Жасалма интеллект (ЖИ) өтө тездик менен өнүгүп, коомдордун өсүшүнө, инновацияларды киргизүүгө жана көйгөйлөрдү чечүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Ошол эле учурда БУУӨПтүн Адам өнүгүүсү боюнча акыркы доклады жөнөкөй, бирок маанилүү бир ойду эске салат: ЖИнин келечеги алдын ала аныкталган эмес — аны адамдар, саясат жана кабыл алынган чечимдер калыптандырат.
Жасалма интеллект — адамдар үчүн: Кыргызстанда мүмкүнчүлүктөрдү прогресске айлантуу
2026-ж., 15-April
ЖИ аркылуу тартылган сүрөт
Жасалма интеллект (ЖИ) өтө тездик менен өнүгүп, коомдордун өсүшүнө, инновацияларды киргизүүгө жана көйгөйлөрдү чечүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Ошол эле учурда БУУӨПтүн Адам өнүгүүсү боюнча акыркы доклады жөнөкөй, бирок маанилүү бир ойду эске салат: ЖИнин келечеги алдын ала аныкталган эмес — аны адамдар, саясат жана кабыл алынган чечимдер калыптандырат.
“Тандоо маселеси: ЖИ доорундагы адамдар жана мүмкүнчүлүктөр” аттуу доклад адам өнүгүүсүн кайрадан талкуунун борборуна коёт. Анын негизги билдирүүсү: ЖИ — бул жөн гана технологиялык өзгөрүү эмес; бул адам мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, эркиндикти арттыруу жана өнүгүүнүн жаңы жолдорун кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгү. Башкысы — ЖИ бизге эмне жасай турганында эмес, биз аны адамдардын жашоосун жакшыртуу үчүн кандай колдоно турганыбызда.
Мындай адамга багытталган көз караш дүйнөлүк өнүгүү темпи жай болуп жаткан учурда өзгөчө мааниге ээ. ЖИ бул чөйрөгө адам эмгегин алмаштыруучу катары эмес, аны күчтөндүргөн жана толуктаган курал катары кирүүдө. Докладдын негизги жыйынтыктарынын бири — ЖИнин эң чоң баалуулугу кызматташтыкта: адамдын чыгармачылыгы, акылмандыгы жана эмпатиясы ЖИ менен айкалышканда. Иш жүзүндө бул сапаттуу чечимдерди, жооптуу кызмат көрсөтүүлөрдү жана ар кандай тармактардагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтүүдө.
Дүйнө жүзүндө ЖИ билим берүүнү, саламаттык сактоону жана мамлекеттик кызматтарды өзгөртүүгө түрткү берүүдө. Ал окуучулар үчүн жекелештирилген окутууну камсыз кылат, дарыгерлерге диагноз коюуда жардам берет жана мурда кызматтарга жетүү кыйын болгон калк үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет. Бул — алыскы келечек эмес, ЖИнин адам өнүгүүсүнө түздөн-түз салым кошо аларын көрсөтүп жаткан бүгүнкү реалдуулук.
Доклад ЖИнин бул потенциалын толук ишке ашыруу үчүн үч негизги багытты белгилейт. Биринчиси — адамдар менен ЖИ бири-бирин толуктаган экономиканы түзүү: жаңы ролдорду жаратуу, өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү. Экинчиси — инновацияларды коомдук максаттарга багыттоо, технологиялык прогрессти адамдардын жыргалчылыгы менен шайкеш келтирүү. Үчүнчүсү — негизги мүмкүнчүлүктөргө инвестиция салуу: билим берүү, көндүмдөр, саламаттык сактоо жана санариптештирүү — адамдар ЖИ менен иштеп, жашай алышы үчүн.
