БУУнун Өнүктүрүү программасы Кыргызстанда кургатылган жемиштердин, кургатылган мөмөлөрдүн жана жаңгактын кошумча нарк чынжырын бекемдөөгө колдоо көрсөтүүнү улантууда

2024-ж., 2-March

 

Бишкек, 2024-жылдын 1-марты – БУУнун Кыргызстандагы Өнүктүрүү программасы кургатылган мөмө-жемиштердин, кургатылган мөмөлөрдүн жана жаңгактардын кошумча нарк чынжырын бекемдөө боюнча долбоорду ишке ашырууну жарыялайт. “Соодага көмөк көрсөтүү” долбоору Кыргызстандын пиллоттук аймактарында, анын ичинде Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында кургатылган мөмө-жемиштердин, кургатылган мөмөлөрдүн жана жаңгактардын кошумча нарк чынжырындагы негизги катышуучуларга колдоо көрсөтүүнү улантат жана жаңы жумуш орундарын түзүү, сектордун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана экспорттук потенциалды чыңдоо максатында иш-чараларды баштайт.

“БУУнун Өнүктүрүү программасы Кыргызстандын өкмөтүнө экономикалык туруктуулукту түзүүгө жардам берүү үчүн соода жана кошумча нарк чынжырларынын потенциалын колдонууга колдоо көрсөтүүдө. Кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүү менен биз экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө, өндүрүштүк операцияларга инновацияларды киргизүүгө, технологияларды жана методдорду модернизациялоого жана чакан фермерлерди кошумча нарк кошкон ишмердүүлүккө интеграциялоого умтулабыз,” – дейт Кыргызстандагы БУУӨПтүн Туруктуу өкүлү Александра Соловьева.

Бул демилге БУУӨПтүн инклюзияга жана туруктуу экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүү боюнча кеңири миссиясын баса белгилейт. Бул жашыл жана жогорку кошумча нарктуу өнүмгө көңүл буруу менен БУУӨП экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнү гана эмес, ошондой эле экономикаларды туруктуураак жана инклюзивдик кылууну көздөйт. 

Долбоор комплекстүү мамилени камсыз кылат жана багбандарга, токой пайдалануучуларга жана кайра иштетүүчү экспорттук компанияларга, ошондой эле тейлөө операторлоруна, анын ичинде айыл чарба продукциясын берүүчүлөргө, көчөттөрдү өстүрүү үчүн питомниктерге колдоо көрсөтүү менен институционалдык да, жергиликтүү деңгээлде да долбоордун өнүктүрүүгө таасиринин деңгээлин жогорулатат. , тейлөө - бактарды бутоо жана кайра иштетүүчү провайдерлер, консалтингдик жана логистикалык компаниялар, каржы институттары, багбанчылык жана токой чарбачылыгын колдоо мекемелери тандалган кошумча нарк чынжырындагы катышуучулары менен иштешет. Долбоордун ишине аялдарды жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды тартууга жана экологиялык туруктуулукка өзгөчө көңүл бурулат.

“Кыргызстанда экологиялык жактан таза кургатылган мөмө-жемиштерди, кургатылган мөмөлөрдү жана жаңгактарды өстүрүү жана экспорттоо көлөмүн көбөйтүү үчүн жеткиликтүү ресурстардын жана климаттык шарттардын эсебинен олуттуу потенциал бар. Биргелешкен күч-аракеттер менен бул тармак экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана айыл жериндеги адамдардын жашоо шартын жакшыртууга олуттуу салым кошо алат,” - Айбек Маражапов, кургатылган жемиштердин нарк чынжырчасы боюнча эксперт. 

Долбоорду ишке ашыруу 100дөн кем эмес жумушчу орундарын түзүүгө, анын ичинде айыл жергесинде аялдар үчүн да, ошондой эле 120дан кем эмес фермерлердин жана кайра иштетүүчү ишканалардын адистеринин потенциалын жогорулатууга алып келет деп күтүлүүдө. Долбоор ошондой эле бенефициарларды электрондук коммерция платформаларында өз өнүмдөрүн чыгарууга үйрөтөт. 

Долбоор акыркы 3 жылдагы маалыматтарга салыштырмалуу өндүрүш көлөмүн жана долбоордун катышуучуларынын кирешелүүлүгүн 20% жогорулатууга, ошондой эле долбоордун бенефициарлары болгон кайра иштетүүчү ишканалардан онлайн соода аянтчалары аркылуу сатуунун көлөмүн көбөйтүүгө багытталган. 

Бул демилге Финляндия өкмөтү тарабынан каржыланган жана БУУӨП тарабынан «Эркин Консалт» ЖЧКсы менен биргеликте ишке ашырылып жаткан «Борбордук Азияда соодага көмөк көрсөтүү» долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. 

***

БУУӨП Финляндия өкмөтү тарабынан каржыланган « Борбордук Азияда соодага көмөк көрсөтүү» аймактык долбоорунун (мындан ары - долбоор) бешинчи фазасын ишке ашырууда. Долбоор Борбордук Азия өлкөлөрүнө (Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан) жашыл нарк чынжырларын илгерилетүү жана үч өлкөнүн экономикасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу инклюзивдик жана туруктуу өсүүгө жетишүүгө колдоо көрсөтүүгө багытталган. Долбоор экономиканы диверсификациялоо жана рыноктун жана керектөөчүлөрдүн жаңы тенденцияларына ыңгайлашуу аркылуу кыйла туруктуу, коопсуз жана гендердик сезимтал экономикалык структураларды түзүүгө көмөк көрсөтөт.