Баңгизатка көз каранды адамдар сапаттуу медициналык жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алууга укуктуу

2023-ж., 20-October
Photos by Marion Biremon, UNDP in the Kyrgyz Republic

 

Республикалык психиатрия жана наркология борборунун 2022-жылдын 1-январына карата маалыматына ылайык, ушул тапта баңгизатка көз каранды 8 226 адам каттоодо турат. Баңгизаттын жаңы түрлөрүн колдонгон жаштардын саны көбөйүүдө. Кыргызстанда баңгизатка көз каранды адамдардын болжолдуу саны 20 миңден ашат деп бааланууда.

Түзүлгөн кырдаалды жана баңгизаттардын жаңы түрлөрүн колдонгон жаштардын саны көбөйгөнүн эске алуу менен баңгизатка көз каранды адамдарды колдоо жана профилактикалык иштерди жүргүзүү багытындагы программаларда иштеген өкмөттүк эмес уюмдар барган сайын чоң ролду ойноп жатышат. Мындай уюмдардын бири – "Ганеша" Коомдук фонду. Ал Глобалдык фонд каржылаган БУУӨПтүн "ВИЧке жана кургак учукка натыйжалуу көзөмөл" долбоорунун алкагында өкмөттүк эмес уюмдардын консорциумунда иштейт.

“Биздин уюм баңгизатынан көз карандылык менен күрөшкөн кыздар үчүн түзүлгөн. Жаштар дайыма баңгизаттын алдында аярлуу болуп келишкен. Биз адамдар медициналык жана укуктук жардамга муктаж болгондо кайрылгандан коркпошу үчүн жагымдуу укуктук чөйрөнү түзүүнүн үстүнөн иш алып барабыз. Баңгилик – бул кылмыш эмес, бул өнөкөт оору жана мындай дартка чалдыккан адамдар да жеткиликтүү кызмат көрсөтүүлөргө муктаж болушат”,
дейт “Ганеша” Коомдук фондунун директору Татьяна Мусагалиева.

Tatiana Musagalieva, director of PF "Ganesha"

Ganesha women's organization

Баңгизатка көз каранды адамдарды дарылоонун жана аларды андан ары кадыресе жашоого интеграциялоонун натыйжалуу аспаптарынын бири – опиоиддик агонисттер менен колдоочу терапия (ОАКТ). Программа Кыргызстанда 20 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келе жатат жана өзүнүн натыйжалуулугун көп жолу далилдеген.

Программанын мурдагы кардары Айжамал (аты өзгөртүлдү) жеке тажрыйбасы менен бөлүштү:

"Бул программа менин өмүрүмдү сактап калды. 2000-жылдардын башында мен программанын алгачкы кардарларынын бири болчумун, дарыланууга аракет кылгам, көптөгөн дарыгерлерге көрүнгөм, бирок мага эч ким жардам бере алган эмес, убакыт өткөндөн кийин кайра эле баңгизатын колдоно баштачумун. Андан кийин Кыргызстанда бул программа иштей баштап, Республикалык психиатрия жана наркология борборунун дарыгерлери мени дарылоодо маселени комплекстүү чечүүгө киришти. Мени менен психотерапевттер жана нарколог дарыгерлер иш алып барышкан. Бул программа мага баңгизатынан толугук баш тартууга, үй-бүлөмө кайтып келүүгө, эне болууга жана көптөн күткөн көз карандылыксыз жашоону баштоого жардам берди".

Бүгүнкү күндө ОАКТ программасына 746 адам катышууда, алар Республикалык психиатрия жана наркология борборунун жана аймактарда Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун базасында сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алып турушат. Бул программа абактарда да иштейт.

Баңгизаттардын жаңы түрлөрүнүн айрыкча жаштардын арасында тездик менен жайылышы бүгүнкү күндүн башкы көйгөйү болуп турат. БУУӨПтүн “ВИЧке жана кургак учукка натыйжалуу көзөмөл” долбоорунун кызматкери Динара Дуйшенованын айтымында, азыртадан эле чогуу иштешип, бардык өнөктөштөр ортосунда байланышты түзүү маанилүү:

"Бүгүнкү чакырыктарга жооп кайтарууга тийишпиз. Баңгизаттардын жаңы түрлөрүнө көз карандылыкты дарылоо боюнча протоколдорду түзүп, методологиялык жана далилдүү базаны иштеп чыгып, опиоиддик агонисттер менен колдоочу терапияны өнүктүрүү жөнүндө ойлонушубуз керек. Азыр бул программага 746 адам катышууда. Алар да коомдун тең укуктуу мүчөлөрү жана сапаттуу дарыланууга жана татыктуу жашоого укуктуу. Мен дагы бир фактыны белгилей кетким келет: мурда биз баңгизаттын бир түрүнөн дарылачубуз, ал эми азыр анын жүздөгөн түрү чыкты. Ошондуктан, баңгизатка көз карандылыгы бар адамдарга жардам берүү системасын азыркы шарттарга адаптациялап чыгыш керек".

UNDP in the Kyrgyz Republic

2022-жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Баңгизаттарга каршы программаны бекиткен. Бул программа баңгизаттарына болгон суроо-талапты, сунушту жана анын зыянын азайтуу боюнча өлкөнүн артыкчылыктарын аныктайт. 2022-2026-жылдарга ВИЧ-инфекциясын жана кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жеңүү боюнча программанын долбоорунда опиоиддик агонисттер менен колдоочу терапияны (ОАКТ) кошкондо, калктын өзөктүк топтору үчүн алдын алуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн комплекстүү пакети боюнча негизги индикаторлор аныкталган.

БУУӨП Республикалык психиатрия жана наркология борборунун базасында да, өкмөттүк эмес уюмдардын базасында да баңгиликке көз карандылыкты алдын алуу жана дарылоо боюнча программаларды өнүктүрүүнү колдоп келүүдө. Алсак, 2023-жылдын августунда Кыргызстанга биринчи жолу эл аралык тренерлер жана эксперттер чакырылды. Алар медициналык уюмдардын жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүн баңгизаттардын жаңы түрлөрүнө көз каранды адамдар менен иш алып барууга окутушту. Бул баңгизатка көз каранды адамдарга кызмат көрсөтүүнү жакшыртууга жана ВИЧти жайылышын алдын алууга жардам берет