Кыргызстанда кургак учук менен биргелешкен күрөш

2023-ж., 13-October

Дарыгер-фтизиатр Бейшебаев Бакыт Аскерович "Улукман Дарыгер" өкмөттүк эмес уюмунун кызматкерлери менен маектешүүдө

UNDP Kyrgyzstan

 

Кургак учук дагы эле глобалдык коомдук саламаттыкты сактоо системасы үчүн олуттуу көйгөй бойдон кала берүүдө. Алсак, ДСУнун маалыматы боюнча, 2021-жылы дүйнө жүзү боюнча кургак учук менен ооруган жаңы 2,2 миллион учур катталган.

БУУӨП СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдык фонддун колдоосу алдында Кыргызстан бул оору менен күрөшүүгө өзүнүн олуттуу салымын кошуп келатат.

2023-жылдын башында Караколдо “Улукман Дарыгер” өкмөттүк эмес уюмунун базасында калктын өзөктүк топторунун арасында кургак учукту алдын алуу жана дарылоо боюнча долбоор ишке киргизилген. Бул долбоор оорулуу менен байланышта болгон адамдардын жана жалпы калктын арасында кургак учукту жигердүү аныктоо боюнча иш алып барат. Долбоор кургак учук менен ооруйт деп шектелген адамдарды аныктап, зарыл болсо аларды андан ары текшерүү жана дарылоо үчүн медициналык мекемелерге кайрылууга көндүрүү максатын көздөйт.

“Улукман Дарыгер” коомдук бирикмеси 2000-жылы түзүлгөн. “Улукман Дарыгер” медициналык жана билим берүү программаларына эркин жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, медициналык кызмат көрсөтүүлөргө коомчулуктун керектөөлөрүн канааттандыруу жана ар кандай оорулардын (алардын бири ВИЧ жана кургак учук) алдын алуу аркылуу калктын ден соолугун жакшыртуу максатын көздөйт.

Уюм Ысык-Көл облусунун кургак учукка каршы күрөшүү борбору жана облустагы алдыңкы фтизиатр-дарыгерлери менен тыгыз кызматташат, алардын бири – Бейшебаев Бакыт Аскерович.

Бейшебаев Бакыт Аскерович 1987-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктап, андан соң ординатураны бүтүргөн. Ал кургак учук менен күрөшүүнү өзүнүн вазыйпасы экенин дароо түшүнгөн. Кыргыз Республикасына Эмгек сиңирген дарыгер, атасы Бейшебаев Аскер Бейшебаевичтин кеңештерине шыктанып, ал фтизиатр-дарыгер кесибин тандап алган.

“Бүгүнкү күндө кургак учук менен ооругандардын контингенти оңой эмес. Биз оорунун дарыга туруктуу жана сезимтал формаларына туш болуп жатабыз, бул болсо кургак учукту дарылоо процессин татаалдаштырып, оорудан айыгуу мөөнөтүн узартып жатат. Көптөгөн бейтаптар дарылануу курсун аягына чыгарбай эле таштап коюшууда. Андан кийин мындай бейтаптарды издеп, башка дарыгерлер менен тыгыз иштешип, туугандарын таап, бейтаптарды дарылоонун толук курсун бүтүрүүгө ынандырабыз. Биздин кесипте эң башкысы – кургак учукту өз убагында аныктоо. Кургак учукту канчалык эрте аныктасак, бейтап ошончолук тез сакайып кетет”.

 

Бакыт Аскеровичтин айтымында, калктын өзөктүк катмарына кирген бейтаптарды издөөдө жана алар менен иш алып барууда “Улукман Дарыгер” сыяктуу өкмөттүк эмес уюмдар чоң жардам көрсөтүп жатышат.

“Улукман Дарыгер” коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Улан Турсунбаев калк арасында кургак учук менен ооруган адамдарга карата стигма чоң болгонун, ВИЧ менен жашаган адамдардай көп кездешпесе да, бирок адамдар медициналык мекемелерге кайрылуудан корккону үчүн стигма жетиштүү болуп жатканын айтты.

“Биздин милдет – өзөктүк топтордогу адамдарды табуу гана эмес, аларда коркуу сезимин жеңүүгө жардам берүү. Кургак учуктун алдын алууга жана айыктырууга болот. Социалдык кызматкерлер мындай адамдарды табышат, аларды дарыланууга көндүрүшөт, дарылоону баштоо үчүн аларды медициналык мекемелерге алып келүүгө аракет кылышат”.

БУУӨПтүн “ВИЧке жана кургак учукка натыйжалуу көзөмөл” долбоорунун “Улукман Дарыгер”, фтизиатр-дарыгерлер жана Кургак учукка каршы күрөшүү боюнча облустук борбор менен 6 айдан берки өнөктөштүктө 710 адам алгачкы скринингден өттү, кургак учук менен ооруган адамдардын жакын чөйрөсүнөн жана өзөктүк топтордон 69 адам текшерилген, жамааттар арасында кургак учуктун 8 учуру аныкталган.

Кургак учуктун туруктуу түрлөрү менен ооруган адамдар СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдык фонддун грантынын эсебинен акысыз дарыланат.