«Бизге инклюзивдик коом жана ачык жүрѳк керек»

2019-ж., 5-November

UNDP in Kyrgyz Republic

БУУѲП «Социалдык кымат көрсөтүүнү өнүктүрүү Фонду» менен биргеликте Бишкек жана Ош шаарларында майыптыгы бар адамдарга карата дискриминациялык стереотиптердин тамырын кыркууга жана гендердик теӊчиликке көмөктөшүү боюнча бир нече тренингдерди өткөрдү (Бишкек – 31-октябрда, 1-ноябрда, Ош шаарында – 5-6-ноябрда).

Катышуучулар Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдык базасы жана БУУнун майыптыгы бар адамдардын укуктары жонундогу Конвенциясынын жалпы маалыматтары менен таанышышты; дискриминацияга алып келген стереотиптерди, майыптыгы бар адамдарга карата социалдык дистанциялардын көйгөйлөрүн талкуулашты, ошондой эле, «Майыптыгы бар аялдарга жана эркектерге карата жагымсыз стереотиптерди ачып көрсөтүү» изилдөөсүнүн натыйжалары менен таанышышты. «Эгерде абдан аялуулар үчүн шарттар түзүлсө, анда кызмат көрсөтүүлөргө шарттар жана жетишүү бардыгында пайда болот» деп – катышуучулардын бири белгиледи.

Бардык 36 катышуучулар аялдардын жана майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо чөйрөсүндө иштешкен уюмдардын өкүлдөрү болуп эсептелерин белгилей кетүү зарыл. Тренингдердин жыйынтыгы боюнча аларга сертификаттар тапшырылды жана буга окшогон тренингдерди аймактарда өткөрүү үчүн материалдар берилди.

Тренингдин жүзачарлары чоӊ кызыгуууну жаратты, бардык катышуучулар активдүү катышышты. Тренинг интерактивдүү оюндарды, мээ штурмун, топтордо иштөөнү, жеке иштерди камтыды. Ошондой эле, өздүк баа берүүнү жогорулатуу жана ички потенциалды ачуу максаты үчүн картинаны түзүү боюнча сессия - арт-терапия кызыгууну жаратты. Ролдук оюндар, макалдарды жана ылакаптарды гендердик талдоо катышуучуларды өздөрүнүн стереотиптери, өздөрүнүн гендердик сезимсиздик жүрүм-турумдары жана мамилелери жөнүндө ойлонууга мажбур кылды.

«Аргасыз обочолонтуу ассоциализацияга алып барат» деп тренингдин катышуучусу Укей Мураталиева белгиледи. Муну менен бул тренингдерде жумуштар бүтүп калбайт, бардык катышуучулар өздөрүнүн уюмдарына кайтып барышат жана аймактарда агартуу иштерин улантышат. Тренинг БУУѲПнын жана Финляндиянын ИИМнин «Кыргыз Республикасында сот адилеттигине туруктуу жетүүнүн укуктук мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүүгө карата» долбоорунун колдоосу менен уюштурулган.