Бул идеялар Кыргызстан үчүн өзгөчө актуалдуу. Мамлекет адам өнүгүүсүндө туруктуу ийгиликтерге жетишип, жогорку деңгээлдеги категорияга өттү жана билим берүү, саламаттык сактоо жана жашоо деңгээли боюнча көрсөткүчтөрүн жакшыртты. Бул жетишкендиктер ЖИни инклюзивдүү өсүүнүн маанилүү кыймылдаткычы катары пайдаланууга бекем негиз түзөт.
Кыргызстан үчүн ЖИ улуттук артыкчылыктарга жетүүнү тездетүүгө чоң мүмкүнчүлүк берет. Айрыкча алыскы аймактарда санарип мамлекеттик кызматтарды жарандарга жакындатат. ЖИге негизделген куралдар мугалимдерге жана медицина кызматкерлерине колдоо көрсөтүп, ресурстардын жетишсиздигин жоюуга жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга жардам берет. Санариптик көндүмдөргө жана инновацияларга инвестиция салуу жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, аларды келечектин кесиптерине даярдайт.
БУУӨП Кыргызстанда санариптик трансформацияны өнүгүүнүн маанилүү куралы катары илгерилетүүдө өкмөткө жигердүү колдоо көрсөтүүдө. 2025-жылы БУУӨП “Санариптүү Кыргызстан” улуттук программасынын алкагында саламаттык сактоо, социалдык коргоо жана экономика тармактарындагы маалымат системаларынын өз ара шайкеш иштешин жакшыртууга өзгөчө көңүл буруп, натыйжалуу жана адамга багытталган мамлекеттик кызматтарды өнүктүрүүгө салым кошту.
Маанилүү жетишкендиктердин бири — майыптыкты аныктоо системасын санариптик реформалоого көрсөтүлгөн колдоо. Бул процесстерди толугу менен санарип форматка өткөрүп, жарандардын жеке катышуусунун зарылдыгын азайтып, жыл сайын 50 000ден ашык жаран үчүн чечим кабыл алуу процессин ылдамдатууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле БУУӨП санариптик саламаттык сактоо системаларын модернизациялоого, чакан бизнес үчүн электрондук коммерцияны жана санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө көмөктөшүп, Digital4Climate.KG демилгеси аркылуу жаштардын инновацияларын колдоодо.
Бул демилгелер санариптик технологиялар жана ЖИ аркылуу мамлекеттик башкарууну натыйжалуу, ачык-айкын жана жарандардын муктажжыктарына багытуу кылууга жардам берет.
Ошол эле учурда доклад өлкөлөрдү өз мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө чакырат: жергиликтүү экспертизаны чыңдоо, инновациялык экосистемаларды колдоо жана технологиялар жергиликтүү контексттерди, тилди эске алышын камсыз кылуу. Кыргызстан үчүн бул өзгөчө маанилүү, анткени өлкө санариптик инфраструктураны жана көндүмдөрдү кеңейтүү багытында ишин улантууда.
Доклад баса белгилеген дагы бир маанилүү ой — ЖИ адамдын ролун алмаштырбайт, тескерисинче аны кеңейтет. Адамдар өнүгүүнүн негизги кыймылдаткычы бойдон калууда. Керектүү көндүмдөр, күчтүү институттар жана инклюзивдүү саясат болгон шартта ЖИ чыгармачылыктын, өндүрүмдүүлүктүн жана жалпы жыргалчылыктын күчтүү катализаторуна айлана алат.
Бүгүн кабыл алынган чечимдер ЖИ келечекте кандай роль ойной турганын аныктайт. Адамды биринчи орунга коюп, мүмкүнчүлүктөргө инвестиция салып жана коомго кызмат кылган инновацияларды өнүктүрүү аркылуу Кыргызстан ЖИни адам өнүгүүсүнүн кубаттуу кыймылдаткычына айланта алат.
Акырында айтоор нерсе, ЖИ — бул машиналар жөнүндө эмес. Бул — адамдар, алардын потенциалы жана ар бир адам үчүн иштеген келечекти куруу тууралуу.