Кыргызстан климаттык туруктуулукту жогорулатуу жана эрте эскертүү системаларын өнүктүрүү багытында чараларды күчөтүүдө
2025-ж., 11-April

Бишкек, 11-апрель 2025 – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу координаторунун кеңсесинин, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП), Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жана башка эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен климаттык өзгөрүүлөрдөн улам келип чыккан табигый кырсыктарды мониторингдөө жана алдын ала божомолдоо боюнча Эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрдү.
Акыркы жылдары климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепеттери күч алып — региондо табигый кырсыктардын жыштыгы, интенсивдүүлүгү жана алдын ала божомолдоонун татаалдыгы өсүүдө. Жалгыз 2024-жылы эле Кыргызстанда рекорддук сандагы сел катталды – бул акыркы 30 жылдагы эң жогорку көрсөткүч болуп, адамдарга жана инфраструктурага олуттуу зыян алып келди.
Мындай окуялардын санынын көбөйүшү климаттын өзгөрүшүнө, экологиянын бузулушуна жана тез урбанизацияга түздөн-түз байланыштуу. Ушуга байланыштуу мониторинг, болжолдоо жана эрте эскертүү системаларын өнүктүрүү – тобокелдиктерди азайтуунун негизги куралдарынын бири болуп саналат.

Борбордук Азиядан, Европадан жана башка өлкөлөрдөн келген мамлекеттик органдардын, илимий чөйрөлөрдүн, эл аралык уюмдардын жана жеке сектордун өкүлдөрүнөн турган 100дөн ашуун алдыңкы илимпоздору, практиктерди жана саясатчыларды бириктирген конференция регионалдык кызматташтыкты бекемдөөгө жана көп факторлуу мониторинг менен эрте эскертүү системаларын илгерилетүүгө багытталган жогорку деңгээлдеги кызматташтык платформасы катары кызмат өтөдү.
«Бүгүнкү иш-чара тоолуу аймактардын климаттык тобокелдиктердин күчөп бара жатканын дагы бир жолу баса белгилейт. Мөңгүлөрдүн эриши, жаан-чачындын мүнөзүнүн өзгөрүшү жана арбын сел ыкчам жана координацияланган аракеттерди талап кылууда», — деп белгиледи өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев.
Иш-чаранын жүрүшүндө талкууланган темаларда алдыңкы технологиялар көрсөтүлдү — ЖИ негизиндеги аналитикадан тартып, спутниктик байкоо системалары жана гидрометеорологиялык моделдерге чейин, бул технологиялар коомдун божомолдоо жөндөмдүүлүктөрүн жана даярдыгын жакшыртуу максатында иштелип чыккан. Словения, Өзбекстан, Грузия, Казакстан жана Кытайдан келген эксперттер алдыңкы тажрыйбалары жана ийгиликтүү окуялары менен бөлүшүп, табигый кырсыктарды башкарууда чек ара аралык кызматташтыктын маанисин баса белгилешти.
Конференциянын жыйынтыгында Резолюция кабыл алынды, анда табигый кырсыктардан эрте эскертүү системасынын көп деңгээлдүү стратегиясын иштеп чыгуу, ЖИ негизиндеги платформаларды, маалыматтарды жана регионалдык маалыматтарды эрте эскертүү системаларына интеграциялоо, туруктуу каржылоо механизмдерин иштеп чыгуу жана регион боюнча табигый кырсыктарга туруктуулукту күчөтүү үчүн эл аралык каржы институттарын тартуу боюнча биргелешкен милдеттенмелер баяндалды.
БУУӨП активдүү түрдө бул максаттарга жетүүгө көмөк көрсөтүүдө. 2026-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасын ишке ашыруу алкагында, БУУӨП өкмөттүн табигый кырсыктардан тобокелдиктерди азайтуу жана башкаруу, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жана туруктуулукту күчөтүү багытындагы аракеттерин колдоодо. Бул ишке гидрометеорологиялык кызматты модернизациялоо, эрте эскертүү системалары үчүн санариптик куралдарды киргизүү жана жергиликтүү деңгээлде тобокелдиктерди эске алып чечимдер кабыл алууга багытталган мүмкүнчүлүктөрдү арттыруу кирет. Айрыкча, кооптуу аймактарда жамааттарды даярдоо жана тобокелдиктер жөнүндө маалыматка жетүү мүмкүнчүлүктөрүн камсыздоо боюнча пилоттук демилгелерге өзгөчө көңүл бурулууда.
«Биз Жапониянын, Корея Республикасынын жана Европа Биримдигинин өкмөттөрүнө ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдиребиз Алардын салымы менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана БУУӨП табигый кырсыктарды мониторингдөө жана божомолдоо системасын модернизациялоодо, өрт жана кар көчкүдөн куткаруу инфраструктурасын чыңдоого, ошондой эле жергиликтүү деңгээлде заманбап технологияларга жеткиликтүүлүктү кеңейтүүдө ийгиликтүү иш алып барууда. Бул өлкө боюнча жамааттардын коопсуздугу жана туруктуулугуна кошулган өзгөчө салым», — деп белгиледи БУУӨПтүн Кыргызстанданы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева.

Александра Соловьева, БУУӨПтүн Кыргызстанданы Туруктуу өкүлү
Иш-чара эл аралык тажрыйбаны жергиликтүү шарттарга адаптациялоо жана калктын аярлуу катмарын камтыган инклюзивдүү алдын ала эскертүү системаларын түзүү боюнча кадамдарды талкулоо менен аяктады.
***
ЖМК үчүн байланыштар:
Айнагуль Абдрахманова, БУУӨПтүн коммуникациялар боюнча адиси ainagul.abdrakhmanova@undp.org