БУУӨП "Жеткиликтүү өлкө" Улуттук программасын иштеп чыгууда көмөктөштү

2020-ж., 25-September

 

Өлкөлүк документти иштеп чыгууга эмгек жана социалдык өнүктүрүү, финансы, саламаттыкты сактоо, юстиция, билим берүү, транспорт жана жолдор министрликтеринен адистер, мамлекеттик архитектура агенттигинин, курулуш жана турак-жай-коммуналдык агенттигинин өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер катышты. Фото: Нуржан Алымканова / БУУӨП Кыргызстан

 

Бишкек, 25-сентябрь – 23-25-сентябрда өткөн семинардын алкагында БУУнун майыптардын укугу боюнча Конвенциясынын жоболорун ишке ашыруучу ведомство аралык чакан топ КР 2021-40-жылдарга “Жеткиликтүү өлкө” Программасынын долбоорун иштеп чыкты. Өлкөлүк документти иштеп чыгууга эмгек жана социалдык өнүктүрүү, финансы, саламаттыкты сактоо, юстиция, билим берүү, транспорт жана жолдор министрликтеринен адистер, мамлекеттик архитектура агенттигинин, курулуш жана турак-жай-коммуналдык агенттигинин өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер катышты.

БУУӨП бул багытты эң башынан, 2014-жылы, БУУнун майыптардын укугу боюнча Конвенциясын кабыл алууга даярдыктар башталгандан тартып колдоп келет. 2019-жылкы ратификациядан соң, биринчи кезектеги чаралардын үч жылдык планы иштелип чыгып, эксперттер менен биргеликте кабыл алуу жана ишке ашырууга мамлекеттик бюджеттен канча каражат жумшаларына финансылык эсеп чыгарылган.

 

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жаңыл Алыбаева. Фото: Нуржан Алымканова / БУУӨП Кыргызстан

 


Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жаңыл Алыбаева: “Кийинки кадам – бул 2021-40-жылдарга узак мөөнөттүк улуттук “Жеткиликтүү өлкө” программасы. Бул документтин маанилүүлүгү учурда майыптыгы бар адамдарды социалдык коргоо жана кызмат көрсөтүү боюнча ишке ашыруучу стратегиялык документтин жоктугунда. Башкы приоритеттеги маселелерге социалдык инфраструктуранын жетикиликтүүлүгү, социалдык коргоо жана иш менен камсыз кылуу. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга реабилитация, майыптыкты баамдоочу тутумду, медикалык-социалдык экспертизаны оптимизациялаштыруу, протездик-ортопедиялык буюмдар сыяктуу техникалык каржаттар мене камсыздоо жана башка көптөгөн суроолор каралган” – деп билдирди.

 

Медициналык-социалдык экспертизанын Республикалык борборунун директору Жаңыл Акбаева. Фото: Нуржан Алымканова / БУУӨП Кыргызстан

 

Медициналык-социалдык экспертизанын Республикалык борборунун директору Жаңыл Акбаева майыптыгы бар адамдарды эле эмес, аярлуу катмар категориясына кирген калктын катмарын толук эсепке алуу зарылдыгын белгиледи. “Жеткиликтүү өлкө” бул пандустар, чакыруу баскычтары же имараттарга жеткиликтүүлүк менен чектелбейт. Мисалы, майыптыгы бар балдар мектепке барып окууга, улуулар ишке орношуп, киреше табууга шарты болушу керек. Мен албетте имараттарга жеткиликтүүлүк маселесине да кайрылам, мисалы жаңы имараттарды кабыл алуучу комиссияга сөзсүз коляска пайдаланган адамдар катышып, пандустарга баа берүүсү абзел” – деп бөлүштү.

Улуттук программа эми өкмөткө бекитүүгө жиберилип, андан ары бардык кызыкдар тараптар менен жүзөгө ашыруу башталмакчы.

“Жеткиликтүү өлкө” Программасынын долбоорун иштеп чыгуу семинары БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин «Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү» долбоорлорунун алкагында ишке ашты.