Кургак учук оорусу менен ооруп, оор абалда калган бейтаптар эми БУУӨП тарабынан уюштурулган убактылуу турак жайды колдоно алышат

2021-ж., 6-May

Сүрөт: Дилшат Хаитов / ПРООН Кыргызстан

БУУнун өнүктүрүү программасы (БУУӨП) амбулатордук дарыланууда болгон жана оор жашоо абалында калган кургак учуктун дарыга туруктуу формасы менен ооруган адамдар үчүн убактылуу турак жай борборун (шелтер) ачты. Бишкекте жайгашкан, «TB People» коомдук уюму башкарган борбор 2021-жылдын март айынан тарта иштейт. Ал, муктаж болгон бейтаптар өз дарылоосун аягына чыгарып алышы үчүн, алардын жашап турушун, негизги тиричилик кызматтарын (тамактануу, душ, кир жуу), ошондой эле медициналык, социалдык жана психологиялык колдоону камсыздайт.

Азыркы учурда бул Кыргыз Республиасындагы кургак учук оорусу менен ооруган бейтаптар үчүн жалгыз борбор болуп саналат жана Кыргызстанда кургак учук эпидемиясына каршы күрөшүүдө жана дарылоонун жагымдуу натыйжаларын жакшыртууда жардам үчүн ачылган. Кыргыз Республикасы – дарыга туруктуу кургак учуктун саны жогору болгон 30 өлкөнүн ичине кирет жана аны дарылоо эки жылга чейин созулушу мүмкүн. Бейтап өз убагында диагноздолуп, толугу менен дарыланып бүтсө, кургак учукту дарылоо жана анын таралышынын алдын алуу мүмкүн.бул борбор Глобалдык фонддун БУУӨП тарабынан ишке ашырылган 2021-2023-жылдары СПИДге, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүүдөгү жаңы өлкөлүк грантынын бир бөлүгү болуп саналат.

Сүрөт: Дилшат Хаитов / ПРООН Кыргызстан

«Дарыланууну каалаган, бирок жашай турган жери жок адамдар бар, натыйжада, алар дарыларды алуу үчүн, белгилүү бир бейтапканага ФАПка же ҮБДТга бекитилбей калышат. бул б орбор – кургак учук менен ооруган адамдар үчүн мыкты мүмкүнчүлүк», - дейт  «TB People» коомдук уюмунун директору Дильшат Хаитов. Ал ачылгандан бери, бир айда борбор он кардарды кабыл алды: «Алардын ичинде абактан бошотулган адамдар бар; биз аларга туугандары менен байланышып, жашай тарган жер таап, ошол учурда дарыланууну улантууга жардам беребиз. Кээ бир кардарлардын бул жерден дарыланууну аяктап, коомго адаптацияланып, жумуш таап, документтерин калыбына келтирүүгө убактылары болгон».

Борбор, анын кардарлары бутуна туруп, келечекте өз ден-соолугун сактоо үчүн татыктуу жашоо шарттарын табышы үчүн, бардык күч-аракетин жумшайт. Борбордун кардарлары дарыгерлердин, дарылануудагы жардамчылардын, консультанттардын, психологдордун жана юристтердин колдоосун да алышат. Алар ар бир кардарга дарыланууну аяктоо жана өлкөдө кургак учукту жайылтууну чектөө үчүн, биргеликте иштешет.

Сүрөт: Дилшат Хаитов / ПРООН Кыргызстан

Мындан тышкары, борбордо балдарда кургак учукту эрте аныктоо үчүн БУУӨП долбоору / Глобалдык фонд тарабынан каржыланган Бишкекке компьютердик томографияга (КТ) келген балалуу энелерди жайгаштыруу үчүн бөлмө каралган.

БУУӨПтүн «Кыргыз Республикасында АИЖВ жана КУну натыйжалуу көзөмөлдөө» долбоору Бишкек жана Ош шаарларында АИЖВ менен жашаган адамдарга эки шелтерди каржылоону улантып, АИЖВны жуктуруу тобокелдиги жогору болгон негизги калк топтору үчүн борборлорду колдойт.

ММК үчүн байланыш:

Айнагуль Абдрахманова

ainagul.abdrakhmanova@undp.org

+996 770 183 493