Create4Design жасалма интеллект доорунда: креативдүү экономика жана дизайн Кыргызстандын келечегин кандай калыптандырууда

Бишкек, 27-апрель 2026-жыл — 25-апрелде Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк чыгармачылык жана инновация күнүна арналган Креативдүүлүк жумалыгынын негизги иш-чарасы — “Create4Design: жасалма интеллект доорунда” фестивалы өттү. Иш-чара ар кандай тармактагы адамдарды — чыгармачыл адистерди, ишкерлерди, мугалимдерди, IT-коомчулукту жана өнүктүрүү өнөктөштөрүн — бир жерге чогултуп, Кыргызстандын экономикасынын келечеги тууралуу пикир алмашууга шарт түздү.

2026-ж., 27-April
Collage of a woman speaking on stage, people in traditional dress, and a crowded audience.

Create4Design фестивалы

БУУӨП Кыргызстан

Create4 демилгеси 2022-жылы Кыргызстандагы БУУӨП жана Креативдүү индустриялар ассоциациясы тарабынан биргелешип негизделген. Анын максаты — жаңы экономикалык багыттарды өнүктүрүү, инновациялык ишкерликти колдоо жана адам капиталына инвестиция салуу. Ошондон бери фестиваль идея алмашууга, кызматташууга жана практикалык чечимдерди табууга шарт түзгөн маанилүү аянтчага айланды.

Бүгүн чыгармачылык экономика Кыргызстан үчүн барган сайын маанилүү болуп баратат. 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасында инновация, санариптик трансформация, ишкерликти колдоо жана жаңы көндүмдөр негизги багыттар катары белгиленген. Ошондуктан креатидүү индустриялар жаңы жумуш орундарын түзүүдө, кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоодо, жаштарды тартууда жана өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууда чоң мүмкүнчүлүк катары каралууда.

Акыркы жылдары бул тармак туруктуу өсүп жатат. Дизайн, жарнама, IT жана программалоо, кино жана видео өндүрүш, архитектура, мода, кол өнөрчүлүк, маданий иш-чаралар жана санариптик контент — баары активдүү өнүгүүдө. Бул багыттар адамдарга өз идеяларын реалдуу продуктка жана кызматка айлантууга мүмкүнчүлүк берет.

Быйылкы тема — «ЖИ доорундагы дизайн» — маанилүү суроого жооп издеди: технологияларды кантип колдонсок болот, ошол эле учурда адамдын чыгармачылыгын, өзгөчөлүгүн жана оригиналдуу ой жүгүртүүсүн сактап калабыз?

“БУУӨП креативдүү экономиканы өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн, татыктуу жумуш орундарын түзүүнүн жана жаштарга мүмкүнчүлүк берүүнүн маанилүү багыты катары карайт. Create4 сыяктуу демилгелер таланттарды, технологияларды жана ишкерликти бириктирип, идеялардын ишке ашуусуна шарт түзөт”, — деди БУУӨП Туруктуу Өкүлү Александра Соловьева.

Фестивалдын расмий бөлүгү Креативдүү индустриялар ассоциациясы менен биргеликте өткөн EDxCreativity блогунан башталды. Анда эксперттер балдардын чыгармачылыгы кандай калыптанары, келечекте кандай көндүмдөр керек болоору жана билим берүүнүн ролу кандай өзгөрүп жатканы тууралуу талкуулашты. Өзгөчө көңүл жөн гана керектөөчүлөрдү эмес, жаратуучуларды тарбиялоого бурулду.

Күндүн өзгөчө учурларынын бири — «Заманбап мугалим» долбоорунун пилоттук мектептеринин окуучулары даярдаган «Көчмөн кыял» спектакли болду. Бул чыгарма билим берүү, маданият жана инновацияны бириктирген жакшы мисал болуп берди.

“Create4 — бул жөн гана фестиваль эмес, идеяларын ишке ашырып жаткан адамдардын жандуу коомчулугу. ЖИ доорунда мындай аянтчаны бирге түзүп жатканыбыз абдан маанилүү”, — деди Креативдүү индустриялар ассоциациясынын директору Назгул Кубакаева.

Фестивалдын жүрүшүндө ар кандай практикалык иш-чаралар өттү: брендинг боюнча мастер-класстар, AI-продукттарды түзүү, код жазуу боюнча сабактар, кол өнөрчүлүк жана дизайн жарманкелери, жергиликтүү бренддердин көргөзмөлөрү, карьера зоналары жана жаңы кызматтардын презентациялары.

Фестивалдын алкагында Бишкекте Креативдүүлүк жумалыгы өттү. Анын алкагында AI Debate Showcase, Чыгармачыл жарнама күнү, PechaKucha жолугушуусу жана БУУӨП уюштурган жасалма интеллекттин адам өнүгүүсүнө тийгизген таасири боюнча панелдик талкуу өткөрүлдү.

Дизайн конкурстары да фестивалдын маанилүү бөлүгү болду. Бир ай ичинде 10 компания катышуучуларга чыныгы бизнес тапшырмаларын берди — мерчтен тартып визуалдык концепцияларга чейин. Бул жаш адистерге тажрыйба топтоого, портфолио түзүүгө жана рынокко чыгууга жакшы мүмкүнчүлүк болду. Ал эми бизнес үчүн жаңы идеяларды жана таланттарды таануга мүмкүнчүлүк берди.

Фестиваль Voskhod For Peace компаниясынын бренд-дизайн директору Владислав Деревянных «PostDigital — Generate баскычынан кийинки дизайн» аттуу лекциясы менен жыйынтыкталды. Ал негизги ойду белгиледи: жасалма интеллект күчтүү курал болгону менен, маани, стратегия жана маданий контекстти адам жаратат.

Create4Design фестивалы жаңы өнөктөштүктөргө, идеяларга жана чечимдерге жол ачып, Кыргызстандагы креативдүү экономиканын өнүгүшүнө салым кошууда. БУУӨП мындан ары да инновацияны, талантты жана ишкерликти колдоону улантат.

Креативдүү индустриялар фестивалы Create4 — креативдүү экономиканы жана креаторлор коомчулугун өнүктүрүүгө арналган чоң масштабдуу платформа. Аны 2022-жылы БУУӨП @undpkg жана Креативдүү индустриялар ассоциациясы биргелешип негиздеген. “Create4Design жасалма интеллект доорунда” расмий өнөктөштөрү —Креативдуу Индустриялар Паркы, ololo компания тобу жана Namba Media агенттиги @nambamedia.