Дарылоонун альтернативалык ыкмалары бейтаптарга кургак учукту жеңүүгө жардам берет

БУУӨП/Глобалдык фондунун проектисинин алкагында, Кызыл Жарым Айдын Улуттук коому Бишкек шаарындагы оор турмуштук кырдаалда жашаган көпчүлүк дарыга туруктуулугу бар кургак учук менен ооруган бейтаптарга дарылоонун альтернативдик ыкмаларын колдонууга көмөк көрсөтөт.

2021-ж., 1-July

Онлайн-контроль за приемом лекарств больными / Фото: Дмитрий Мотинов, ПРООН Кыргызстан

Нурбектин кургак учук менен күрөшү узак жана оор болду, бирок ал ооруну акырында жеңди. Анын дарыланышы бир айдан азыраак убакыттан кийин бүтөт, азыр ал өзүн жакшы сезүүдө, жашоосун кайра өз колуна алганга даяр. Туннелдин аягындагы жарыкты көрүү үчүн ага көп убакыт керек болду: ал 2016 жылдан бери кургак учук менен ооруган, бирок буга чейин эки жолу дарылануудан баш тарткан. «Дарылардын мага кыйыр таасирлери күчтүү болуп, дарыланып жатканда эч нерсе кыла алчу эмесмин. Бирок мен үй-бүлөмдү багыш үчүн иштешим керек болчу, ошон үчүн мен тандоо кылышым керек эле».

Бул жолу Нурбек БУУӨП колдоосу менен видео-байкоонун алдында дарылоонун, дарылоого болгон инновациялык , ыңгайлуурак мамиленин аркасынан жетишти. Кургак учуктун дарыга туруктуу түрлөрүн дарылоо эки жылга чейин созулат, анын учурунда бейтаптар медайымдын кароосунун алдында күндө таблеткаларды ичиши керек. Бул алардын үзгүлтүксүз дарыланып жатканына ынануу үчүн, эмне үчүн дегенде ал дарылар системалуу түрдө жана дарылоонун аягына чейин ичилгенде гана эффективдүү, жана убагында кыйыр таасирлерди аныктоо үчүн  маанилүү. Бирок азыр, ал видео дарылоодо  болгондо, Нурбекке өзүнүн дарыларын ичиш үчүн ооруканага күндө барышынын кереги жок: жөн гана өзүнүн смартфонуна кантип таблетка ичип жатканын видеого тартып туруп, WhatsApp аркылуу медайымга жөнөтүп коюшу керек.

Нурбек отправляет видео, когда принимает лечение / Фото: Марион Биремон, ПРООН Кыргызстан

«Азыр мен таблеткаларды уктаардын алдында ичем», - дейт 29 жаштагы Нурбек. Дарылоого болгон ушул инновациялык мамиленин аркасынан ал дары ичкенден кийин уктай алат жана кыйыр таасирлерден азыраак кыйналат, жана күндүз ал жумушка барганга бош. Ага бул абдан маанилүу, эмне үчүн дегенде ал кандай жумуш болбосун макул болот. Нурбек өзүнүн 7 жана 4 жашар эки баласы жана кош бойлуу аялы менен Бишкектен өтө алыс эмес жерде өзү куруп алган чоң эмес бош тамда жашайт. Бул мүлккө документтери жок болгондуктан, Нурбек жана анын үй-бүлөсү кыйын шарттарда , суусу жана эч кандай жылытуучу тутуму жок жашайт. Алар жылаңач жердин үстүндө укташат, үйдө эмерек жокко эсе, кээде эртеңки нанга  акча калбайт. «Биз аман калуунун аракетиндебиз», - дейт Нурбек, үй-бүлөдөгү жалгыз багуучу. Алар анын кичинекей 2-тайпадагы майыптык пенсиясына, БУУӨП/Глобалдык фондунун долбоорунан дарылоону сактагандыгы үчүн ай сайын алган 1000 сомго, жана күндүзгү жумушуна алган анча мынча тыйынына жашашат.

