Кыргызстандын «жашыл» типтеги өнүгүүсүнө багытталган "Жашыл экономика" форумунун резолюциясы кабыл алынды

2019-ж., 18-November

2019-жылдын 15-ноябрында "Жашыл экономика - күчтүү аймактар - өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү" аталган форум резолюциянын кабыл алуусу менен аягына чыкты. Форумда аймактарды өнүктүрүү үчүн жашыл экономиканы алдыга жылдыруу боюнча кызыктуу талкуулар, жаңы идеялар жана сунуштар тартууланды.

Жашыл экономика жумалыгынын алкагында орун алган жашыл технологиялардын жарманкеси, атайын семинарлар, жашыл экономиканын ар түрдүү багыттарына арналган тегерек столдор, окутуу тренингдери жана практикалык түрдөгү жолугушуулар уникалдуу гана болбостон, коомчулуктун арасында бул тема тууралуу маалымдуулукту жогорулатат. Буга кошумча жумалык ичинде Жашыл экономиканы өнүктүрүү программасына кызыкдар тараптардын көңүлүн буруу жана Кыргыз Республикасынын аймактарын өнүктүрүү үчүн иш-аракеттерди жана координацияны жасоо үчүн чөйрөлөрдү аныктоо иштери орун алды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Экономика министрилиги аркылуу "Жашыл экономика - 2019 - күчтүү аймактар - өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү” жумалыгын 11-17-ноябрь ичинде өткөрүү демилгесин көтөрүп чыкты.

Жашыл экономика темасы Кыргызстан үчүн жаңы болгонуна карабастан, ал Борбордук Азиядагы экономиканын жылдыруучу күчү болуп калды, ал эми Кыргызстан болсо саясий базаны иштеп чыгууда башкаларга үлгү болууда. Мунун маанилүү башталышы болуп Жогорку Кеңештин 2018-жылдын 28-июнундагы токтому менен кабыл алынган "Кыргызстан - жашыл экономиканын өлкөсү" аталган концепция эсептелет. БУУ тобу Кыргыз Республикасынын жашыл экономика боюнча 2023-жылга чейинки Программасын иштеп чыгуу жана кабыл алууда Өкмөткө көрсөткөн колдоосу менен сыймыктанат.

Анын артыкчылык берген негизги багыттары болуп айыл-чарба, өнөр-жай жана энергетика, төмөн көмүртектүү жана экологиялык таза транспорт, туруктуу туризм, жашыл шаарлар, муниципалдык таштандыларды туура колдонуу, туруктуу каржылоо, салыктык жеңилдиктер жана туруктуу мамлекеттик сатып алуулар. Бул багыттардын ТӨМдөр менен тыгыз байланышканы жөн жерден эмес. Алар ТӨМдөргө жетүү менен тыгыз байланышкан, мунун үчүн айкалышкан мониторинг жана пландоо иштери жүрүп жатат.

Форумдун ачылышында Луиз Чемберлен, БУУӨПтүн Туруктуу өкүлү төмөндөгүлөр менен бөлүштү: "Жашыл экономика Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) жана Париж келишиминин максатына жетүүдө жардам бере алат. Жашыл экономика дүйнө жүзү боюнча жаңы жана жакшыртылган жумуш орундарын сунуштап, технологиялык өзгөрүүлөрдү тездетүүдө. Бул тенденцияга өтпөгөн өлкөлөр эскирген "күрөң" экономикага салым кошуу менен бирге жогору бааны төлөшүп, ал эми алардын технологиялары табигый ресурстарды бүлүндүрүп жатат. Бүлүнүү жана ресурстарды түгөтүү, абаны жана сууну булгоо, жок кылынбаган таштандылар, суунун жана энергиянын жетишсиздиги жана парник газдарынын бөлүнүп чыгуусу. Буга кошумча, экологиялык факторлордун глобалдык деңгээлдеги ооруларга чоң таасир бергендиги тастыкталды".

Экономика министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасындагы Жашыл экономика боюнча иштелип чыгып жана анын жакынкы аралыкта бекитилүүсү күтүлүүдө. Электромобилдер үчүн бажы пошлинасы нөлгө түшүрүлдү, ал эми Парламент тарабынан "Кыргыз Республикасынын Жашыл өнүгүү боюнча глобалдык мекемени түзүү тууралуу келишимге кошулуусу боюнча" мыйзам кабыл алынды. "Утилизациялык топтоо" түшүнүгү киргизилип, бул үчүн "Кыргыз Республикасынын салыксыз кирешелер тууралуу Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам иштелип чыкты.

Мындан тышкары КР Өкмөтүнүн токтому боюнча (2019-жылдын 11-октябры, №385) өлкө ичинде электромобилдерди колдонуу жана кубаттоо инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча Жол картасы кабыл алынды.

Жашыл экономика жумалыгы БУУнун Өнүктүрүү программасы, GIZ жана БУУнун беш агенттигинин (ПРООН, ЮНЕП, ЮНИДО, ЮНИТАР жана МОТ) “Жашыл экономика кызыкчылыгын көздөгөн өнөктөштүк" программасы (PAGE) тарабынан колдонду. Алардын жалпы тажрыйбасы, тармагы жана мандаттары өлкө ичинде жашыл экономика боюнча комплекстүү жана толук колдоону шарттап турат.