Баткенде мамлекеттик кызматтарды жакшыртуу: БУУӨП жергиликтүү жамааттар үчүн санариптик чечимдерди колдойт
2025-ж., 4-February
Баткен, 4-февраль 2025 – Баткен облусунун комплекстүү өнүгүүсүн колдоо алкагында, БУУӨП жергиликтүү бийлик органдары менен кызматташып, мамлекеттик кызматтарды натыйжалуураак жана жеткиликтүүрөөк кылууга көмөктөшүүдө. Баткен облусун комплекстүү өнүктүрүү программасынын алкагында санариптик чечимдер инклюзивдүү өсүүнү колдоо, башкарууну өркүндөтүү жана регион тургундарынын жашоо сапатын жогорулатуу үчүн колдонулат. Ушул ишмердүүлүктүн алкагында, БУУӨП муниципалдык органдарга планшеттер жана кеңсе жабдууларын өткөрүп берип, алардын негизги кызматтарды жарандарга сапаттуу көрсөтүүсүнө шарт түзүүдө.
Санариптик инструменттерди киргизүү кызмат көрсөтүүнү оптималдаштырууга, ачык-айкындуулукту жогорулатууга жана муниципалдык ишканалар менен жергиликтүү жамааттар ортосундагы ишенимди бекемдөөгө багытталган. Суу менен камсыздоо, таштанды чыгаруу жана коммуналдык кызматтарды көрсөтүү боюнча жоопкерчиликтүү жети муниципалдык уюм өз операциялык муктаждыктарына ылайыкташтырылган жабдууларды алышты. Бул аларга санариптик эсеп-кысап тутумун ишке киргизүүгө жана кызматтарды башкарууну оптималдаштырууга мүмкүндүк берет. Кыргызстандагы башка аймактарда да ушундай санариптик чечимдер ийгиликтүү колдонулуп, төлөмдөрдүн жыйымдарын көбөйтүүгө жана отчеттуулукту бекемдөөгө өбөлгө түзгөн.

Иш-чаранын жүрүшүндө муниципалдык ишканалардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү санариптик трансформация боюнча тажрыйба алмашты. «Лейлек Тазалык» муниципалдык ишканасынын өкүлү Мухамедали Абдурахманов Раззаков шаарында биллинг тутумун ишке ашыруу тажрыйбасы менен бөлүшүп, анын негизги артыкчылыктарын, кыйынчылыктарын жана алынган сабактарды белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров бул жетишкендиктердин маанилүүлүгүн баса белгиледи: «Муниципалдык органдардын санариптик мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо – кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуунун жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун камсыздоонун маанилүү кадамы. БУУӨПтүн Баткен облусун комплекстүү өнүктүрүү программасынын алкагындагы биргелешкен аракеттер жергиликтүү жамааттар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт».

«Технологияларды колдонуу жөн гана натыйжалуулукту жогорулатуу менен чектелбеши керек – алар инклюзивдүү өнүгүүнүн куралы болушу зарыл», – деп белгиледи БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева. «Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө санариптик чечимдерди интеграциялоо жоопкерчиликтүү, ачык-айкын жана жарандарга багытталган башкаруу тутумдарын түзүүгө жардам берет, бул узак мөөнөттүү өнүгүүгө жана коомдук ынтымакка өбөлгө түзөт».
БУУӨП санариптик трансформацияга инвестиция салуу аркылуу өзүнүн кеңири өнүгүү стратегиясынын алкагында улуттук жана жергиликтүү өнөктөштөр менен кызматташып, мамлекеттик кызмат көрсөтүү тутумдарын туруктуу жана натыйжалуу кылууга аракет кылууда. Бул иш-аракеттердин натыйжасында эң алыскы жамааттар да модернизациядан пайда көрө алышат.