Кыргызстанда ведомстволор аралык жумушчу топ бизнес жана адам укуктары маселелери боюнча аракеттердин Улуттук планын иштеп чыгууда

2023-ж., 14-February

2022-жылдын 30-майында өткөн бизнес жана адам укуктары маселелери боюнча долбоорду ишке киргизүү жаатындагы иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги бизнес жана адам укуктары маселелери боюнча Аракеттердин улуттук планынын долбоорун иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары – ВЖТ) түзүүгө милдеттенген. Экономика жана коммерция министри тиешелүү буйрукка 2023-жылдын 19-январында кол койгон. 

Акыйкатчынын (Омбудсмендин) Жогорку Кеңешке, Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине берилген «2021-жылы адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоо жөнүндө» жылдык баяндамасында 2011-жылдагы БУУнун Жетектөөчү принциптерин жүзөгө ашырууга көмөктөшүү боюнча бизнес жана адам укуктары жаатындагы Кыргыз Республикасынын Аракеттеринин улуттук планын иштеп чыгуу жана кабыл алуу сунушталган.  

Бул сунуш Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, улуттук парламент тарабынан колдоого алынган жана анын 2022-жылдын 16-июнундагы № 307-VII токтомуна киргизилген, анда төмөндөгүдөй айтылат: 

«БУУнун Жетектөөчү принциптерин ишке ашыруу максатында, ишкердик иштер жана адам укуктары жаатындагы Кыргыз Республикасынын иш-аракеттеринин планын иштеп чыксын жана кабыл алсын, атап айтканда, конкреттүү масштабдуу долбоорлорду же коммерциялык ишти жүзөгө ашырууга лицензияларды жана уруксаттарды берүүдө адам укуктарын сактоонун негизги маселеси катары курчап турган чөйрөгө таасирди баалоо, ишкердик иштин адам укуктарына болгон терс таасирлеринин коркунучтарын баалоо жана алдын алуу боюнча ченемдик талаптарды киргизсин»

2022-жылдын аягында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Жогорку Кеңештин токтомуна ылайык Ведомстволор аралык жумушчу топту (ВЖТ) түзүү процессин демилгелеген. Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова жумушчу топтун төрайымы болуп дайындалган.

Кыргыз Республикасындагы БУУӨП дагы өлкөдө биринчи жолу бизнести жана адам укуктарын Улуттук базалык изилдөөнү (УБИ) баштаган жана алдын ала жыйынтыктары 2023-жылдын 25-январында тегерек столдо тааныштырылган. Макулдашууга ылайык БУУӨП жооптуу иштиктүү практика, анын ичинде адам укуктары жаатында талаптагыдай дыкаттык жөнүндө ишенимдүү улуттук идеологияны түзүү үчүн Омбудсмен жана «Адилет» юридикалык клиникасы, жарандык коомдун улуттук укук коргоо уюму менен өнөктөштүктө ведомстволор аралык жумушчу топко техникалык колдоо көрсөтүүнү улантат. Бул иш-чаралар бизнес жана адам укуктары жаатында Аракеттердин улуттук планын иштеп чыгууну жана жүзөгө ашырууну жана/же ушул сыяктуу саясаттарды колдоо үчүн Япония өкмөтү тарабынан каржыланган жана башка 17 өлкөдө жүзөгө ашырылып жаткан, БУУӨПтүн «Бизнес жана адам укуктары» (Б+АУ) глобалдык долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат.

Тегерек столдо А.Усенбекова бизнес-ассоциациялардын, Соода-өнөр жай палатасынын, жарандык коомдун жана бизнес өкүлдөрүн Улуттук базалык изилдөө долбооруна ылайык маалымдоо үчүн сунуштарды берүүгө чакырды. - «Сиздер ушул чөйрөдө иштейсиздер, ишкердик ишиңиздерди жүргүзүүдө адам укуктарын сактоо маселелери менен алектенесиздер. Бизнес-чөйрөсүндөгү адам укуктарынын сакталышы өлкөнүн инвестициялык климатына таасирин тийгизет», - деп белгиледи министрдин орун басары.

Ведомстволор аралык жумушчу топтун алдына Улуттук базалык изилдөөнүн жыйынтыктарынын негизинде бизнес жана адам укуктары маселелери боюнча  Аракеттердин улуттук планынын долбоорун даярдоо жана аны аяктаганда Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине сунуштоо милдети коюлду. 

ЖМК үчүн байланыштар: Нуржан Алымканова, БУУӨПтүн коммуникациялар боюнча адиси, nurzhan.alymkanova@undp.org