Стигмага каршы бирге турабыз!

Ош шаарында жана Ош облусунда адамдардын тагдырларын кандайча өзгөртүп жатканыбыз тууралуу айтып берели.

2024-ж., 13-February

 

ВИЧ жана кургак учук менен жашаган көптөгөн адамдар үмүтүн үзүп, санаага батып, жалгыздык менен күрөшүүгө мажбур болушат. Бирок өкмөттүк эмес уюмдардын жана алардын кайдыгер карабаган кызматкерлеринин жардамы жамааттардын мүчөлөрүнө турмуштагы кыйынчылыктарды жеңүүгө жана өз тагдырын жакшы жагына өзгөртүүгө көмөктөшүүдө.

2009-жылдан бери БУУӨПтүн өнөктөшү болгон “Плюс Центр” Коомдук фонду Кыргызстандын Ош шаарында жана Ош облусунда ВИЧке жана кургак учукка кабылган адамдарга колдоо жана жардам көрсөтүүдө маанилүү ролду ойноп келатат.

2020-жылдан тарта БУУӨП “Плюс Центр” КФ аркылуу социалдык коштоо, ВИЧ менен жашаган адамдарды диспансердик эсепке тургузуу боюнча программаларды ишке ашырып, вирусту шилекей боюнча аныктаган ыкчам тестирлөө боюнча бир катар өнөктүктөрдү өткөрүп, ошондой эле жамааттардын укуктарынын бузулушун документтештирип келген.

“Бизге кайрылган ВИЧ жана кургак учук менен ооруган адамдарга жардам берүүгө аракет кылып келебиз. Жакында эле бир аялга документтерин калыбына келтирүүгө жардам бердик. Ал көп жылдар бою Орусияда иштеген экен, ошол жактан ВИЧ статусу аныкталаар замат аны өлкөдөн чыгарып жиберишкен. Ал биздин Фондго кайрылган, жашай турган жери жок болгондуктан биз аны социалдык мекемебизге жайгаштырдык. Кызматкерлер аны менен чогуу жүрүп, анын бардык документтерин калыбына келтирип, пенсияга документтерди тапшырып, Облустук гепатитти жана ВИЧти көзөмөлдөө борборунда диспансердик каттоого тургузушту. Ал колун да сындырып алган эле, биздин аутрич-кызматкерлерибиз аны менен кошо жүрүп, ооруканага жаткыра алышты. Эгерде өкмөттүк эмес уюмдар болбогондо ал Ошто кимге кайрылмак эле, ага ким ушундай комплекстүү жардам бере алмак?”, - деп айтып бердиПлюс центр” коомдук фондунун директору Равшан Мажитов.

Уюмдун алдында турган олуттуу көйгөйлөрдүн бири – калк арасында вирусту жуктуруп алгандарга карата стигма жана басмырлоо өтө күчтүү. ВИЧ жана кургак учук менен ооруган адамдар, баңгизатка көз каранды адамдар жашаган, фондго караштуу социалдык мекеме дайыма орун которуштуруп турганга аргасыз.

“Адамдар алардын жанында ВИЧ менен жашаган адамдар же баңгизатка же алкоголдук ичимдикке көз карандылык менен күрөшүп жаткан адамдар бар экенин билгенде, бизде кошуналар менен көйгөйлөр башталат. Коңшулар менен болгон чыр-чатактардан улам биздин социалдык үйүбүз көптөгөн даректерди алмаштырды. Анан дагы, адамдар ушул кезге чейин вирус бар экенине ишенишпейт. Жакында эле бир бейтапты акыркы сапарга узаттык, ал да вирусту жуктуруп алганына ишенбей, дарыланбай жүргөн, ал эми акыры бизге кайрылганда өтө кеч болуп калган эле – кайтыш болду”, - деп кошумчалады Фонддун аутрич-кызматкерлеринин бири.

Ар кандай кыйынчылыктарга карабастан фонддун кызматкерлери күн сайын жамааттардын укуктары бузулган учурларды каттап турушат, эл менен иш алып барышат, алдын алуу иштеринин маанилүүлүгүн түшүндүрүшөт, өзөктүк топторго ВИЧке жана кургак учукка байланышкан турмуштук кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берип келишет.

БУУӨПтүн “ВИЧке жана кургак учукка натыйжалуу көзөмөл” долбоорунун алкагында 2023-жылы профилактикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык пакетин 913 адам колдонгон, ал эми социалдык үйдө ай сайын 15тен 20га чейин адам жашап турган.

“Плюс Центр” фонду оор кырдаалда калган жүздөгөн адамдарга социалдык мекемесинде убактылуу башпаанек берип, азык-түлүк менен камсыздап, параюристтердин, психологдордун кызматтарын көрсөтүп турат. Бирок эң башкысы – фонд адамдарга кайрадан өзүнө ишенүүгө, коргоого алынганын баамдоого жардам берип, колдоо көрсөтүп келет.