БУУӨП табигый балдын нарк чынжырын бекемдөөнү улантууда

2024-ж., 2-May

 

Бишкек, 03 май 2024 – Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү программасы «Окутуу жана консалтинг борбору» коомдук фонду (TES-Center) менен биргеликте Финляндия өкмөтү тарабынан каржыланган «Борбордук Азияда Соодага көмөк көрсөтүү» долбоорунун алкагында табигый балдын кошумча нарк чынжырын (КНЧ) бекемдөө демилгесин баштады. Долбоор өлкөнүн максаттуу аймактарында – Ош, Нарын жана Ысык-Көл облустарында бал КНЧнын негизги катышуучуларына колдоо көрсөтүүнү улантат. Долбоор бал өндүрүүнү жана сатууну көбөйтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, тармактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана анын экспорттук потенциалын бекемдөөгө багытталган.

Кыргызстандын табигый балды өндүрүү жана экспорттоо боюнча олуттуу потенциалы бар. Бул тармакты өнүктүрүү экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүдө жана региондордо өндүрүштү жана кайра иштетүүнү стимулдаштырууда маанилүү роль ойной алат. Бирок бул үчүн координацияланган биргелешкен аракеттер керек.

Кыргызстандагы БУУӨП туруктуу жана инклюзивдик экономикалык өсүшкө өзгөчө көңүл буруп, экологиялык жактан таза жана жогорку кошумча наркты камтыган азыктарына, ошондой эле балдын нарк чынжырынын катышуучуларынын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө көңүл бурат.

«Биз жашыл экспортко жана жаңы жашыл жумуш орундарын түзүүгө түрткү берүүчү инновациялык жана ресурсту үнөмдөөчү жашыл технологияларды киргизүүнү эске алуу менен балчыларды алардын өндүрүмдүүлүгүн жана табигый балдын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууда колдойбуз. Программа ошондой эле чакан фермерлерди да кошумча нарк түзүү процессине интеграциялоого багытталган», - деп баса белгиледи БУУӨПтүн “Соодага көмөк көрсөтүү” долбоорунун координатору Айсулу Мамбетказиева.

Долбоор институционалдык жана жергиликтүү деңгээлдеги өнүгүүгө таасирин күчөтүү үчүн комплекстүү мамилени колдонот. Бал КНЧсын ар кандай катышуучуларына, анын ичинде балчыларга, экспорттоочу компанияларга, тейлөө операторлоруна жана жергиликтүү бийликтерге колдоо көрсөтүлөт. Өзгөчө көңүл аялдарды жана майыптыгы бар адамдардын тартууга, ошондой эле экологиялык туруктуулукту секторго бурат.Балчылыкка аялдардын катышуусунун төмөн деңгээли экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүк болуп саналат. Долбоордун иш-чаралары гендердик тоскоолдуктарды жоюу жана сектордогу гендердик сезимталдыкты жогорулатуу боюнча аракеттерди камтыйт.

Долбоордун алкагында кеминде 120 жумушчу орун түзүлөт, анын ичинде айыл жериндеги аялдар үчүн дагы. Долбоор ошондой эле балды кайра иштетүүчү жана экспорттоочу ишканалардын, ошондой эле тейлөө операторлорунун потенциалын жакшыртат. Ошондой эле долбоордун алкагында КНЧнын катышуучуларын онлайн сайттар жана электрондук соода платформалары менен иштөө көндүмдөрүн үйрөтүү пландаштырылууда.

ММКлар үчүн: Айнагүл Абдрахманова, БУУӨПтүн коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы,, ainagul.abdrakhmanova@undp.org

***

БУУнун Өнүктүрүү программасы Финляндия Өкмөтү тарабынан каржыланган «Борбордук Азияда Соодага көмөк көрсөтүү» регионалдык долбоорунун (мындан ары - долбоор) бешинчи фазасын ишке ашырууда. Долбоор жашыл нарк чынжырларын илгерилетүү жана алардын экономикаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу инклюзивдик жана туруктуу өсүүгө жетишүүдө Борбордук Азия өлкөлөрүнө колдоо көрсөтүүгө багытталган. Долбоор экономиканы диверсификациялоо жана рыноктун жана керектөөчүлөрдүн жаңы тенденцияларына ыңгайлашуу аркылуу кыйла туруктуу, коопсуз жана гендердик сезимтал экономикалык структураларды түзүүгө көмөк көрсөтөт.