II этап – 2023-2026), ошондой эле 2015-2030-жылдарга табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча Сендай алкактык программасынын артыкчылыктарын ишке ашыруунун максаттарына шайкеш келет.