Кыргызстан ишкердик шарттарын жана жеке ишкерчиликти жакшыртуунун үстүндө иштеп жатат

2022-ж., 21-September

Бишкек, Кыргызстан, 20-сентябрь, 2022-жыл – Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун катышуусунда ишкерлердин жыйыны болуп, анда өлкөдө бизнес климатын жакшыртуу жана жумуш орундарын түзүүгө, бизнес чөйрөнү өнүктүрүүгө жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чараларды жакшыртуу аркылуу туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылууга багытталган акыркы жылдардагы реформалардын жыйынтыгы талкууланды.

Өлкөнүн жеке сектору жана ишкерлери татыктуу эмгек жана экономикалык өсүш үчүн Туруктуу Өнүгүү Максатына (ТӨМ8) жетүү үчүн активдүү оюнчулар болуп саналат. Микро, чакан жана орто ишканалар алга умтулган, инклюзивдик жана туруктуу экономикалык өнүгүүгө жана толук, жемиштүү иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүдө маанилүү ролду ойнойт. Алар көпчүлүк өлкөлөрдө жеке сектордун ишканаларынын көпчүлүгүн түзөт. Кыргызстан да алардын ичине кирет.  Микро, чакан жана орто ишканалар калктын эң жакыр катмары үчүн, өзгөчө айыл жеринде кирешенин негизги булагы болуп саналат жана жумушчу күчүнүн олуттуу бөлүгүн аялуу секторлордо иштетет. Ошондуктан КР Экономика министрлиги Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы Өнүктүрүү программасы менен биргеликте ТӨМ 8ге жетүү үчүн биргелешип иш алып барууда.

Иш-чара Кыргызстандагы Ишкерлер күнүнө карата өткөрүлүп, ага байланыштуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Акылбек Жапаров ишкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын республиканын экономикасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымын белгиледи.  «Кыргызстандын Өкмөтү өлкөдөгү бизнес-чөйрөнү жакшыртуу жана жеке сектордун ишканаларынын, атап айтканда, микро, чакан жана орто ишканалардын өсүшүн камсыз кылууга көмөктөшүүчү шарттарды түзүүнүн үстүндө иштеп жатат. Биздин ишканалардын ишмердүүлүгү экономиканын ар кандай тармактарында жүргүзүлүп жатканына карабастан, дал ушул сапаттар бизди ишкерлердин ынтымагына бириктирип, Кыргызстан үчүн ушундай оор мезгилде аман калууга мүмкүндүк берет. Биздин ички рухубуздун жана жаңы билимдерди жана технологияларды өздөштүрүүгө болгон каалообуздун аркасында, жаңы чакырыктарга жана тобокелчиликтерге карабастан, биздин ишкер көптөгөн өлкөлөрдүн ишкерлерине үлгү болот деп ишенем», - деди Жапаров.

Ошондой эле КР Экономика жана коммерция министри Амангелдиев ишкерлерди жетишкендиктери менен куттуктап, кандай гана масштабдагы ишкердик болбосун экономиканын негизги кыймылдаткычы болуп саналаарын жана КР Өкмөтүнүн ишмердүүлүгүнүн маанилүү багыттарынын бири экендигин белгиледи. Анын айтымында, бүгүнкү жолугушуу ишкерлерге – жигердүү жана демилгелүү, актвидүү турмуштук позицияга ээ адамдарга болгон сый-урмат. Бизнес менен мамлекет Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүдө толук кандуу өнөктөш экени баса белгиленди.  Ар бир бизнес демилге өлкө үчүн маанилүү жана эч качан мамлекеттин көз жаздымында калбайт. Мындан тышкары, иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Кыргыз Республикасындагы ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү маселеси боюнча баяндама жасады.

Иш-чаранын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Жапаров ишкерлерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин сыйлыктары менен сыйлады, ал эми Экономика министри А. Амангелдиев Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлигинин «Жылдын мыкты ишкери», «Жылдын мыкты ишкер айымы», «Мыкты жаш ишкер» номинациялары боюнча ведомстволук сыйлыктарын тапшырды, ошондой эле алар Ардак грамоталар жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланган (тизме тиркелген)

Өлкө ишкерлеринин бүгүнкү жолугушуусу КР Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан Россия Федерациясы тарабынан каржыланган БУУӨПтүнд «КМШ аймагында туруктуу өнүгүүнү каржылоо потенциалын жогорулатуу» долбоорунун техникалык колдоосу менен уюштурулду.