Элет аялдарынын лидерлиги жана майыптуулугу бар адамдарга карата стереотиптерди жоюу жөнүндө медиаконкурс

2020-ж., 20-May

Журналисттер БУУӨПтүн долбоорунун алкагында өткөрүлгөн окутуу учурунда. Сүрөт: Чынтемир Калбаев / БУУӨП Кыргызстан

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги БУУӨПтүнКРдагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү өркүндөтүү үчүн акыйкаттыкка болгон туруктуу жеткиликтүүлүккө карай» долбоору менен бирге журналисттер жана блогерлер арасында сынак жарыялайт. Сынак төмөнкү темада болмокчу:

1.     “Ийгиликтүү элеттик аял”

Сынактын максаты элеттик аялдардын, анын ичинде башчы, ишкер, инноватор, саясатчы аялдардын позитивдүү образын түзүү жана билим деңгээлин жогорулатуу, экономикалык активдүүлүктү, гендердик стереотиптерди жана ошондой эле гендердик-сезимтал лексиканы илгерилетүү болуп эсептелет.

Сынакка ишкердик жана саясат менен алектенип, жумуш ордун түзүү, талант жана хоббилерин өнүктүрүү, каражат табуунун инновациялык жолдорун издөө, үй чарбасын активдүү жана майнаптуу жүргүзгөн элет аялдарынын образын ачкан материалдар кабыл алынат.

Катышуучуларга жана материалдарга болгон бардык талаптар жана сурам жиберүү жоболору бул жерде.

2.     «Стереотипсиз жашоо»

Сынак майыптуулугу бар адамдардын позитивдүү жана виктимизацияланбаган образын берүү, стереотиптерди жоюу, жайлуу жана жеткиликтүү социалдык-экономикалык чөйрө түзүү, адилеттикти жеткиликтүү кылуу жана ошондой эле сезимтал терминологияны илгерилетүүгө өбөлгө түзүү максатын көздөйт.

Катышуучуларга жана материалдарга болгон бардык талаптар жана сурам жиберүү жоболору бул жерде.

Сынактын жеңүүчүлөрү эки номинация боюнча сыйлыкка ээ болушат:

Эң мыкты журналисттик эмгек

1-орун – Ноутбук

2-орун – Букридер

3-орун – Уюлдук телефон  

Кызыктыруучу сыйлыктар  

Эң мыкты блог

1-орун – Ноутбук

2-орун – Букридер

3-орун – Уюлдук телефон  

Кызыктыруучу сыйлыктар 

Сынакка катышуу үчүн материалдардын скан версиясын же шилтемелерин competition.kg@gmail.com электрондук дарегине "Ийгиликтүү айылдык айым" же “Стереотипсиз жашоо” деген тема менен жөнөтүү керек.

Маалымат үчүн:

Сынактын катышуучулары ЭСӨМдүн (МТСР) майыптуулугу бар адамдар жана элет аялдарына карата терс стереотиптер тууралуу изилдөөсү жана ошондой эле кыргыз жана орус тилиндеги инфографикалык маалымат менен таанышууга чакырылат.

Байланыш үчүн:

Кымбат Кыдыралиева, 0554 011 049