фото: Дмитрий Мотинов / БУУӨП Кыргызстан
27-октябрдан тартып Чүй облусунда «Элеттик аялдар» долбоорунун алкагында электтик аялдарга карата басмырлоочу стереотиптерди жоюуга көмөктөшүү боюнча тренингдердин сериясы ишин баштады.
Иш-чаралардын максаты - элеттик аялдарга өз укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, аларга карата басмырлоочу стереотиптерди жоюуга көмөктөшүү жана чечим кабыл алуучу адамдар менен жарандык коом уюмдарынын дараметин күчөтүү болуп саналат. Иш-чараларга Чүй жана Ош облустарынын аял тургундары, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Долбоорго жалпысынан 600 адам, анын ичинде чечим кабыл алуучу 200 адам жана айыл жергесинде жашаган 400 аял камтылышы пландалууда.
Дамира Бустанова
«Элеттик аялдар» долбоорунун менеджери Дамира Бустанова белгилегендей, Кыргызстандагы аялдардын дээрлик 65 пайызы айыл жергесинде жашайт. Айылдагы турмуштун аялдарга мүнөздүү көрүнүшү болуп гендердик сезимтал эместик жана социалдык багыттуу болбогондук эсептелинет. «Өткөрүлгөн тренингдердин жүрүшүндө аларга катышкан айымдардын ичинен жергиликтүү деңгээлдеги активисттер катары жигердүү жана демилгелүү аялдарды окутуу учурундагы маалымат менен билимди элге кеңири жайылтуу жана Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлоруна жана Тилектештик автобустарына кеп-кеңеш-укуктук жардам алуу үчүн кайрылган аялдардын санын көбөйтүү максатында тандап алуу пландалууда», - деп маалымдады ал. Бул укуктук сабаттуулуктун жана өз укуктарын билүүнүн деңгээлин жогорулатууга көмөкчү болот.
Тренингдер коммерциялык эмес уюмдардын машыктыруучулары, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистери жана элеттик аялдардын дараметин жогорулатуу жана алардын укуктарын коргоо менен алектенген башка кызыкдар мекемелер үчүн "Элеттик аялдарга карата басмырлоочу стереотиптерди жоюуга көмөктөшүү" (Д.Мадалбекова, Б.Сүйүналиева, 2019) колдонмосунун негизинде жүргүзүлөт. Колдонмо БУУӨПтүн колдоосу менен даярдалган жана аны биздин сайттан тапса болот.
фото: Дмитрий Мотинов / БУУӨП Кыргызстан
Колдонмодо камтылган маалыматтарга ылайык, эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстанда эмгекке жарамдуу курактагы аялдардын экономикалык ишмердиги 2 эсеге, дээрлик 80%дан 40%га чейин төмөндөгөн. Статистикалык маалыматтар аялдарга өз экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде ишкерчиликке болгон жөндөмдөрүн жүзөгө ашыруунун жеткиликтүү болушу кыйла төмөндөгөнүн ырастоодо. Элеттик аялдардын иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү теңсиз абалы жакырчылык көйгөйүнө, ал тургай тамак-аш боюнча басмырлоого алып келүүдө. Акы төлөнбөгөн өндүрүүчү жумушта иштеген аялдар жана жумушсуз аялдар жакырчылыктын чегинен төмөн жашаган эмгекке жарамдуу калктын жалпы санынын 72% түзөт.
фото: Дмитрий Мотинов / БУУӨП Кыргызстан
Тренинг презентация, чакан лекциялар, жалпы дискуссия, биргелешип акыл калчоо жана топтордо иштөө форматында өтөт. Катышуучулар бир нече топко бөлүнүп, гендердик стереотиптердин чагылышын талдашат жана стереотиптерди жок кылуу жана калыптандыруу жолдорун тандашат.
“Элеттик аялдар” долбоору жашоо сапатын жакшыртууга, маалыматтык менен укуктук маалымдуулук жеткиликтүү болушуна багытталган. Долбоордун максаты - элеттик аялдарга карата басмырлоочу стереотиптерди азайтууга жана четтетүү болуп саналат. Иш-чаралар БУУӨП жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин "Кыргыз Республикасында укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү учун туруктуу сот адилеттигине жетуу” долбоорунун колдоосунда өткөрүлүүдө.
Тренинг сүрөттөрү шилтеме боюнча жеткиликтүү: https://flic.kr/s/aHsmRRKk7Y
фото: Дмитрий Мотинов / БУУӨП Кыргызстан

