Кыргызстанда Ак илбирсти жана анын экосистемаларын коргоо боюнча глобалдык программанын Жетектөөчү комитетинин жыйыны өттү

2022-ж., 24-October

Жыл сайын 23-октябрда биз Ак илбирстин эл аралык күнүн белгилеп келебиз. Мындан тогуз жыл мурун, дал ушул күнү ак илбирс байырлаган 12 өлкө – Ооганстан, Бутан, Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Монголия, Непал, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан – ак илбирстин популяциясын сактоого милдеттенишип, Бишкек декларациясына кол коюшкан. Ак илбирстин эл аралык күнүндө биз коомчулуктун көңүлүн ак илбирсти Жогорку Азия тоолорундагы маданий жана жаратылыш мурастарынын символу катары сактоонун маанилүүлүгүнө бурабыз.

2022-жылдын 20-21-октябрында Бишкекте Ак илбирсти жана анын экосистемаларын коргоо боюнча глобалдык программанын (GSLEP) Жетектөөчү комитетинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Анда ак илбирсти сактоо боюнча аталган өлкөлөр тарабынан көрүлүп жаткан чаралар каралып, экосистемаларды сактоо жана анда жашаган жамааттардын бакубаттуулугун жогорулатуу боюнча мындан аркы приоритеттер аныкталды. Иш-чарада катышуучулар жаратылышты коргоо, климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоо, коомчулуктун деңгээлинде айлана-чөйрөнү коргоо жана туруктуу жашоону камсыздоо жаатындагы иш-чараларды ишке ашыруу аркылуу мындан ары каржылоо маселелерин карашты.

Иш-чарага аталган өлкөлөрдүн айлана-чөйрөнү коргоо министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилери жана өкүлдөрү, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, эл аралык уюмдардын, экологиялык бейөкмөт уюмдардын жана программалардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова өз сөзүндө «Ак илбирстин жок болуп кетүү коркунучу эл аралык көңүл буруунун объектисине айлануусу зарыл, ал эми анын түрлөрүн сактап калуу – жалпыбыздын жоопкерчилигибиз» деп, «биргелешкен жамааттык аракеттердин зарылдыгын» баса белгилеп, «ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоого жана коргоого багытталган милдеттенмелерге» токтолду, «анткени бизге анын бийик тоолуу ландшафтыбыздагы жаныбарлардын түрлөрүн сактоодогу орду кеңири маалым». Сөзүнүн аягында Динара Кутманова «эл аралык уюмдарды жана башка кызыктар тараптарды биргелешкен активдүү кызматташууга» чакырып, мындай деди: “Биз бардыгыбыз декларациядан аракетке өтүүнүн маанилүүлүгүн айтып келгенбиз. Натыйжага багытталган лидерлик негизги принцип болуп калууга тийиш. Бүгүн ак илбирстин тагдырын талкуулап жатып, биз чындыгында бүткүл планета үчүн, бүткүл адамзат жана анын келечеги үчүн өтө маанилүү маселелерге токтолуп жатабыз. Цивилизация жаратылышка жоопкерчиликтүү мамиле кылуунун принциптеринде гана туруктуу өнүгө алат. Жалпы күч-аракет менен биз байланыштарды кеңейтип, өз ара аракеттенүүнү бекемдей алабыз жана келечек муундар үчүн баа жеткис жаратылыш мурасыбызды сактап калуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүүгө көмөктөшөбүз деп ишенем”.

Бүгүнкү күндө ак илбирс жашоо чөйрөсүн жоготуудан, климаттын өзгөрүшүнөн, браконьерликтен, аларды мыйзамсыз сатуудан жана адамдар менен жапайы жаратылыштын ортосундагы карама-каршылыктан улам жоголуп кетүү коркунучунда турат. Ушуга байланыштуу, БУУӨПтүн биологиялык ар түрдүүлүктү сактоодогу эң маанилүү артыкчылыктарынын бири болуп жергиликтүү, улуттук жана аймактык өнөктөштөр менен биргеликте ак илбирсти сактап калуу боюнча улуттук потенциалды жогорулатуу, браконьерликке каршы чараларды күчөтүү, коомчулук менен иштөө программаларын ишке ашыруу, ошондой эле экологиялык билимди жана маалымдуулукту жогорулатуу болуп саналат. Ошондуктан бул жолугушуу мындан аркы биргелешкен экологиялык иш-аракеттерди шайкеш келтирүү жана бекемдөө үчүн негизги мааниге ээ.

БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен өз сөзүндө ак илбирсти сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи жана БУУӨП бул процессти «жөн гана түрдү коргоо эмес, инклюзивдүү жана туруктуу өнүгүүнүн негизин түзгөн глобалдык мурастарды жана экосистемалардын саламаттыгын сактоого салым кошот» деп эсептей турганын айтты. Ал белгилегендей, «ак илбирс климаттын өзгөрүшү жана биологиялык ар түрдүүлүк боюнча тоо экосистемаларынын ден соолугунун көрсөткүчү болуп саналат жана анын болушу таза суу жана көмүртектин секвестрациясы сыяктуу экосистемалык кызматтарды билдирет, бул агымдын төмөн жагында жашаган миллиарддаган адамдарга пайда алып келет». Луиз Чемберлен ошондой эле кошумчалады: «Учурда БУУӨП ар түрдүү өлкөлөргө каржы ресурстарын мобилизациялоодо жана ак илбирсти жана анын жашаган чөйрөсүн коргоо үчүн зарыл болгон трансформацияны тездетүү үчүн эл аралык, улуттук жана жергиликтүү тажрыйбаны бириктирүүгө колдоо көрсөтүүдө. БУУӨПтө улуттук өкмөттөр менен биргеликте ишке ашырылган жалпы бюджети 130 миллион АКШ долларынан ашкан кеминде 40 долбоордун портфели бар».

