Глобалдык фондго 20 жыл: Кыргызстандан баяндар

Өзүнүн 20 жылдыгына карата Глобалдык фонд өзүнүн таасирлери жана жеңиштери тууралуу баяндар менен буюмдардын жардамы аркылуу бөлүшөт.

2021-ж., 22-July

Ушул жылы Глобалдык фонд СПИД, кургак учук жана безгек менен бүткүл дүйнө жүзүндө күрөшүүсүнүн 20 жылдыгын белгилеп жатат. Кыргызстанда БУУӨП Глобалдык фонддун негизги  грант алуучусу болуп саналат жана өлкөгө кургак учук жана ВИЧ ти көзөмөлдөөгө мамлекеттик өнөктөштөр, НПО жана жамааттар менен бирге жардам берет. Өзүнүн 20 жылдыгына карата Глобалдык фонд өзүнүн таасирлери жана жеңиштери тууралуу баяндар менен буюмдардын жардамы аркылуу бөлүшөт.

Дильшат Хаитов

 «Кастрюль менин кургак учук менен ооруган, азыр эле бошонгон бейтаптарга жана башка аярлуу тайпалардагы адамдарга жардам берүү үчүн кылган жумушумду символдоштурат. Мурда биз бир гана көйгөйгө туш болоор элек: бейтаптар дарылангысы келет  эле, бирок алардын жашай турган жери жок болот эле. Алар таблетка алгысы келет эле, бирок түнөй турган жери жок болот эле. Ушул жылы Глобалдык фонддун грантын ишке ашыруу алкагындагы БУУӨП менен болгон макулдашуунун жардамы менен жашоосунда кыйын кырдаалга туш болгон, кургак учук менен ооруган бейтаптар үчүн убактылуу жашаганга борбор ачууга жетиштик. Глобалдык фонд бөлгөн каражаттардын жардамы менен БУУӨП ижара акысын жапты жана бардык эмеректерди жана техниканы, жаңы кастрюлду да кошо, сатып алды. Бул жерде кардарлар өздөрүнө үч жолу тамак жасай алышат. Биз аларга бардык керектүү нерселерди, тиш щеткадан баштап таза шейшептерге чейин беребиз. Алар кийип жүргөн кийими менен гана киришсе болот, башка эч нерсенин кереги жок. Ушул борбордун жардамы менен жашай турган жери жок адамдар дарылана алышат, медициналык, социалдык жана психологиялык кеңештерге кайрыла алышат. Кээ бирөөлөрү жөн гана тамак жеп же кийим жууганы келишет.

Глобалдык фонд менен БУУӨП сынын жардамы болбосо бизде, Кыргызстанда мындай баш калкалоочу жайлар болмок эмес.»

Бактыгуль Алмерекова

«Мен таблетка салгычты көргөндө, ошол замат 2000 - жылдардын башын эстеймин, ал мезгилде биздин өлкөдө кургак учукка каршы дары-дармектер жетишсиз болуп, дарыгерлер кайсы бейтапты дарылоого алыш керек экенин, кимиси дарылоону баштоону дагы бир канчадыр убакытка күтө туруш керек экенин  тандоосу керек эле. Ал мезгил бардыгына оор эле, бейтаптарга кандай болсо, дарыгерлерге деле ошондой болчу. Эмне үчүн дегенде тандоо жана адамдын тагдырын чечүү өтө оор.

Глобалдык фонддун келүүсү менен кургак учукка каршы дары-дармектер менен камсыз кылуу көйгөйү чечилди, баары артта калды. Азыр мен Глобалдык фонд каржылаган БУУӨП сында иштегениме, биз бейтаптарга жардам бергенибизге, дарыгерлерде кайсы бейтапты биринчи дарылаш керек экендигин тандоо деген нерсе жок болгонуна сыймыктанам.»

Екатерина Заболотнева

«Бүгүн, сыягы кызматкерлерге бекер жайылтылчу шприцтерди берип жатканда, полго шприц түшүп калган экен. Кадимки медициналык шприц. Мен аны кутучага салайын деп жатып,  эмнегедир ушундай шприцтерди биринчи жолу көргөнүмдү эстеп кеттим. Ал мезгилде мен баңгизат колдончумун жана биз эч кандай таза шприц жөнүндө ойлончу да эмеспиз, ашканада эски, бир жолу колдонулчу, баарыбызга бир шприц жатчу, ошол бизге жетиштүү болчу.

