Кыргыз экспорт борбору: дүйнөлүк ийгиликке сиздин жол көрсөткүчүңүз

2024-ж., 7-May

Урмат Такиров, Кыргызстандын экспорттук борборунун директору

БУУӨП / Кыргызстан

Экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору ишке кирди

Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасы (БУУӨП) Кыргызстанда бизнести колдоо институттарына жана жеке секторго дүйнөлүк рыноктордогу мүмкүнчүлүктөргө, эл аралык рыноктордо ийгиликтүү иш алып баруу үчүн зарыл болгон билимдерге жана инструменттерге жетүүнү камсыз кылуу аркылуу экспортту өнүктүрүүнү жана жылдырууну колдойт. 

Кыргыз экспорттук борборун түзүү менен Кыргыз Республикасы ИДПнын түзүмүндө экспорттун үлүшүн көбөйтүүгө, бизнестин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана дүйнөлүк рынокто өзүнүн позициясын бекемдөөгө багытталган экономикалык өнүгүүгө карай маанилүү кадам жасоодо. 

Бул маанилүү демилге, БУУӨП тарабынан да көтөрүлүп, натыйжада Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан колдоого алынып, Кыргызстандын бизнесин дүйнөлүк аренада жылдыруудагы олуттуу кадамы болуп саналат.

Өсүштүн кыймылдаткычы: Эмне үчүн экспорт маанилүү 

Экспорт өнүгүп жаткан экономиканын маанилүү багыттарынын бири. Ал киреше алып келет, бизнестин кеңейишине түрткү берет жана өлкөнүн өндүрүүчүлөрү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Динамикалуу экспорттук секторду өнүктүрүү менен Кыргызстан өзүнүн ички экономикасын гана чыңдабастан, күчтүү эл аралык өнөктөштүктү да түзө алат.

Кыргыз экспорт борбору: Экспорттук ийгиликке жетүүдөгү өнөктөшүңүз 

Кыргыз экспорт борбору кыргыз компанияларына эл аралык соода дүйнөсүндө багыт алууга жардам берет. Борбор компанияларды ийгиликке жетүү үчүн зарыл болгон инструменттер, билимдер жана көндүмдөр менен жабдуу үчүн арналган кызматтардын толук спектрин сунуштайт: 

  • Рынокту талдоо жана изилдөө: Борбор баа жеткис маалыматтарды жана потенциалдуу эл аралык рынокторду талдоо менен, товарларыңызды кайда экспорттоо керектиги жөнүндө негиздүү чечим кабыл алууга жардам берет. 
  • Рынокко чыгууну колдоо: Борбор тышкы рынокторго чыгууңуздагы жолдун ар бир кадамында жолдомо жана жардам көрсөтүү менен аны жөнөкөйлөштүрүүгө көмөк көрсөтөт. 
  • Экспорттук потенциалды өнүктүрүү: Борбор аркылуу өсүүнү жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу үчүн иштелип чыккан атайын колдоо программалары менен компанияларды толук экспорттук потенциалыңызды жогорулартууга/ кеңейтүүгө өз жардамын берет. 

БУУӨП туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыз кылууда колдоо институттарынын маанилүү ролун тааныйт. Кыргыз экспорттук борборунун түзүлүшүн жана демилгелерин колдоо менен кыргызстандык бизнес үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип, узак мөөнөттүү экономикалык туруктуу өнүгүү үчүн чөйрөнү түзүүгө жардам берип келет.

 

Мүмкүнчүлүктөргө жол ачуу

Борбор компанияларга соода миссияларына жана эл аралык көргөзмөлөргө катышууга жардам берип, өз продукцияларын дүйнөлүк аудиторияга көрсөтүү жана пайдалуу өнөктөштүк мамилелерди түзүү үчүн аянтча түзүүгө жардам берет. 

Кыргызстандын экспорттук борборунун директору Урмат Такиров уюмдун эң мыкты эл аралык тажрыйбага берилгендигин баса белгиледи: «Биз Кыргызстанда экспортко багытталган компаниялардын өнүгүшүндө эң жакшы натыйжаларды камсыз кылуу үчүн эл аралык бизнесте кабыл алынган мыкты тажрыйбаларды жана ыкмаларды колдонууга умтулабыз». 

Кыргызстандын Экспорт борбору сизге экспорттук кыялдарыңызды ишке ашыруу үчүн керектүү инструменттерди жана өз колдоосун көрсөтүүгө даяр. Өнүккөн жана дүйнөнүн ар тарабындагы  өлкөлөр менен байланышкан Кыргызстандын саякатына кошулуңуз!

***

БУУнун Өнүктүрүү программасы Финляндия Өкмөтү тарабынан каржыланган «Борбордук Азияда соодага көмөк көрсөтүү» аймактык долбоорунун (мындан ары - долбоор) бешинчи фазасын ишке ашырууда. Долбоор жашыл нарк чынжырларын илгерилетүү жана алардын экономикаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу инклюзивдик жана туруктуу өсүүгө жетишүүдө Борбордук Азия өлкөлөрүнө колдоо көрсөтүүгө багытталган. Долбоор экономиканы диверсификациялоо жана рыноктун жана керектөөчүлөрдүн жаңы тенденцияларына ыңгайлашуу аркылуу кыйла туруктуу, коопсуз жана гендердик сезимтал экономикалык структураларды түзүүгө көмөк көрсөтөт.