Кыргызстандык ишкерлер Москвада өткөн эл аралык «Продэкспо-2022» көргөзмөсүнө катышты

2022-ж., 17-February

16-февраль, 2022-жыл. Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү жана инвестиция боюнча агенттиги менен биргеликте Москва шаарында өткөн «Продэкспо-2022» эл аралык тамак-аш, суусундуктар жана чийки зат көргөзмөсүнө ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн катышуусун уюштурду. Быйылкы жылы Кыргыз Республикасынан көргөзмөгө «Адвантекс», «ЧЭС», «Кыргызцентрпродукт», «Дан-Агро», ЖЧК «САЛАМ», «Алайку Органикс», «AZRA Group», «Экофлорист» жана башкалар компаниялар катышты. Кыргызстандын ишканалары көргөзмөгө продукциянын кеңири ассортиментин – кургатылган жемиштерди, жаңы жана кургатылган жашылчаларды, мөмө-жемиштерди, буурчак өсүмдүктөрүн, суусундуктарды, бал жана колбасаларды коюшту.

Көргөзмөгө кыргызстандык ишкерлердин катышуусунун максаты - сатууну көбөйтүү, потенциалдуу кардарлардын базасын жана сатуу географиясын кеңейтүү, дүң фирмалардын сатып алуучулары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана иштиктүү байланыштарды түзүү, сатуу рыногун изилдөө жана алардын продукциясын көргөзмөнүн катышуучуларына көрсөтүү. Бул жылы 29-ирет өтүп жаткан «Продэкспо-2022» көргөзмөсүнүн алкагында 30 тематикалык салондор ишке тартылып, анда келгендер жогорку сапаттагы тамак-аш жана суусундуктар, анын ичинде органикалык продукциялар жана сергек жашоо образынын жактоочулары үчүн сунуштар менен таанышышты. Тамак-аш өнөр жайына арналган акыркы окуялар таңгактоочу чечимдерди камсыздоочулар жана башка тиешелүү тармактардын компаниялары тарабынан көрсөтүлүүдө. 100 000 м² аянтка 73 өлкөдөн 2660 экспоненттер өз продукцияларын көрсөтүштү.

Эл аралык көргөзмөгө катышуу кыргызстандык өндүрүүчүлөргө продукцияны жеткирүү боюнча жаңы маркетинг чынжырларын түзүүгө, ошондой эле өздөрүнүн өндүрүшү үчүн чийки затты сатып алууга жардам берет.

«Биздин «Алайку Органикс» ЖЧК компаниясы «Продэкспо-2022» көргөзмөсүнө катышты. Бул көргөзмө башка көргөзмөлөргө салыштырмалуу масштабдуу, көптөгөн ишкерлер жана өндүрүшчүлөр менен жолугушуу биз үчүн абдан пайдалуу болду. Биз улуттук жана алкоголсуз суусундуктар, закускалар, бал түрүндөгү уникалдуу продукцияларыбызды тартуулап, продукциянын тарыхын жана философиясын түшүндүрүп, кызыккан кардарларга азыктардын даамын татуу мүмкүнчүлүгүн бердик. Биз көптөгөн жолугушууларды өткөрдүк жана мындан аркы кызматташуу жана товарларды алдыга жылдыруу үчүн көптөгөн байланыштарды чогулттук, маалыматтык-жарнамалык материалдарды жана кээ бир продукциянын үлгүлөрүн тапшырдык" -

Маметова Мээрим, «Алайку Органикс» ЖЧКсынын тышкы байланыштар жана экспорт боюнча менеджери.

Мындан тышкары, көргөзмөнүн катышуучулары продукцияны экспорттоо маселелерин гана жөнгө салбастан, жетишпеген чийки затты, продукциянын таңгагын ташып келүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга, ошондой эле алардын товарларынын Кыргыз Республикасынын аймагында потенциалдуу дистрибьютор боло турган компаниялар тууралуу маалыматтарды чогултууга мүмкүнчүлүк алышканын белгилешти. Көргөзмөнүн алкагында уюштуруучулар жолугушууларды уюштуруп, ата мекендик өндүрүш үчүн маанилүү болгон тамак-аш өнөр жайынын жабдууларын, таңгактоо, маркировкалоочу ишканалардын кызматтарын сунушташты.

Кыргызстандык компаниялардын көргөзмөгө катышуусу Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын «Борбор Азияда сооданы жеңилдетүү» долбоору тарабынан жана Финляндия өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен уюштурулууда.