Кыргызстан санариптик трансформация жолунда ишенимдүү алдыга жылууда

2025-ж., 18-April
Tablet displaying a presentation with a blue logo and text on a work desk.
БУУӨП / Кыргызстан

Бишкек, 18-апрель 2025 — Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн Координациялык кеңешинин алкагында Электрондук башкаруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча биргелешкен жумушчу топтун жыйыны өттү.

Жыйында 2025–2026-жылдарга карата Кыргызстандын санариптик өнүгүүсүндөгү жетишкендиктер жана артыкчылыктуу багыттар талкууланды.

Президенттин Иш башкармалыгы, Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана анын алдындагы «Кызмат» мамлекеттик мекемеси тарабынан иштелип чыккан биргелешкен санариптештирүү программасы сунушталды.

Куттуктоо сөзүндө Президенттин Иш башкармалыгынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов белгиледи:

«Биздин максат — мамлекеттик кызматтарды ар бир жаран үчүн жеткиликтүү, түшүнүктүү жана ачык кылуу. Онлайн паспорт, онлайн кадастр, Кызмат ID жана жаңыланган Түндүк платформасы — бул жөн гана демилгелер эмес, бул реалдуу натыйжа берүүчү кадамдар. Санариптештирүү аркылуу мамлекетти элге жакындатуудабыз».

Санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жамангулов өзүнүн сөзүндө кошумчалады:

«Биздин максат жөнөкөй — мамлекеттик кызматтарды тез, ачык жана ар ким үчүн жеткиликтүү кылуу. Санариптештирүү — бул ишенимди күчөтүп, процесстерди тездеткен курал».

A man in a gray blazer sits at a conference table, looking thoughtful.

Азамат Жамангулов, санариптик өнүктүрүү министри

БУУӨП / Кыргызстан

БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева санариптик долбоорлордун практикалык багытынын маанилүүлүгүн белгиледи:

«Бул жөн гана концепциялар эмес — бул элдин жашоосун өзгөрткөн реалдуу чечимдер. Биз өнөктөштөр менен бирге санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүп, сапаттуу кызматтарды түзүп, адамга багытталган саясатты калыптандыруудабыз».

Professional woman speaking at a conference, wearing a black blazer and microphone.

БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева

БУУӨП / Кыргызстан

Ошондой эле катышуучуларга жакын арада мамлекеттик жана каржылык кызматтарды бириктирген жаңыланган «Түндүк» мобилдик тиркемеси сунушталды.

Жыйындын жыйынтыгында катышуучулар өнөктөштүктү чыңдоо, аракеттерди координациялоо жана инвестиция тартуу аркылуу санариптик технологияларды өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн реалдуу таянычына айландыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.