Биз үчөөбүз элек, баарыбыз тааныш элек, денибиз сактай эле болчу. Аптекага барганга күч жок болчу, ашыкча тыйыныбыз деле жок эле. Ал мезгилде менин жашоом көпчүлүк кадимки баңгизатка көз каранды болгондордун сценарийиндей эле – жумушумду жоготуп, үйдө болгон оокаттын баарын сатып салгам. Ден соолук, милиция менен көйгөйлөр башталды... Мен 25 жашта элем, анан мен такыр эле куурап бараткам.

Кийин мага таанышым телефон чалып, жаңы шприцтерди алып келип, эскилердин ордуна алмаштырып берем деп сунуштады. Бул мени абдан интрига кылып, ага кел деп уруксат бердим, ал толтура шприцтерди алып келип, мени ВИЧ ти алдын алуу жана Глобалдык фонд жөнүндөгү толтура маалымат менен тойгузду. Анан ал мага мен күтпөй калган  үмүт берди. Ал мага метадондук дарылоо тууралуу айтып берди. Бул менин жашоомду өзгөрттү.

Калыбыма келүү жолум узак жана өңгүл-дөңгүл болду. Мен кадимки жана дени сак жашоого абдан жай үйрөндүм. 2008 – жылы мен мага окшогон адамдарга жардам берүү үчүн «РАНС плюс» уюмунун жайылтуучу-кызматкери болдум. Андан кийин окудум, иштедим анан кайра окудум, кеңешчи болдум, андан кийин долбоордун координатору болдум.

Көйгөйлөрдү жеңгенди, өз денем, акыл эсим жана жан дүйнөм жөнүндө кам көргөндү, жана ошондой эле башкаларга жардам бергенди  үйрөндүм. Мага жакшы адистер жана ар кандай уюмдар – психологдор, юристтер, хирургдар, кеңешчилер жана башка сонун адамдар жардам беришти, бирок бул ар убакта Глобалдык фонддун колдоосу жана каржылоосу менен болуп жатты.

Мен түзмө-үз айта алам, мени Глобалдык фонд сактап калды. Өзүмдүн жана Глобалдык фонд/БУУӨП долбоорунун жардамы менен биз азыр жардам берип жаткан  төрт миң чамасындагы баңгизатка көз каранды адамдардын атынан терең таазим кыламын.»

Динара Дуйшенова

«Биринчи жолу мен Глобалдык фонд жөнүндө 2009 жылы, биздин өлкө Глобалдык фонддун грантына биринчи арызын даярдап жаткан мезгилде билдим. Ошондой эле метадон менен алмаштыруучу дарылоо программасы жөнүндө да биринчи жолу уктум.

Жети жылдан кийин мен БУУӨП менен Глобалдык фонддун биргелешкен долбоорунун алкагында алмаштыруучу дарылоонун программасын көзөмөлдөй баштадым. Ушул программанын  кардарларга болгон оң таасирин кардарлардын өз оозунан угуп, күбө болдум, көпчүлүгүнүн кадимки жашоого кантип кайтып келгенин көрдүм.

Мен эң жакшы эстеп калган бенефициарлардын бирөөсү - бул 2007 жылы программага кошулган Ислам. Анын жашоосу кескин өзгөрүп, бул дарылоону анын баңгизатка көзкаранды адамдардын тагдырына жана ден соолугуна болгон оң таасирин айтуу менен   активдүү түрдө Кыргызстанда алдыга жылдыра баштады. Ислам баңгизат колдонгонду таштай алды, жумуш таап, жана үй-бүлө кура алды, азыр болсо ал эң сонун ата. Ал Республикалык наркология борборунда тең кеңешчи болуп иштөө менен өзүнүн тажрыйбасын башкаларга жардам берүү үчүн колдонот.

Мен Глобалдык фонддун «глобалдык» командасынын бөлүгү болгонума жана Глобалдык фонддун Кыргызстандагы болгон  миссиясын алдыга жылдырууга өзүм бир аз салым кошконума сыймыктанам. Жана дагы мен Исламга окшогон, биздин программанын иштеп жатканынын жаркын далили болгон адамдарды билгениме сыймыктанам.»

