Кыргызстанда санариптик трансформацияны илгерилетүү: туруктуу өнүгүү үчүн биргелешкен аракеттер

2023-жылдын 13-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) Санариптик өнүгүү министрлиги менен биргеликте Кыргызстандын санариптик даярдыгын баалоонун жыйынтыктарынын жана санариптештирүүнү тездетүү боюнча негизги сунуштамалары боюнча презентация откорду.

2024-ж., 16-December
Alexandra Solovieva delivers opening remark at the validation workshop. Next to her Minister of Digital Development sits.
Айнагуль Абдрахманова / БУУӨП

2023-жылдын 13-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) Санариптик өнүгүү министрлиги менен биргеликте Кыргызстандын санариптик даярдыгын баалоонун жыйынтыктарынын жана санариптештирүүнү тездетүү боюнча негизги сунуштамалары боюнча презентация откорду.

"Санариптик даярдыкты баалоо – бул учурдагы абалыбызды баалоого, мүмкүнчүлүктөрдүн жана коркунучтардын тез өзгөрүп жаткан чөйрөсүн түшүнүүгө жана ага жооп берүүгө, ырааттуу көз карашты иштеп чыгууга мүмкүндүк берген жакшы курал. Жүргүзүлгөн баалоо Кыргыз Республикасында санариптик трансформацияны тездетүүгө да белгилүү салым кошот деп ишенем", - Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева.

Санариптештирүү улуттук өнүгүүнүн  приоритети катары белгиленген. Буга ылайык, өлкөбүз ар кандай тармактарда, анын ичинде санариптик мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдө, финансылык технологияларды жана телекоммуникацияларды  жайылтууда олуттуу прогресске жетишти. Кыргызстан санариптик жөнгө салуунун пионери катары – бардык санариптик ченемдерди жалпы укуктук талаага киргизүү үчүн иштелип чыккан санарип кодекси менен иш алып барат.

COVID-19 пандемиясы менен санаритиптик ландшафтынын кошумча тездеген өзгөрүүлөрүнө жооп катары Кыргыз Республикасы санариптештирүүнүн кош мүнөзүн тааныйт жана социалдык-экономикалык прогресстин катализатору катары да, учурдагы теңсиздикти тереңдетүүчү кубулуш катары карайт.

БУУӨП  2022-2025-жылдарга карата санариптик стратегиясы баса белгилегендей, Санариптик технологиялар туруктуу өнүгүүнүн маанилүү кыймылдаткыч күчү болуп саналат. "Жетишкен ийгиликтерге карабастан, санариптик технологиялар экономикалык өнүгүүнү гана эмес, элдин жана коомдун бакубаттуулугунуна жана туруктуу өнүгүүнүн максаттарына (ТӨМ) жетишүүсүнүнө өбөлгө болушу зарыл.  Ошол эле убакытта, эч кимдин артта калбашын камсыз кылуу үчүн бардыгын камтыган жалпы өкмөттүк жана жалпы социалдык ыкмаларга муктаждык бар”, -деди Александра Соловьева, Кыргыз Республикасындагы БУУӨПтүн туруктуу өкүлү.

2019-2023-жылдарга "Санариптик Кыргызстан" (Санарип Кыргызстан) концепциясын ишке ашыруу аяктоо алдында тургандыктан, 2023-жыл улуттук санариптик трансформациянын болочок траекториясын аныктоо үчүн чон мааниге ээ болду. Прогрессти баалоо жана келечектеги башталыштарга негиз салуу үчүн Санариптик өнүгүү министрлиги Кыргызстандагы БУУӨП жана БУУӨПтүн Башкы санариптик башкармалыгы менен биргеликте 2023-жылдын башында санариптик даярдыкты баалоо процессин демилгелеген.

Бул баалоо сандык жана сапаттык маалыматтарга негизделет жана ар кандай кызыкдар тараптардын көз караштарын бириктирет.

Санариптик даярдыкты баалоонун жыйынтыктарына ылайык, Кыргызстан санариптик инструменттерди системалуу колдонгон өлкө катары каралат. Анын ичинде өкмөттүн да, анын чегинен тышкары да ишенимдүү санариптик негиздерди жана катализаторлорду түзүүдө олуттуу прогресс белгиленет. Санариптик даярдыкты баалоо (СДБ) Кыргызстан үчүн беш негизги бөлүк боюнча сунуштарды камтыйт: инфраструктура, башкаруу, жөнгө салуу, ишкердик жана адамдар.

Инфраструктура. Учурдагы санариптик демилгелер менен айкалыштырып, СДБ Кыргызстанга калкты интернет менен камсыз кылууну өркүндөтүүнү улантууну сунуштайт, анын ичинде «акыркы кадам» туташуусун камсыз кылуу боюнча максаттуу саясатты ишке ашыруу, кең тилкелүү байланыштын Улуттук стратегиясын иштеп чыгуу жана 5 G үчүн сыноо такталары жана тажрыйбалары боюнча программаны түзүү. Байланышты үзгүлтүксүз жакшыртуу максатында туруктуу мониторинг жана баалоо процессин калыптандыруу үчүн күч-аракет жумшоо зарыл.

