Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү биргелешкен бизнести, туризмди жана экспортту өнүктүрүү максатында Кыргызстанга келди

2022-ж., 22-May

2022-жылдын 22-майы, Чолпон-Ата – Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы Финляндиянын Тышкы иштер министрлиги тарабынан каржыланган «Соодага көмөктөшүү» долбоорунун жыйынтыгын министрликтин мониторинг миссиясынын мүчөлөрүнө көрсөттү.

Финалдык мониторинг миссиясын Россия, Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча департаментинин башкы директору Марья Лиивала айым жана Финляндиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Соили Мекеляйнен-Буханист айым жетектейт. Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын максаты БУУӨП тарабынан жетишилген кызыктуу туризм жана кургатылган жемиштер боюнча жакшыртылган кошумча нарк чынжырларынын жыйынтыктарын көрсөтүүгө багытталган. Мониторинг миссиясынын жүрүшүндө финляндиялык делегациянын мүчөлөрү “Соодага көмөктөшүү” долбоорунун алкагында колдоо алган бенефициарлар – айыл жергесиндеги чакан жана орто ишканалар менен жолугушту.

Финляндия өкмөтү БУУнун өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы көп жылдык өнөктөшү болуп саналат. “Соодага көмөктөшүү” долбоору аркылуу алар Кыргызстандын бизнесине гана эмес, Кыргызстандын Өкмөтүнө жана сооданы колдоо институттарына да колдоо көрсөтүштү. Мисалы, Финляндиянын колдоосу менен БУУӨП өкмөткө 2017-2019-жылдарга экспортко багытталган ишканаларды каржылоо программасын иштеп чыгууга жана кабыл алууга жардам берип, бул экспортерлордун каржылоого жетүүсүн жеңилдеткен жана аларга 18 000 000 доллардан ашык каражат берген. Кошумчалай кетсек, кызмат көрсөтүүлөрдүн кыйла кеңейтилген кызмат портфели колдоого алынган, ал азыр жылдык экспорттук маалыматтык кампанияларды, эл аралык соода көргөзмөлөрүнө катышууну колдоону жана B2B жолугушууларына жана соода миссияларына жардам көрсөтүүнү камтыйт.

"Финляндиянын Тышкы иштер министрлиги тарабынан каржыланган "Соодага көмөктөшүү" долбоорунун негизги максаттарынын бири - соодага ыңгайлуу жөнгө салуучу чөйрөнү, кыргыз экспортун өнүктүрүү жана илгерилетүү үчүн улуттук өнөктөштөрдүн потенциалын жогорулатуу. Бул сапар Финляндия менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы экономикалык жана ишкердик мамилелерди өнүктүрүүгө олуттуу салым кошот, бул өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет”, - деп белгиледи Кыргыз Республикасындагы БУУӨПнын Туруктуу өкүлү Луиза Чемберлен.

"Биздин делегация долбоорлордун жүрүшүнө таң калды. Пандемиядан кийин Кыргыз Республикасындагы кызматташуубузду калыбына келтирүү маанилүү. Азыркы эл аралык кырдаал, албетте, кыйынчылыктарды жаратат, өзгөчө логистика, бирок биз дагы бизнести өнүктүрүү жана сооданы алдыга жылдыруу боюнча көптөгөн жаңы долбоорлорду жана мүмкүнчүлүктөрдү көрүп жатабыз», - деди Россия, Чыгыш Европа жана Борбордук Азия департаментинин башкы директору Марья Лиивала.

Мониторинг миссиясы кеңири дипломатиялык күн тартибинин бир бөлүгү болгон. Делегация ошондой эле өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен тегерек столго, бизнес сектордун өкүлдөрү менен бизнес-форумга катышып, Кыргыз Өкмөтүнүн өкүлдөрү менен саясий консультацияларды өткөрдү.

Кыргыз Республикасы Финляндия менен дипломатиялык мамилени 1992-жылы түзгөн. Учурда соода тармагында да мамилелер сакталып турат. Финляндия тараптын айтымында, Кыргыз Республикасындагы рынок Борбор Азия чөлкөмүндөгү эң либералдуу жана ачык болуп саналат, жөнөкөйлөштүрүлгөн салык системасы жана эл аралык деңгээлде бизнес жүргүзүүнүн жеңил жол-жоболору бар.

"Соодага көмөктөшүү" долбоору тууралуу маалымат.

Кыргызстандын чакан жана орто ишканаларына, өзгөчө элет жеринен дүйнөлүк соодага катышууга жардам берүү максатында, долбоор олуттуу экспорттук потенциалга ээ болгон үч жашыл нарк чынжырчасын аныктады: 1) туризм, 2) бал, 3) кургатылган жемиштер жана жаңгактар. Колдоо нарк чынжырынын бардык катышуучуларына – өндүрүүчүлөргө/фермерлерге, кайра иштетүүчүлөргө жана экспорттоочуларга берилет. Бул интенсивдүү потенциалды жогорулатууну, гранттарды берүүнү, өндүрүштүк жабдууларга жетүүнү жеңилдеткен механизмдерди түзүүнү, эл аралык соода жарманкелерине/көргөзмөлөргө катышууну жана бизнести далдаштыруу иш-чараларын камтыйт.

Өлкөнүн экономикалык өнүгүшүндө аялдардын маанилүү ролун моюнга алуу менен долбоордун максаттарынын бири Кыргызстандын аймактарынан келген аялдар үчүн татыктуу жумуш орундарын түзө турган аялдар жетектеген ишканаларды же бизнести түзүүгө жана/же кеңейтүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат. Долбоордун жүрүшүндө биз аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө байланыштуу ар кандай демилгелерди, анын ичинде Аялдардын ишкердик күнүн, бизнестеги аялдар үчүн насаатчылык программаларын, ошондой эле ишкер аялдар үчүн жеткиликтүү каржылоо демилгесин колдоп келебиз. Бул программалар аркылуу 10 000ден ашык аялдардын укуктары камсыздалган.