Аймактык өнүгүү жана санариптештирүү: ПРООН КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнө 700 миң сомдук жабдуу берди

2020-ж., 3-February

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө коопсуздук, мамлекеттик башкаруу, өзгөчө кырдаалдардан жарандык коргоо, суу ресурстарын башкаруу ж.б. маселелер боюнча ар кандай координациялык жолугушууларды онлайн режиминде өткөрүүгө ылайыкталып жабдылган чакан жыйын залын ачуу аземи өттү.

Бул расмий иш-чарага КРӨ Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппараты, облустук түзүмдөрдүн, ЖӨАБ органдарынын ошондой эле КР БУУнун өнүктүрүү Программасынын өкүлдөрү катышышты.

Акыркы эки жылда Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүүнү илгерилетүү өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги багыты болуп калды. КР Президенти Жеенбеков С.Ш., өзүнүн кайрылууларында өлкөнүн алыскы аймактарында санариптештирүүн\н натыйжалуу мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу зарылдыгын бир нече жолу белгиледи. Бул багыт үстүбүздөгү жылы да мамлекеттик саясаттын приоритеттери бойдон калмакчы.

«Аймактарды өнүктүрүү өлкөбүз үчүн негизги милдет болуп эсептелет, андыктан аймактардын экономикалык жана социалдык туруктуулугу гана өлкөгө жалпы туруктуулукту берет, ал эми аймактардын экономикалык жактан байланышы өлкөбүздүн жалпы экономикасын бириктирүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Өлкөнү глобалдык тармактар жана маалыматтарды берүү магистралдары менен  бир кыйла натыйжалуу, ишенимдүү жана кымбат эмес туташтырууну камсыз кылуу зарыл” , - деп эсептейт Кыргыз Республикасынын Президенти Жеенбеков С.Ш.

КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орунбасары Саттарова Ч.О. өзүнүн сөзүндө калк, жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органдары жана башка мамлекеттик институттар менен иштөөсүндө маалыматтарды жеткирүүдө өкүлчүлүктүн ишин модернизациялыштыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Биз дээрлик күн сайын кеңири спектрдеги маселелерде чечилүүчү ар кандай форматтагы иш-чараларды өткөрөбүз. Бул залдын жабдылышы оперативдүү жыйындарды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет, а бул болсо өз кезегинде – чечимдерди өз убагында кабыл алуу жана иш сапарга кетүүчү убакытты жана чыгымдарды кыскартуу дегендикке жатат”, - деп айтты Саттарова Ч.О.

Жыйындар залын жабдуу Россия Федерациясынын Трастык Фонду жана БУУнун Тынчтыкты куруу Фонду каржылаган БУУнун өнүктүрүү Программасынын “Туруктуу тынчтык жана өнүгүүгө жетишүү үчүн чек ара аралык кызматташтык”  жана “Сугаруунун жана селден сактануунун “ климаттык акылдуу” системасын жайылтуу аркылуу Баткен облусунун климаттык өзгөрүүлөрүнүн туруктуулугун бекемдөө” долбоорлорунун алкагында ишке ашты.