Дом Нурбека / Фото: Красный Полумесяц

Видео-байкоонун алдында дарылоону өтүп жаткан бейтаптар таблткаларды ыңгайлуу мезгилде иче алышат, жана алар убактысын жан акчасын күндө ооруканага барыш үчүн коротушунун  кереги жок. «Бул кымбат убакытты үнөмдөйт. Аларга күндө ооруканага барыштын кереги жок; анын ордуна алар жумушка бара алышат. Транспортко да акча коротуп кереги жок. Кээ бир бейтаптар финансы тарабынан абдан оор абалда болгондуктан, дарылоо мезгилинде да иштеши керек», - дейт Бегайым, Бишкектеги медайым.

Видео-байкоонун алдында дарылоо

БУУӨП/Глобалдык фондунун проектисинин алкагында, Кызыл Жарым Айдын Улуттук коому Бишкек шаарындагы оор турмуштук кырдаалда жашаган көпчүлүк дарыга туруктуулугу бар кургак учук менен ооруган  бейтаптарга дарылоонун альтернативдик ыкмаларын колдонууга көмөк көрсөтөт. Мындай ыкмаларга видео-байкоо алдында дарылоо, жана ошондой эле кейс-менеджмент жана социалдык, психологиялык жана юридикалык колдоо кирет. Бул ар тараптуу жардам ар бир бейтапка, кабылып кала турган бардык кыйынчылыктарга карабай, кургак учуктан дарыланууну  бүтүрүүгө жардам берүүгө арналат.

Сейнегуль проверяет видео, отправленное ее пациентом / Фото: Марион Биремон, ПРООН Кыргызстан

Азыр 37 жаштагы Инесса дагы , Кызыл Жарым Айдын кардары болуп саналат. Ал энеси жана 8 жашар кызы менен подвалдагы эскилиги жеткен кипкичинекей ижарадагы батирде жашайт; алар тар керебетти бөлүшүшөт, орун жетишпегендиктен, анын үстүндө буюмдарын да, кийимдерин дагы  сактоого туура келет. Аларды жалгыз киреше булагы – энесинин бир аз пенсиясы; кургак учуктун айынан Инесса азыр иштей албайт.

Январда аны да видео-байкоонун алдында дарылоого которушту. Анын кейс-менеджери Сейнегуль аны болгон күчү менен колдоп, жана күндө дарылануусун текшерет. «Ал  өз видеосун идеалдуу жиберет. Ал эч качан бир да күн өткөрүп жибербейт», - дейт Сейнегуль.

«Менин агам кургак учуктан өлгөн, ошон үчүн мен бул канчалык олуттуу экенин билем», - деп түшүндүрөт, оор жашоого карабай кургак учукту жеңгиси келген Инесса. «Бул жөнөкөй эмес, бирок менин кызым кичинекей, мен ага кам көрүшүм керек», - дейт ал. Кызыл Жарым Айдан кээде алган материалдык жардамга ал ыраазы, бирок «эч нерсеге жеткире албайт».

«Бизди авариялык абалда турган турак жайыбыздан чыгарып салган, бирок ордуна эч нерсе берген жок, эч кандай жардам албайбыз. Биз эч нерсесиз калдык. Татыктуу турак жайлуу болуш үчүн кредитке жер алганды каалайт элем...»

Кейс-менеджер Сейнегуль беседует со своей пациенткой Инессой / Фото: Марион Биремон, ПРООН Кыргызстан

Психологиялык, социалдык жана юридикалык жардам

 Видео-байкоонун алдындагы дарылоодон жана кейс-менеджменттен тышкары, Кызыл Жарым Ай БУУӨП/Глобалдык фондунун проектисинин алкагында кургак учук менен ооругандарга  психологиялык, социалдык жана  юридикалык жардам сунуштайт. Русланга, мисалы, психолог жардам берди. Ага кургак учук диагнозун үй-бүлөсү жашап жаткан Краснодарда коюшкан, бирок, дарыланууга ал Кыргызстанга келүүгө мажбур болду. Бирок, ал бир нече жума өткөндөн кийин өзүн депрессиялык абалга келип багынып берүүнү каалады.