Умай Султанова

«Жайылтуу-кызматкер болуп иштеп, мен секс-жумушчуларга ВИЧке тестирлөөдөн өтүүгө жардам берем. Менин милдетим жеткиликтүү жана тушүнүктүү тилде секс-жумушчуларга ВИЧ-инфекциясы тууралуу керектүү маалыматты берүү болуп эсептелет. Бул мындан аркы ВИЧ-инфекциясынын жаңы учурларын алдын алууга жардам берет. Тесттен өткөрүп жатканда мен аларга алдын-алуу тууралуу жана эгер натыйжа оң болуп калса, эмне үчүн өз убагында антиретровирустук дарылоо башташ керек экенин айтып берем.

Мен үчүн экспресс тестирлөө өткөрүү жана сапаттуу кеңеш берүү, жумуштагы жана ВИЧ боюнча программаларда дагы эң негизги эки нерсе. Кардарларыбызды дайыма коргоого, тынчтандырууга жана маалымат берүүгө  мен аракет кыламын.

Мен Глобалдык фонддун командасынын бөлүгү болгонума жана башкалардын дени сак болуусуна жардам бергениме сыймыктанам.»

Гульнара Самиева

«Мен 20 жылдан ашык Ош шаарындагы кургак учукка каршы мекемеде дарыгер-фтизиатр болуп иштейм. Бир нече жыл мурун биздин кабинетке бейтаптар тууралуу маалыматты электрондук түрдө алып баруу үчүн комрьютер орнотушту. БУУӨП менен Глобалдык фонддун биргелешкен долбоорунун алкагында каржыланган компьютерлердин жардамы менен биздин бейтаптар тууралуу маалыматтардын баарын каттоо үчүн  маалыматтардын электрондук базасына  кире алабыз. Азыр биз ар бир бейтаптын лаборатордук изилдөөлөрүнүн натыйжасын электрондук почта менен, алар даяр болоор замат алабыз.

Биздин уюмдун бардык дарыгерлер үчүн компьютер сатып алганга мүмкүнчүлүгү жок эле. Глобалдык фонддун жардамы менен азыр бизде бейтаптар тууралуу бизге керектүү маалыматтын бардыгына чычкан менен бир гана чыкылдатуу аркылуу жете алабыз.»

Мария Личаню

 «Планшет менин көчө юристи катары жумушумдун ажырагыс бөлүгү болуп калды. БУУӨП/Глобалдык фонддун долбоорунун бөлүгү болгон бул жумушта, мен ВИЧ адамдарга жана башка аярлуу тайпадагы адамдарга өз укуктарын коргоодо жардам берем.

Менин жумушумдун негизги бөлүгү – адам укуктарынын бузулууларын каттоо. Менде планшет пайда болгонго чейин, аны аткаруу үчүн, интернетке кирүү үчүн мен офиске кайра келишим керек эле. Азыр менде жана башка коомдук жактоочуларда мындай көйгөй жок.

Азыр биз жеринде эле иштей алабыз, бул жумушубузду бир топ жеңилдетет. Жана эң негизгиси, кардарлар керектүү юридикалык жардам алуу үчүн офиске келүүсүнө байланышкан тоскоолдуктарга туш келишпейт.

Өз деңгээлимде бул жумуш мага өзүмдүн сүйүктүү кесибимди табууга жардам берди. Көчө юристи болуп иштөө мени жарандык укуктарды коргоо жаатында диплом алуу үчүн юридикалык факультетине өтүүгө түрттү.»

***

Глобалдык фонддон көбүрөөк баяндарды окугула:

https://www.flickr.com/photos/theglobalfund/sets/72157719522478130/

Глобалдык фонддун 20 жылдыгы жөнүндө толугураак: https://www.theglobalfund.org/en/20-years-of-impact/

БУУӨП/Глобалдык фонддун долбоору жөнүндө толугураак: https://www.kg.undp.org/content/kyrgyzstan/ky/home/projects/effective-tb-and-hiv-control-project-in-the-kyrgyzstan.html