Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматы тез жардам унааларынын автопаркын жаңылады

2023-ж., 24-August

 

Бишкек, 2023-жылдын 24-августу – Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматы (ЖАК) тез жардам унааларынын автопаркын жаңылады. Бул иште ага Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жана СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдык фонд колдоо көрсөттү.

Бул демилге ЖАКтын пенитенциардык мекемелериндеги адамдардын камактагы шарттарын жакшыртууга багытталган. Жалпы баасы 166 261 АКШ долларын түзгөн эки заманбап тез жардам унаасы сатып алынды. Тез жардам унааларын СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү үчүн Глобалдык фонддун финансылык колдоосу алдында БУУӨП сатып берген.

Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрү жаңы тез жардам унаалары өзгөчө кырдаалдарда гана эмес, ВИЧке жана кургак учукка байланышкан учурларда да тез жана сапаттуу медициналык тейлөөнү камсыздай турганын баса белгилешти. Ар бир тез жардам унаасында бардык зарыл болгон заманбап медициналык жабдуулар бар, алар Чүй облусунун пенитенциардык системасынын мекемелерине чукул медициналык чакыруулар болгондо ишти жеңилдетет.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Эгембердиев Аскат Раимжанович төмөнкүлөрдү билдирди:

“Соттолгондорго өз убагында медициналык жардам көрсөтүү биздин Кызматтын ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Биз медициналык потенциалды бекемдөө, ЖАКтын медициналык кызматынын дарылоо-алдын алуу мекемелерин оптималдаштыруу жана анын ишин эл аралык стандарттарга жакындатуу боюнча иштерди туруктуу түрдө жүргүзүп келебиз. ЖАКтын автопаркына бул эки жаңы унааны алгандан кийин соттолгондордун, анын ичинде жазасын өтөп жаткан аялдардын сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүлөргө жетүүсүн камсыздай алабыз”.

БУУӨПтүн жана Глобалдык фонддун колдоосу ВИЧ жана кургак учук боюнча сапаттуу жана заманбап медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга, медициналык кызматтын потенциалын өнүктүрүүгө жана жаза аткаруу системасында адам укуктарын камсыз кылууга багытталган.

БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлүнүн орун басары Моника Ризал мындай деп белгиледи: “Биргелешкен күч-аракетибиздин жардамы менен биз эч кимди көңүл сыртында калтырбай турган туруктуу улуттук саламаттык сактоо системасын түзүүгө көмөктөшүп, улуттук өнөктөштөрдүн потенциалын чыңдоого умтулабыз. Бул заманбап тез жардам унааларын берүү менен, биз бардык адамдар үчүн сапаттуу медициналык тейлөөгө бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча вазыйпабызды илгерилетип жатабыз”.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) Кыргызстанда өнүктүрүү жаатындагы алдыңкы уюмдардын бири болуп саналат. Туруктуу өнүгүү максаттарына чогуу жетүү үчүн биз 1993-жылдан бери инклюзия, айлана-чөйрөнү коргоо, кризиске жооп кайтаруу, гендердик теңчиликти илгерилетүү, ВИЧ сыяктуу көптөгөн тармактарда иш жүргүзүүдөбүз.

Кошумча маалымат алуу үчүн биздин сайтка кириңиз: www.undp.org/ru/kyrgyzstan же социалдык тармактардагы биздин баракчаларыбызга жазылыңыз: @undpkg.

 

ЖМК үчүн байланыш:

Айнагуль Абдрахманова

Коомчулук менен байланыш боюнча сектордун жетекчиси

ainagul.abdrakhmanova@undp.org