«Мен дарылоону бүтүргүм келди, бирок таблетка иче албай койдум. Бир нерсе туура эмес экенин сездим». Руслан Айнурайымга, кесипкөй психологго, кайрылды, ал аны менен бир нече жолу жолугуп, андан ары дарыланууга психиатрга жөнөттү. «Мунун баары дарылоонун кыйыр таасири экенин мен түшүндүм. Ал дарыланууну бүтүргүсү келген, ал жоопкерчиликтүү, бирок кээ бир дары-дармектер ага тескери психологиялык таасир көрсөттү», - деп түшүндүрдү ал. Бул жардам менен Руслан өзүн бир топ эле жакшыраак сезип калды, дарылануусу бүтүп эле калды; ал чыдамсыздык менен Орусиядагы үй-бүлөсү менен биригишүүну күтүп жатат.

«Русланга окшогон бейтаптарда, дарыланууну үзүп коюунун жогорку тобокелчилиги бар», - деп түшүндүрөт Айнурайым. «Мен алар менен сүйлөшүп, эмне үчун алар өзүн ушундай сезип жатканын; бул дарылоодонбу же жашоолорундагы башка кыйынчылыктарданбы деп түшүнгөнгө тырышам. Анан биз тиешелүү түрдө алардын дарыланууну аягына чыгаруусуна жардам беребиз».

Акыркы айларда Гульназга да оңой болгон жок, бирок Кумаркуль эже, Кызыл Жарым Айдын социалдык кызматкери, көп кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берип жатат. Анын күйөөсү былтыр кургак учуктан каза болгон, анан ага кайненесинин Токтогул районундагы үйүн 9, 6, 4 жана 1 жашар төрт баласы менен таштоого туура келди. Анын өзүнө сентябрда, бала төрөлгөндөн бир аздан кийин, КУ диагнозун коюшту.

Гульназ жашоосун нөлдөн баштап курууга туура келди, анан Кумаркуль ага абдан жардам берди. Ал ага Кызыл Жарым Айдын  аярлуу аялдар үчүн бекер кесиптик окутуу программасына кирүүгө жардам берип, анда ал тикмечиликти үйрөндү. Ошондой эле Кумаркуль үч улуу балдарын Чолпон-Атадагы кургак учуктук педиатриялык ооруканасына жиберип, алардын энеси өзүнө жана кичүү баласына Бишкектеги жөнөкөй ижарадагы батиринде кам көрүп жаткан убакта,  алар ал жерде дарылоодон өтүшүп жана мыкты шарттарда айыга алышат.

«Мен, албетте, аларды сагынам. Аларды үйгө алгым келет. Аларда телефону жок, бирок, мезгил-мезгили менен мага чалыш үчүн  башка балдардан суранып алышат», - дейт Гульназ. «Дарылоо татаал, бирок мен балдар үчүн бүтүрүшүм керек. Дарыгерлер кургак учук менен күрөшүш үчүн жакшы шарттарда жашаш керек дешет, бирок биздин жашоо деңгээлибиз начар. Мен бизге жардам берүү үчүн кылып жаткан бардык нерсеси үчүн  Кумаркуль эжеге ыраазымын». Көзүндөгү жашка карабастан, Гульназ кеңири жылмаят. Алып жаткан жардамынын аркасынан Гульназ келечек үчүн күчтүү болуп кала алат, жана жашоо бир күнү ага да жылмая жооп берет деп үмүттөнөт.

* Бейтаптардын суранычы менен аттар өзгөрүлгөн.

Кейс-менеджер Сейнегуль беседует со своим пациентом Нурбеком / Фото: Марион Биремон, ПРООН Кыргызстан