COVID-19: БУУнун Өнүктүрүү программасы жана СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдык фонд Улуттук инфекциялык ооруканага компьютердик томография тапшырды.

2021-ж., 28-July

Бүгүн, 2021-жылдын 28-июлунда, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) жана СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдык фонд Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына компьютердик томография аппаратын тапшырышты.

Бул технология көптөгөн оорулардын диагнозун  так жана алдын ала эрте  коюуга жардам берүү менен  COVID-19 га байланышкан оорулардын өз убагында аныкталышына колдоо көрсөтө алгандыгы  өзгөчө мааниге ээ. Бул Кыргызстандын мамлекеттик саламаттыкты сактоо тутумундагы көп учурабаган  компьютердик томография  шаймандарынын бири.

Аппарат БУУнун Өнүктүрүү Программасы  тарабынан Глобалдык Фонддун «Кыргыз Республикасында ВИЧти жана кургак учукту натыйжалуу контролдоо» долбоорунун алкагында сатылып алынып, жалпы суммасы 407 247,72 АКШ долларын түзөт. Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы КТ бөлмөсүн өз эсебинен толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, COVID-19га каршы күрөшүүдө башкы сапта турат.

Компьютердик томограф эл аралык эксперт тарабынан орнотулуп азыркы күндө иштеп жатат. Бул шайман COVID-19га байланыштуу диагностикадан тышкары, БУУнун Өнүктүрүү Программасынын  «ВИЧ жана Кургак учукту натыйжалуу контролдоо» долбоорунун алкагында кургак учук менен ооругандарга, ВИЧ менен жашаган адамдарга жана элдин аярлуу топторуна  КТдан  акысыз текшерүүдөн  өтүүгө мүмкүнчүлүк берилди.  КТ жаш балдарда кургак учукту өз убагында  аныктоого жана дарылоо үчүн өзгөчө пайдалуу.

«БУУ нуну Өнүктүрүү Программасы  биз ар бир жашоо маанилүү деп эсептейбиз жана бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана өнүгүү министрлиги менен туруктуу жана жемиштүү кызматташтыгыбызды дагы бир жолу тастыктайт. Дүйнөлүк пандемия учурунда бул кайрымдуулук медициналык кызматкерлерге өз убагында жана так диагноз коюуга, бейтаптардагы олуттуу кыйынчылыктардын алдын алууга жана ошону менен көп адамдардын өмүрүн сактап калууга жардам берет деп үмүттөнөбүз ”, - деди  БУУ нуну Өнүктүрүү Программасынын “ВИЧ жана Кургак учукка каршы эффективдүү күрөшүү” Долбоорунун координатору Инга Бабичева.

БУУнун Өнүктүрүү Программасы  2011-жылдан бери Глобалдык Фонддун гранттарын ишке ашырып келүүдө. Алар ВИЧке жана кургак учукка каршы күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын программаларын жигердүү колдоп, сапаттуу профилактиканы камсыздоо, диагностикалоо, дарылоо жана жардам көрсөтүп келет. COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү жана саламаттыкты сактоо тутумун колдоо үчүн кошумча каражат да бөлүнгөн.

Cүрөттөр: https://www.flickr.com/photos/undpkg/albums/72157719603808616