Башкаруу. Электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн маанисин эске алуу менен Кыргызстанга жарандар санариптик форматтагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдаланып жана санариптик келечекке ар тараптуу интеграцияланышы үчүн системалуу мамилелерди киргизүү аркылуу жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу жана аларды окутуу сунушталат. Мындан тышкары, колдонуучу менен кайтарым байланыштын ишенимдүү механизмдерин түзүү муктаждыктарга негизделген жогорку сапаттагы мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө олуттуу салым кошушу керек. Мындан аркы иштин дагы бир маанилүү багыты мамлекеттик башкарууну жакшыртуу үчүн мамлекеттик кызматкерлердин санариптик көндүмдөрүн жогорулатуу болуп саналат. Санариптик демилгелерди координациялоону жана көзөмөлдү жакшыртуу үчүн санариптик долбоорду башкаруу тутумун, ошондой эле мамлекеттик аналитиканы көзөмөлдөө тактасын түзүүгө болот. Кыргызстанга жасалма интеллект (ЖИ)  жаатында улуттук стратегияны жана жол картасын түзүү жолу менен жасалма ЖИ колдонуу тажрыйбасын кеңейтүү багытында иш алып баруу, ошондой эле "Акылдуу шаар"стратегиясына Бириккен бүтүндөй саясий мамилелердин жардамы менен урбанизациянын өсүп жаткан темпине байланыштуу чакырыктарга жооп берүү сунушталат.

Жөнгө салуу. Кабыл алынган санариптик мыйзамдарды жана ченемдик актыларды натыйжалуу ишке ашырууга тынымсыз көңүл буруу менен катар Кыргызстан, мисалы, жөнгө салуучу кумкоргондор сыяктуу демилгелердин жардамы менен инновацияларга дем берүү үчүн келечектүү жөнгө салуучу мүмкүнчүлүктөрдү изилдөөнү улантуусу зарыл. Ачык маалыматтар боюнча иш-аракеттер планын ишке ашыруу, "ачык Өкмөттүн өнөктөштүгү" алкагында кызматташтыкты бекемдөө жана ачык маалыматтар жөнүндө мыйзамды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маалыматтарга негизделген саясатты башкарууну жана мамилени илгерилетүү үчүн негизги приоритеттердин бири болуп саналат. Комплекстүү киберкоопсуздук саясаты жана жөнгө салуу инклюзивдүү жана адилеттүү санариптик трансформацияга жетүү үчүн дагы бир артыкчылыктуу иш болуп саналат. Электрондук сооданы, атап айтканда, "2023-2026-жылдарга Кыргызстанда электрондук сооданы колдоо жана өнүктүрүү боюнча программанын" алкагында өнүктүрүүгө көмөктөшүү прогресси саясатты ишке ашыруунун ийкемдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн мониторинг жана баалоо практикасын киргизүү менен күчөтүлүшү керек.

Ишкердик. Стартаптардын экотутумун өнүктүрүү үчүн Кыргызстанга диаспораларды тартуу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү изилдөө сунушталат. Санариптик трансформациянын диагностикасы жеке сектордун санариптик муктаждыктарын жакшыраак канааттандыруу, өсүү зоналарын аныктоо жана окутуу максатында ири технологиялык компаниялар менен өнөктөштүктү бекемдөө үчүн зарыл. Өлкө ошондой эле глобалдык платформаларды ыңгайлаштыруу жана конфигурациялоо мүмкүнчүлүктөрү бар жергиликтүү ишканаларга жеткиликтүү кылуу үчүн иштей алат, ошондой эле адистештирилген колдоо аркылуу чет өлкөдөн каржылоону тарткан ишкерлерге колдоо көрсөтө алат. Туруктуулукка көмөктөшүү үчүн Өкмөт рынокту инновациялык жана туруктуу өнүмдөрдү түзүүгө үндөп, активдүү мамиле жасашы керек.

Адамдар. Санариптик көндүмдөрдүн тартыштыгын улуттук деңгээлде санариптик трансформациялоонун негизги чакырыктарынын бири катары таануу менен Кыргызстан калктын ар кандай топторунун квалификациясын жогорулатуудагы керектөөлөрүн системалуу түрдө канааттандыруу үчүн санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү стратегиясын кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн караштыра алат. Санариптик ажырымды жоюу жана инклюзивдүүлүктү жайылтуу үчүн, шаар жерлеринен тышкары санариптик көндүмдөрдү окутуунун жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана тиешелүү кызматтар менен камтылбаган аймактарга көңүл буруу маанилүү. Компьютерлерге жетүүнү жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрү, мисалы, атайын субсидиялар, өнөктөштүк куруу жана кеңири демилгелер, мисалы, эң муктаж болгон аймактарга жамааттык компьютердик борборлорду жайылтуу аркылуу изилдениши керек. Санариптик контенттин актуалдуулугун жогорулатуу жана жергиликтүү контекстке ылайык санариптик продуктуларды жана кызматтарды локалдаштыруу жарандардын санариптик чечимдерди жемиштүү пайдаланууга мотивациясын жогорулатуу үчүн иштин маанилүү багыттары болуп саналат. Санариптик көндүмдөргө ээ болгон жаштардын иш менен камсыз болушу көбүнчө жумуш орундарын түзүү аркылуу мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн динамикасы менен аныкталат, ал эми МКТ секторунда аялдардын өкүлчүлүгүн кеңейтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан аракеттер аялдардын талантынын потенциалын ишке ашырууга жана өндүрүмдүүлүктүн жогорулашына алып келет. Мамлекеттик сектор ошондой эле ар бир адам үчүн санариптик дивиденддерди кепилдөө үчүн жумуш ордунда инклюзивдүүлүктү камсыз кылуу үчүн жеке сектор менен диалогду жана кызматташтыкты өнүктүрүшү керек.

Кыргызстан санариптик трансформацияны жактоону улантууда жана бул сунуштамалар өкмөттүн, жеке сектордун жана кеңири коомчулуктун катышуусу менен кызматташууга бирдиктүү мамиленин маанилүүлүгүн баса белгилейт. Эч кимди артта калтырбай турган санариптик келечекти түзүү үчүн мындан аркы прогрессти жана кызматташууну чыдамсыздык менен күтөбүз.