БУУӨП чек арадагы жамааттардагы юридикалык кызматтарга жеткиликтүүлуктү жакшыртуу боюнча чараларды баштайт

2020-ж., 8-December

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы, COVID-19 кризисине каршы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө көрсөткөн ар тараптуу жардамынын алкагында, алыскы пилоттук жамааттарда укуктук маалыматка жана юридикалык жардамга жеткиликтүүлүктү жакшыртуу боюнча жооп баштады.

Коронавирустун жайылышы Кыргызстандагы адамдардын жашоосуна, анын ичинде жарандардын укуктук маалыматка жеткиликтүүлүгүнө жана керектүү укуктук жана юридикалык жардамдарды көрсөтүүгө байланыштуу олуттуу таасирин тийгизди

 «Пандемия, тилекке каршы, уланууда, бирок жашоо токтой элек. Калктын укуктук маалыматка жеткиликтүүлүгү жана ар кандай турмуштук маселелер боюнча "ушул жерде жана азыр" форматында керектүү юридикалык жардам алуу муктаждыгы бар. Кээ бир укуктук маселелерди пандемия аяктаганга чейин жылдырууга болбойт. COVID-19га ар тараптуу жооп берүү көп сектордуу мамилени камтыйт жана бир гана медициналык жардам менен чектелип калбайт. Буга калкты социалдык, экономикалык жана укуктук жактан колдоо маселелери дагы кирет.»- деп белгиледи БУУӨДнун кеңешчиси Мукаш Калдаров.

Түзүлгөн кырдаалга жооп катары жана талаш-тартыштарды чечүүгө, мыйзам бузууларга каршы турууга жана бир катар маселелер боюнча укуктардын ишке ашырылышын камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берүү, анын ичинде пандемияда актуалдуу болуп жаткан жумуш менен камсыз кылуу жана эмгек маселелери, кредиттик жана банктык мамилелер, турак жай, социалдык төлөмдөргө же социалдык-экономикалык коргоонун башка механизмдерине жетүү. Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы “Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери” коомдук бирикмеси менен биргеликте COVID-19 контекстинде минималдуу стандарттардын сакталышын эске алуу менен 6 пилоттук жамааттарда калкка укуктук жардам көрсөтүүнү уюштурат.

«Юристтердин негизги милдети - буга чейин иштеп келген Кадамжай районунун Айдаркен шаарында, Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарында, Ала-Бука районунун Көк-Серек, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кашка-Суу, жана Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак, Араван районундагы Тепе-Коргон айыл аймактарында калкты тейлөө борборлорунун (КТБ) базасында укуктук жардам көрсөтүү.»-  деп «Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери» Коомдук Бирикмесинин жетекчиси Ашуров Азизбек түшүндүрдү.

Эксперттердин айтымында, долбоордун юристтеринен укуктук жардам пандемияда жарандардын ден-соолугун коргоо стандарттарын эске алуу менен өзгөчө кырдаалдар учурунда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча иштелип чыккан методиканын негизинде көрсөтүлөт.

Бул иш-чара Япония Өкмөтү тарабынан каржыланган жана COVID-19га ар тараптуу жана адамдарга багытталган социалдык-экономикалык реакцияга багытталган, БУУнун Өнүктүрүү Программасынын “COVID-19 боюнча, инклюзивдик жана көп сектордуу чара көрүүгө колдоо көрсөтүү жана анын Кыргыз Республикасына тийген социалдык-экономикалык залалдарынын четтетүү”  долбоорунун алкагында башталган.