Кыргызстан дүйнөдөгү эң ири ITB Berlin 2024 туристтик көргөзмөсүнө ийгиликтүү катышты

2024-ж., 14-March

 

5-7-мартында Кыргызстандын туроператорлорунун жана туризм тармагынын өкүлдөрүнүн делегациясы дүйнөлүк туризм индустриясындагы эң ири ITB Berlin 2024 иш-чарасына катышты. Дүйнөнүн 170ден ашык өлкөсүнөн 11 миңден ашык туризм тармагынын өкүлдөрүн чогулткан бул иш-чарага Кыргызстандын атынан Кыргыз Республикасынын Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду , Кыргыз Республикасынын Туроператорлор ассоциациясы (КАТО), ошондой эле туристтик бизнестин өкүлдөрү жана аймактардагы туристтик дестинациялар катышты.

ITB Berlin – бул алдыңкы мейманканаларды, туроператорлорду , авиакомпанияларды жана рынокдун башка катышуучуларын бириктирип, бүтүндөй туризм индустриясы үчүн маанилүү окуя болуп калууда . Көргөзмө жыл сайын тармактык өнөктөштөрдүн ортосунда ишкердик байланыштарды түзүү аянтчасына айланып, ошондой эле келе жаткан туристтик сезонго туристтик тенденцияларды калыптандырганы салым кошот. 

БУУнун өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева мындай деп баса белгиледи: «Туризм өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк болуп саналат жана аларга мурда пайдаланылбай келген потенциалды колдонууга мүмкүндүк берет. Туризм сектору жергиликтүү өнүгүүгө, калктын аялуу катмарын экономикалык өнүгүүгө кошууга жана аң-сезимдүү мамиле менен жаратылыш чөйрөсүн, маданий баалуулуктарды жана салттарды сактоого салым кошот. Ошондуктан, БУУнун өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өз ишинде туризм секторуна жана анын негизги катышуучуларына ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү, алардын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну улантууда». 

Быйылкы көргөзмө #ITBTOGETHER - #IBTБИРГЕ деген девиз менен өтүп, бир кыйла инклюзивдик жана туруктуу туризм индустриясын түзүү үчүн инновациялык чечимдерди киргизүү боюнча дүйнө өлкөлөрүнүн аракеттерин бириктирүүнү символдоштурду. Иш-чарада бизнес, илим жана саясаттын алдыңкы спикерлеринин катышуусунда 17 тематикалык багытта учурдагы жана келечектеги өнөр жай көйгөйлөрү боюнча талкуулар болду.

Кыргыз Республикасынын Туроператорлор ассоциациясынын аткаруучу директору Нурбек Сапаров белгилегендей: «Кыргызстандын Берлинде катышуусу абдан маанилүү. Кыргызстандын уникалдуу туристтик потенциалын жана ар кандай өлкөлөрдүн туроператорлору менен ишкердик байланыштарды түзүүгө, ошондой эле туристтерди тартуу географиясын кеңейтүүгө бизге мүмкүнчүлүк берет».

Өлкөнүн туристтик потенциалын чет өлкөлөрдө таанытуу жана биздин өлкөгө туристтердин агымын көбөйтүү максатында Кыргызстандын делегациясы чет элдик өнөктөштөр менен бир катар жолугушууларды жана ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кызматташтыкты түзүү жана кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

ЖЧК ЭкоNomad директору Нуралы Турганбаев ITBге катышуудан алган таасири менен бөлүштү. Ал белгилегендей, Берлинде болуп өткөн туристик көрсөтмө Франция, Германия, Италия, Иордания, Монголия, Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан жана Австриянын туроператорлору менен жемиштүү жолугушууларга жардам, кызматташуу боюнча келишимдер түзүлүп, Борбор Азия өлкөлөрүнө комбинацияланган турларды түзүүгө негиз түзүлдү..

ITB Berlin 2024 көргөзмөсүнө Кыргызстандан жалпысынан 16 туроператор жана төрт аймактык дестинация катышты . Беш туроператордун катышуусу БУУнун өнүктүрүү программасынын «Борбордук Азиядагы соодага көмөк көрсөтүү” долбоору алкагында Финляндия өкмөтү тарабынан каржыланган. 

***

БУУӨП Финляндия өкмөтү тарабынан каржыланган « Борбордук Азияда соодага көмөк көрсөтүү» аймактык долбоорунун (мындан ары - долбоор) бешинчи фазасын ишке ашырууда. Долбоор Борбордук Азия өлкөлөрүнө (Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан) жашыл нарк чынжырларын илгерилетүү жана үч өлкөнүн экономикасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу инклюзивдик жана туруктуу өсүүгө жетишүүгө колдоо көрсөтүүгө багытталган. Долбоор экономиканы диверсификациялоо жана рыноктун жана керектөөчүлөрдүн жаңы тенденцияларына ыңгайлашуу аркылуу кыйла туруктуу, коопсуз жана гендердик сезимтал экономикалык структураларды түзүүгө көмөк көрсөтөт.