Баткенде «ARTүрдүүлүк: Маданияттардын кесилишинде» аттуу маданий фестиваль өттү
2025-ж., 13-October
Баткендеги «ARTүрдүүлүк» фестивалы учурунда
Баткен, 13-октябрь 2025 — Баткенде «ARTүрдүүлүк: Баткен — Маданияттардын кесилишинде» аттуу маданий фестиваль өттү. Аны Баткен шаардык мэриясы Баткен мамлекеттик университети менен биргеликте, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) колдоосу менен уюштурган.
Фестиваль Ош-Баткен-Самаркандек-Зардалы маршруту боюнча Баткен аймагы аркылуу өткөн чыгармачыл экспедициянын жыйынтыгын белгиледи. Демилге аймактын туристтик потенциалын искусство, заманбап технологиялар жана чыгармачыл маданий идеялар аркылуу өнүктүрүүгө багытталган.
Иш-чарага он бир кыргыз сүрөтчүсү, анын ичинде жаңыдан чыгып келе жаткан таланттар жана белгилүү чеберлер катышты. Алар жергиликтүү тургундар менен тажрыйбалары менен бөлүшүп, сүрөт тартуу, санариптик искусство жана салттуу чий-курчак куурчактарын жаратуу боюнча мастер-класстарды өткөрүштү. Бул ачык сабактарга жана чыгармачыл жолугушууларга жүздөн ашык баткендик катышты.
БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева мындай деп белгиледи: «БУУӨП маданият жана чыгармачылык аркылуу социалдык биримдикти чыңдоо боюнча Кыргыз Өкмөтүнүн аракеттерин колдойт. Мындай демилгелер адамдардын биригишине, өз аймагы менен сыймыктанышына жана тынчтык жана туруктуу келечекти куруу үчүн биргелешип иштөөсүнө жардам берет».
Фестиваль программасына сүрөтчүлөрдүн жана кол өнөрчүлөрдүн эмгектеринин көргөзмөсү, кол өнөрчүлүк жарманкеси жана Тургунбай Садыков атындагы балдар искусство мектебинин көргөзмөсү кирди. Профессор Абдинаби Кадыровдун «Байыркы доордон заманбаптыкка чейин: Баткендин маданий жана туристтик байлыгы» аттуу ачык лекциясы өзгөчө кызыгууну жаратты, анда ал аймактын байыркы маданий салттардын борбору жана ички туризм үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр катары өзгөчө ролун баса белгиледи.
Маданий программада Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Алия Жамантаеванын жетекчилиги астында Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театрынын артисттеринин өнөрлөрү көрсөтүлдү.
«ARTүрдүүлүк» фестивалы биримдиктин жана ар түрдүүлүктүн символуна айланып, маданият жана чыгармачылык Кыргызстандын аймактарында социалдык биримдикти жана туруктуу өнүгүүнү чыңдоо үчүн күчтүү курал боло аларын көрсөттү. Фестивалды Ош облустук көркөм өнөр музейи уюштурган.
Долбоорду Орусия Федерациясынын каржылык колдоосу менен БУУӨПтүн ишке ашырат.