Кыргызстандарт тамак-аш коопсуздугунун ISO 22000 стандарты боюнча системаларды сертификаттоого аккредитациядан ийгиликтүү өтүп, экспорттун өсүшүнө жол ачты

2025-ж., 25-April
Woman wearing a hat crouches among green plants in a greenhouse.
ПРООН / Кыргызстан

Бишкек, 25-апрель 2025 — Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу улуттук стандартташтыруу органы — Кыргызстандарттамак-аш коопсуздугу жаатындагы эл аралык ISO 22000:2019 стандартына ылайык менеджмент системаларын сертификаттоого расмий түрдө аккредитация алдыБул жетишкендик өлкөнүн сапат инфратүзүмүн чыңдоогоулуттук деңгээлде сертификаттоо кызматтарын жүргүзүүгөишкерлердин чыгымдарын кыскартууга жана продукцияны тышкы рынокторго чыгаруу мөөнөтүн кыскартууга өбөлгө түзөт.

Кыргызстандын 2025–2028-жылдарга карата Экспортту өнүктүрүү программасына шайкеш келген бул кадамсапаттык кызматтарды кеңейтүүэл аралык стандарттарды киргизүү жана ата мекендик продукциянын глобалдык рынокко чыгышына көмөктөшүү багытында маанилүү роль ойнойт.

Бул жетишкендик Финляндия Өкмөтү тарабынан каржыланыпБУУнун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) тарабынан ишке ашырылып жатканСоодага көмөк көрсөтүү” долбоорунун алкагында көрсөтүлгөн колдоонун натыйжасы болуп саналатДолбоор Кыргызстандын экспорттук потенциалын жогорулатуугамикро-, чакан жана орто бизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруугасоода жана сертификаттоо институттарынын мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөөгө багытталган. Ошондой эле эл аралык талаптарга шайкеш келтирилген жагымдуу соода саясатын түзүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү бизнес чөйрөсүн түзүү.

Кыргызстандарттын ISO 22000 боюнча сертификаттоо укугуна ээ болушу — бул мекеменин эл аралык талаптарга жооп бере турган деңгээлге жеткенин тастыктап турат. Бул улуттук өндүрүүчүлөр үчүн жаңы экспорттук базарларга чыгуу мүмкүнчүлүгүн ачат. ISO 22000 сертификаты көптөгөн өлкөлөрдө тамак-аш азыктары үчүн милдеттүү талап катары каралат жана продукциянын сапатына болгон ишенимди арттырат.

«Эми биз ISO 22000 стандарты боюнча сертификаттоо кызматын өлкөнүн ичинде көрсөтө алабыз. Бул жергиликтүү бизнес үчүн чыгымдарды кыскартып, экспорт процессин жеңилдетет», — деп билдирди Кыргызстандарттын директору Болот Нурматов.

«Эми биз ISO 22000 стандарты боюнча сертификаттоону өлкө ичинде жүргүзө алабыз», — деди Кыргызстандарттын директору Болот Нурматов. — «Бул бизнес үчүн чыгымдарды азайтыппродукцияны эл аралык рынокко чыгарууну тездетет».

БУУӨПнын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева өз сөзүндө: «Бул аккредитацияКыргызстанда өндүрүлгөн продукциялардын дүйнөлүк рынокко жетүүсүн камсыздоого багытталган маанилүү кадамУлуттук сертификациялык кызматтарды өнүктүрүү экспорттук потенциалды ачууга жардам берет жана жеке сектордун атаандаштыкка жетүү жолунда колдоо көрсөтөт»— деп белгиледи ал.

Соодага көмөк көрсөтүү” долбоорунун алкагында БУУӨП тарабынан Кыргызстандартка даректүү техникалык колдоо көрсөтүлдүБул колдоонун негизинде мекеменин ички процесстерине эл аралык деңгээлде баа берүү жүргүзүлүпкызматкерлердин компетенциялары дүйнөлүк талаптарга ылайык жогорулатылдыОшондой элеөндүрүштүк ишканалардагы тамак-аш коопсуздугу боюнча практика анализденип, ISO 22000:2019 стандартына ылайык сертификациялык процедуралар иштелип чыкты.

Бул иштердин жыйынтыгында Кыргызстандарт аккредитациянын бардык талаптарына жооп бергентолук кандуу улуттук сертификациялык органга айланыпишкерлерге чет өлкөлүк уюмдарга кайрылбастанмаанилүү эл аралык сертификаттарды өлкө ичинде алууга мүмкүнчүлүк түздү.

Жакын арада Кыргызстандарт ишканалардан ISO 22000 стандарты боюнча сертификаттоо үчүн кайрылууларды кабыл алууну баштайтБул кадам Кыргызстандын тамак-аш өнөр жайын жаңы баскычка көтөрүүгө жана анын эл аралык рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга багытталган маанилүү этап болуп саналат.