Жыйындын катышуучулары ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча өлкөлөрдө жасалып жаткан аракеттер тууралуу тажрыйбалар жана акыркы маалыматтар менен бөлүшүштү. Алар ак илбирстин жашаган чөйрөсүндөгү линиялык инфраструктуранын көлөмүн жана аны азайтуу, климаттык тобокелдиктерди жана туруктуулук чараларын жана чек арадагы кызматташтыкты талкуулашты, ошондой эле Ак илбирстин популяциясын глобалдык баалоо (PAWS) демилгеси боюнча карап чыгышты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын реформаларды талдоо жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы Азамат Темиркулов «Биздин тарап глобалдык актуалдуу көйгөйлөрдү чечүүнүн натыйжалуу жолдорун издөөнү улантуу максатында эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар. Чынында, бул Жетектөөчү комитеттин ишинин натыйжасы болушу керек» деп баса белгиледи. Өз сөзүн жыйынтыктап, ал мындай деди: «Кеңешменин резолюциясы мамлекеттерге күч-аракеттерди координациялоого, олуттуу финансылык, уюштуруучулук жана техникалык ресурстарды тартууга, натыйжалуу илимий кызматташтыкты орнотууга жана сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарларды жана алардын жашаган жерлерин сактоонун пайдасына кызмат кылууга мүмкүндүк берет деп ишенем. Туруктуу өнүгүүнүн 2030-жылга чейинки кабыл алынган Күн тартиби бизди туруктуу өнүгүүнүн үч өлчөмүн – социалдык, экономикалык жана экологиялык чен-өлчөмдөрдү карманууга чакырат. Бул контекстте Кыргызстандын жүргүзүп жаткан аракеттери дүйнөлүк чакырыкка жана Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча милдеттенмелерге шайкеш келет».

Жетектөөчү комитеттин отурумунун жыйынтыгында катышуучулар экономиканы мындан ары инклюзивдик өнүктүрүү, жапайы жаныбарлардын мыйзамсыз соодасына каршы туруу, жаратылышты коргоо жаатында алдыңкы тажрыйбалар менен алмашууну жакшыртуу, өкмөттөр аралык кызматташтыкты чыңдоо жана ар кандай кызыктар тараптар арасындагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү боюнча олуттуу чараларды көрүү боюнча резолюция кабыл алышты.

БУУӨП/ГЭФ долбоору

Ак илбирсти сактоо боюнча улуттук потенциалды чыңдоо БУУӨП/ГЭФ «Туруктуу жашоо шарттарын колдоо үчүн Батыш Тянь-Шань тоо экосистемасынын глобалдык маанидеги биоартүрдүүлүгүн жана аны менен байланышкан жер жана токой ресурстарын сактоо» долбоорунун негизги компоненттеринин бири болуп саналат. Ал учурда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен өнөктөштүктө ишке ашырылып жатат.

Долбоор жаныбарлар дүйнөсүн коргоо жаатындагы экологиялык инспекторлордун, чек арачылардын жана бажы органдарынын кызматкерлеринин укук коргоо потенциалын жогорулатып, жаныбарлар дүйнөсүнө каршы кылмыштарды ачууга жана бөгөт коюуга, жаныбарлардын сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан түрлөрүн мыйзамсыз сатууга көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган. СИТЕС Конвенциясын натыйжалуу ишке ашыруу максатында БУУӨП Мамлекеттик бажы кызматынын иттери үчүн атайын вольердин курулушуна колдоо көрсөтүп, жапайы жаныбарларды мыйзамсыз ташуу менен күрөшүү боюнча кызматтык иттерди үйрөтүү үчүн керектүү жабдууларды тапшырган.

Долбоордун алкагында Батыш Тянь-Шандын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын кызматкерлери жана браконьерликке каршы коомдук кайгуул топторунун мүчөлөрү ак илбирсти коргоо боюнча окуудан өтүшкөн. БУУӨП «Алатай» жана «Кан-Ачуу» жаратылыш парктарына 50дөн ашык фотокапкандарды белекке берип, алардын кызматкерлерин аларды орнотуу жана иштетүү боюнча үйрөткөн. Акыркы жылдары фотокапкандар ак илбирстин жана башка жапайы жаныбарлардын бир катар сүрөттөрүн тартып, ошондой эле алардын жайгашкан жери жана популяциясынын саны боюнча маалыматтарды берген. БУУӨП ошондой эле «Ак илбирстин популяциясын глобалдык баалоо» методологиясынын негизинде Кыргызстандагы ак илбирстин популяциясын баалоону биргелешип иштеп чыгууну колдоп, «Электрондук өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары» маалымат системасын иштеп чыгууга жардам берди.