Өкмөт жана БУУӨП жашыл жана климаттык каржылоону өнүктүрүү боюнча жаңы долбоорду ишке киргизди
2025-ж., 18-June
Бишкек, 18-июнь 2025 — Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жашыл жана климаттык каржылоого жетүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган жаңы долбоорду ишке киргизишти.
Бул демилге өлкөнүн 2040-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасы жана Париж келишими боюнча кабыл алган милдеттенмелери менен шайкеш келет. Тактап айтканда, Кыргызстан 2030-жылга чейин парник газдарынын бөлүнүшүн 43,62% кыскартууну көздөп жатат.
«Бул долбоордун башталышы – климаттык максаттарды пландаштыруудан аларды практикалык ишке ашырууга карай олуттуу кадам. Биздин максат — улуттук институттар климаттык жана жашыл каржылоону өз алдынча башкарууга, аны текшерүүгө жана кеңейтүүгө жөндөмдүү болушу керек», — деди Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин орун басары Кубат Касейинов..
Долбоор Жашыл климаттык фондтун (ЖКФ) колдоосу менен ишке ашырылып, каржы секторундагы негизги институционалдык жана жөнгө салуучу тоскоолдуктарды жоюуга багытталган. Долбоор алкагында:
жашыл каржылоону текшерүү жана баалоо боюнча улуттук системанын негиздери түзүлөт;
коммерциялык банктар жана мамлекеттик мекемелер үчүн атайын окутуулар уюштурулат;
жашыл насыя берүүнү кеңейтүүгө көмөктөшүүчү жөнгө салуучу стимулдар жана тобокелчиликти азайтуу механизмдери иштелип чыгат;
жакында кабыл алынган Жашыл таксономияны иш жүзүндө колдонуу үчүн ыкчам колдонмолор жана усулдук көрсөтмөлөр даярдалат.
БУУӨП ошондой эле улуттук өнөктөштөргө ЖКФ жана башка эл аралык булактардан климаттык каржылоону тартууга багытталган экономикалык негиздемеси бар долбоорлорду даярдоого көмөктөшөт.
«Каржы институттары климаттык максаттарды ишке ашырууда негизги роль ойнойт. Бул долбоор жашыл экономиканын инструментеринин калыптанышына өбөлгө түзөт», — деп билдирди БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева.
Долбоор Улуттук банк, Экономика жана коммерция министрлиги, Климаттык каржылоо борбору, Өнүктүрүү банкы, Банктар союзу жана башка улуттук институттар менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашырылат. Айрым коммерциялык банктарга техникалык жардам көрсөтүлөт.
Долбоордун негизги максаттары — так жөнгө салуучу ченемдердин жоктугун, жашыл инвестицияларды көзөмөлдөө боюнча чектелген мүмкүнчүлүктөрдү, стимулдардын жоктугун жана эл аралык каржылоо менен өз ара аракеттенүүдөгү көйгөйлөрдү чечүү.
Долбоорду координациялоо Жаратылыш ресурстары министрлиги жана Климаттык каржылоо борбору тарабынан жүзөгө ашырылат. Бул улуттук лидерликти камсыз кылууга, техникалык шайкештикти жана жашыл экономикага өтүү боюнча иштеп жаткан стратегиялар менен интеграцияны камсыз кылууга багытталган.