Коронавирус чакан жана орто бизнеске кандай таасирин тийгизди? БУУӨПтүн изилдөөсү

2020-ж., 13-May

Сүрөт: freepik.com

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо кризисинен тышкары, коронавирус пандемиясы (COVID-19) экономикага жана БУУнун туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүгө да чоң таасирин тийгизүүдө.

Финляндия Өкмөтү тарабынан каржыланган БУУнун  Өнүктүрүү Программасынын «Соодага көмөк көрсөтүү» долбоорунун колдоосу менен, 2020-жылдын 29-апрелинен 6-майына чейин Кыргызстандын микро, кичи жана орто ишканаларына COVID-19 таасиринин деңгээлин аныктоо максатында компанияларга сурамжылоо жүргүзүлдү. Сурамжылоого республика боюнча кокустан (random) тандалган 606 ишкананын өкүлдөрү катышты, алардын ичинен 61 пайызы чакан компаниялардын өкүлдөрү, бул компаниялардагы жалпы ишкерлердин саны 15 кишиге жетпеген, алардын 75 пайызы туруктуу иш жүргүзүп жана 4 жылдан ашык иштеп келе жаткан компаниялардын катарына кирет. Сурамжыланган компаниялар экономиканын соода-сатык, транспорт, кызмат көрсөтүү, өндүрүш, туризм, тамактануу, импорттоо / экспорттоо жана айыл чарба тармактарында иш алып барышат.

Сурамжылоонун алдын-ала жыйынтыктары боюнча, COVID-19 пандемиясына байланышкан кризис сурамжыланган компаниялардын дээрлик бардыгынын ишине таасирин тийгизип, алардын көпчүлүгү кескин чараларды көрүүгө, алардын катарында, айрым кызматкерлерди акы төлөнбөгөн өргүүгө жөнөтүү, айрым учурларда алардын ишин токтотууга аргасыз болушкан.

COVID-19 кризисинин бизнес чөйрөсүнө тийгизген таасиринин так натыйжалары жакында жарыяланат. Берилген маалыматтар кризистин экономиканын ар кайсы тармактары үчүн кесепеттерин, ошондой эле ишкердүүлүктү калыбына келтирүү боюнча колдоо чараларын жана сунуштарды камтыйт.

БУУнун  Өнүктүрүү Программасы Кыргыз Республикасына экономикалык жигердүүлүктү калыбына келтирүүдө жана дүйнөлүк эпидемиянын узак мөөнөттүү кесепеттерин минимизациялоодо көмөк көрсөтөт.