Чакан гранттык долбоорлорду ишке ашырууга

Гранттык сунуштарды берүүгө өтүнмө

2026-ж., 20-January
A group of women engaged in discussion at a round table in a bright setting.
Сүрөт: БУУӨП Кыргыз Республикасындагы

БУУӨП Европа бирлиги тарабынан каржылануучу «Борбордук Азиядагы уран калдык сактагычтары менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүүгө кызыкдар болгон тараптарды тартуу. Фаза III» долбоорун ишке ашыруунун алкагында Мин-Куш, Майлуу-Суу жана Кызыл-Жар максаттуу коомдоштуктарында иштешкен бейөкмөт уюмдардын (БӨУ) арасында конкурс жарыялайт.  

Чакан гранттык долбоорлорду ишке ашыруунун максаты – уран сактагычтардын (мурдагы уран объектилери) пилоттук коомдоштуктарынын жашоо шартынын социалдык-экономикалык жана экологиялык аспектилерине терс таасирин төмөндөтүү.  

Өтүнмөлөр иштин төмөнкү чөйрөлөрүндө иш-чараларды өткөрүү боюнча иш тажрыйбалары бар БӨУлардан кабыл алынат: 

  • айлана-чөйрөнү коргоо (жайыттарды башкаруу, жердин арыкташына каршы күрөшүү, изилдөөлөрдү жүргүзүү ж.б.); 

  • коомдоштуктун инфра түзүмүн өнүктүрүү (инфратүзүмдүк же социалдык объектилерде оӊдоо-калыбына келтирүү иштери, мисалы мектептердин, бала бакчалардын, жергиликтүү ооруканалардын, электр линияларынын, ичүүчү же сугат суу жабдууларынын тутумдарынын ж.б.)  

  • саламаттыкты сактоо (медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу, персоналды окутуу, изилдөөлөрдү жүргүзүү ж.б.); 

  • коомдоштукту экономикалык өнүктүрүү (жумушчу орундарын түзүү, сооданы илгерилетүү ж.б.) 

  • социалдык коргоо (мисалы, өзгөчө керектөөлөрү менен калктын тобу, аялдар ж.б.); 

  • түпкүлүктүү радиологиялык тобокелдиктер жөнүндө маалымат берүү жана маалымат менен камсыз болушун жогорулатуу; 

  • өзгөчө кырдаалдардын жаралыш коркунучун төмөндөтүү.

Гранттын суммасы: Чакан грант алууга өтүнмөнүн жалпы суммасы 15, 000.00 (он беш миӊ АКШ доллары) АКШ долларынан ашпоосу керек. Өтүнмө ээсинин (БӨУ) салымы гранттын суммасынын 20%дан кем эмесин түзүшү зарыл, өтүнмө ээси тарабынан салым накталай же натууралай формада (мисалы, объектини, гранттык чакан долбоорлорду ишке ашыруу үчүн керектүү техникалык ресурстарды берүү, өтүнмө ээси же катышуучу тарабынан физикалык ишти аткаруу ж.б.) туюнтулушу мүмкүн.  

Узактыгы: чакан гранттык долбоорлордун ишке ашыруу мөөнөтү гранттык макулдашууга кол 
тамгаларды койгон датадан тартып, 9 айдан ашык эмес.  

Эскертүү: БУУӨП долбоорунун каражаттарынын эсебинен товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкү түрлөрүнүн каржылоого багытталган чыгым статьялары менен өтүнмөлөр 
каралбайт: 

  • Эмгек акыны төлөө, эксперттердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик башкаруу органдарынын кызматкерлеринин консультациялык кызмат көрсөтүүлөрүн төлөөнү; 

  • Түрдүү мүнөздөгү административдик чыгымдарды; 

  • Тамак-аш азыктарын сатып алууну; 

  • Кеӊсе жабдууларын сатып алууну; 

  • КР мыйзамдары менен тыюу салынган ишти.

Белгиленген мөөнөттө төмөнкү документтерди берүү керек:   
1. Өтүнмө формасы (Тиркеме 2); 
2. Мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү; 
3. Уставдык (негиздөөчү) документтер пакетинин көчүрмөсү; 
4. Салык жана жыйымдар боюнча карызы жоктугу тууралуу маалымкат; 
5. Эсептик эсеп реквизиттери көрсөтүлгөн банктан маалымкат; 
6. Жетекчинин жана башка негизги эксперттердин резюмеси; 
7. Ишке ашыруу боюнча календардык план (Тиркеме №3); 
8. Долбоордун бюджети (Тиркеме №4); 
9. Зарыл болгон учурда – уюмдун иш тажрыйбасын тастыктаган документтер; 
10. Коомдоштук менен макулдукту тастыктоочу документтер – пилоттук коомдоштуктун конкреттүү социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү маселелери боюнча так түшүндүрүүлөрү менен 
жергиликтүү бийлик органдары же айыл Өкмөтү менен (жергиликитүү өнүктүрү комитети же коомдоштук чогулушунун протоколу) тандоонун биринчи этабы;
11. Эгерде сатып алуулар каралган болсо, алынуучу жабдуулар боюнча жок дегенде 1 прайс-лист; 
12. Бардык файлдар PDF форматында, сканерленген же так сүрөт түрүндө кабыл алынат.

Конкурстун катышуучулары темада “Uranium_Grants Proposals_2026” деген билдирүүнү көрсөтүү 
менен grants.env.kg@undp.org электрондук почтасына документтер пакетин 2026-жылдын 13-
февралда саат 10:00гө чейин жиберүү керек.

Бул конкурс боюнча бардык суроолдор/өтүнмөлөр почта менен grants.env.kg@undp.org 
дарегине жиберилиши керек. Өтүнмөлөрдүн конкурс менен байланышпаган башка формалары 
каралбайт.

Толук эмес көлөмдө же белгиленген мөөнөттөн кеч берилген документтер, каралбайт. БУУнун өнүктүрүү программасы ал боюнча БӨУ конкрустан өтпөгөн себептерди түшүндүрүп бербөө укугун өзүнө калтырат.