Кыргыз Республикасы бизнес жана адам укуктары чөйрөсүндө иш-аракеттер планын кабыл алды

2025-ж., 16-January
a group of women sitting at a table
БУУӨП / Кыргызстан

Бишкек, 16-январь 2025 – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2025–2027-жылдарга адам укуктары аспектинде ишкердик иши БУУнун жетектөөчү принциптерин ишке ашыруу программасын, ошондой эле аны ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын бекитти. Бул кадам менен Кыргызстан бизнес жана адам укуктары маселелери боюнча улуттук иш-аракеттер планын кабыл алган жана ишке ашырган дүйнөдөгү 21чи жана Борбордук Азия жана КМШда биринчи өлкө болот.

Программанын максаты адам укуктарынын сакталышы үчүн корпоративдик жоопкерчиликти илгерилетүү, өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу, бизнес жана адам укуктары маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишинде бирдиктүү мамилени түзүү болуп саналат. Белгилей кетсек, дүйнөнүн 30дан ашык өлкөсү ушул сыяктуу пландарды ишке ашырышкан жана алардын 20сы бул жаатта улуттук стратегияларды активдүү ишке ашырып жатышат.

Программаны кабыл алуу эл аралык стандарттарга берилгендигин көрсөтүү жана бизнес үчүн ачык-айкын шарттарды түзүү менен Кыргызстанга Борбордук Азияда бизнести өнүктөрүүдө өз позицияларын бекемдөөгө мүмкүндүк берет. Бул кадам өлкөнү өнүктүрүүдө эл аралык инвесторлор үчүн ишенимдүү жана социалдык жоопту өнөктөш катары маанилүү элемент боло алат.  

Программа Экономика жана коммерция министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Аппаратына техникалык жардам көрсөткөн БУУӨПтүн колдоосу менен ишке ашырылган. Ошондой эле БУУӨП иш-аракеттер планын иштеп чыгуу боюнча Ведомстволор аралык жумушчу топту түзүүгө, Бизнес жана адам укуктары маселеси боюнча улуттук базалык баалоону, ЖМКда маалымат компанияларды жана окутууларды өткөрүүгө көмөктөшкөн. 

Программаны ишке ашыруунун алкагында бизнести өнүктүрүү боюнча чараларды мамлекеттик программаларга жана өнүктүрүү стратегияларына киргизүү, министрликтер менен ведомстволордун ортосунда тыгыз өз ара аракеттенишүүнү орнотуу, ошондой эле кадрларды окутуу жана квалификациясын жогорулатууга көңүл буруу пландалууда. Ошондой эле тажрыйба жана мыкты практикалар менен алмашуу үчүн эл аралык өнөктөштөрдү жана эксперттерди тартуу болжолдонууда.

2011-жылы Адам укуктары боюнча кеңеши тарабынан бизнести жүргүзүүнүн эл аралык стандарты болуп калган «Адам укуктары аспектинде ишкердик иши жөнүндө БУУнун жетектөөчү принциптери» бир добуш менен жактырылган. Бул принциптер үч негизги компонентти камтыйт: 

  1. Мамлекеттин адам укуктарын коргоо милдети;
  2. Бизнестин адам укуктарын коргоо милдети;
  3. Укуктарды бузууда укуктук коргоо кепилдиги.

Кыргызстанда Иш-аракеттер планын кабыл алуу жана ишке ашыруу глобалдык экономиканын тез өзгөрүүсүнүн шартында ар бир адамдын кадыр-баркына, керектөөлөрүнө жана кызыкчылыктарына көңүл бурууну камсыз кылуу менен ишкердик чөйрөдө адам укуктарын коргоо үчүн негизги болуп саналат.