Кыргызстанда ишкер айымдардын күнү бизнестеги аялдарды колдоо боюнча мамлекеттик программаны кабыл алуу менен белгиленди

2021-ж., 21-November

Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк ишкер айымдардын күнү (Women’s Entrepreneurship Day) майрамдалды. “Курак” аялдар бирикмеси жетинчи ирет бул глобалдуу датага карата майрамдык иш-чараларды, чеберлер-классын жана ири конференцияны уюштурду. Бул жолу өлкөнүн көз карандысыздыгынын 30 жылынын ичинде аялдардын экономиканы өнүктүрүүгө кошкон салымы тууралуу сөз болду.

WED-2021 республикабыздын түштүк аймагында 12-ноябрда старт алган. Дароот-Коргон, Гүлчө жана Ош шаарларында айылдык ишкер айымдар үчүн чеберлер-классы жана DILBAR мода үйүнүн коллекциясы көрсөтүлдү. Ал эми Бишкекте 19-ноябрда Кыргызстандын бардык аймактарынан келген лидер аялдардын, бизнес түзүмдөрдүн, мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусунда «Жаратман жана кайраттуу: Кыргызстандык айымдардын ийгиликке карай 30 жылдык жолу» аттуу конференциясы болуп өттү.

Айнура Сагынбаева

Бүткүл дүйнөлүк ишкер айымдар күнүнүн Кыргызстандагы элчиси, “Курак аялдар форумунун” негиздөөчүлөрунүн бири Айнура Сагынбаева WED-2021 кыргыз ишкер айымдары үчүн тарыхый окуя болуп калгандыгын белгилеп, майрам алдында КР аялдардын ишкердигин өнүктүрүү жана колдоо көрсөтүү боюнча мамлекеттик программага кол коюлгандыгын жарыялады.

«Бул программа Кыргызстанда билим берүүнүн, медицинанын деңгээлин көтөрүүгө, кошумча жумуш орундарын түзүүгө жана аялдардын миграциясын азайтууга мүмкүндүк берет», - деди Айнура Сагынбаева.

Ошондой эле ал WED-2021 өткөрүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн алдыңкы эл аралык өнөктөштөргө ыраазычылыгын билдирди.

Моника Рижал

БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Моника Рижал белгилегендей, аялдардын экономикага кошкон салымын баалабай коюуга мүмкүн эмес. БУУнун Өнүктүрүү программасы Финляндиянын ТИМнин колдоосу менен аялдардын ишкердигин өнүктүрүү, анын ичинде насаатчылык жана гранттарды берүү аркылуу программаны жүзөгө ашыруу үчүн 300 миң доллардан ашык каражат бөлүп берди.

БУУнун Өнүктүрүү программасы бизнес секторунун өкүлдөрүнө ошондой эле инновациялык жана инклюзивдик каржылоо, гранттык жардам жана Кыргызстандагы аялдардын ишкердик күнүн уюштуруу сыяктуу баарлашуу аянтчаларын өткөрүүгө колдоо көрсөтуп келет.

«Кайраттуу жана жаратман» деген бүгүнкү майрамдын темасы кыргыз аялдарын эң сонун сүрөттөп турат: алар жаркын, ачык-айрым, кайраттуу жана абдан чыгармачыл келишет. Бирок бул жерде дагы эле аялдардын потенциалын толук ишке ашырууну чектеген же тоскоолдук жараткан көптөгөн факторлор бар: экономикалык мүмкүнчүлүктүн теңсиздиги, үй чарбасын жана үй-бүлөнү башкаруу үчүн аялдардын жоопкерчилигинин пропорционалдуу эместиги, коомдогу гендердик нормалар жана стереотиптер. Мунун баары аялдарды эркектерге салыштырмалуу натыйжасыз абалга алып келет. Ошондуктан аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өзгөчө көңүл буруу, дем-күч берип, колдоо туруу талап кылынат», - деди Моника Рижал.

WED-2021дин негизги өнөктөштөрүнүн бири – Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы – 2020-жылдан бери “Курак” аялдар бирикмеси менен биргеликте “Бизнестеги аял” насаатчылык программасын ишке ашырып келет. ЕРӨБдун Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан боюнча аймактык директору Айтен Рустамованын айтымында, алты жыл мурда кабыл алынган гендердик теңдик боюнча стратегиянын алкагында Европа банкы аялдардын ишкердигин өнүктүрүү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү боюнча көптөгөн иштерди жасап жатат.

«2017-жылы Кыргызстанда аялдардын ишкердигинин абалына изилдөө жүргүзүү иштери башталган кезде, биздин банк мамлекеттик программа түзүү иштерине колдоо көрсөткөн. Биз республикада аялдардын ишкердигинин сапаттык жактан жакшырганын көрүүгө кубанычта болобуз», - деп кошумчалады Айтен Рустамова.

WED аянтчасында кыргызстандык ишкер айымдарды майрамы менен куттуктоо үчүн Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева да келген.

«Бул иш-чара аялдардын ишкердигин өнүктүрүү үчүн гана эмес, Борбор Азиядагы гендердик теңдикке жетишүү үчүн да маанилүү. Миллиондогон аялдар үчүн ишкерлик экономикага катышуунун бирден бир жолу, өздөрүнүн жана үй-бүлөсүнүн жашоо деңгээлин жогорулатуунун жана каржылык көз карандысыздыкка жетишүүнүн негизги булагы”,-деди Аида Касымалиева.

Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин айтымында, бүгүнкү күндө аялдардын ишкердигин өнүктүрүү экономиканын өсүшүнүн маанилүү шарттарынын бири болуп саналат.

«Аялдардын жигердүү катышуусу түздөн түз экономиканын өсүшүнө жана гүлдөшүнө өбөлгө түзөт. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына таянсак, 2021-жылы ишкер аялдардын саны 6 миңге көбөйүптүр. Көпчүлүк социалдык багыттагы бизнес жана билим берүү тармагындагы долбоорлорду аялдар ишке ашырат экен. Көптөгөн ишкер аялдар айыл жергесинде иштешет жана “жашыл экономиканын” призмасы аркылуу аялдардын ишкердигин илгерилетүүгө болот. Креативдүү экономиканы да өзгөчө белгилей кетүү зарыл. Бул тармак аялдардын активдүү катышуусу үчүн олуттуу потенциалы бар тармак», - деп белгиледи Экономика жана коммерция министрлигинин башчысы.

Ал ошондой эле, кабыл алынган мамлекеттик программанын алкагында, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын өнөктөштүгүнүн колдоосу менен жакынкы 5 жылда КРдагы аялдар жетектеген ишканаларды кредиттөөгө, аялдардын бизнесин өнүктүрүүгө багытталган тренингдерди жана консультацияларды өткөрүүгө каражат бөлүү пландаштырылып жаткандыгын кошумчалады.

Lucky Sosks брендинин негиздөөчүсү, “Курак” аялдар форумунун” мүчөсү Кундуз Асаналиева 2019-жылы байпак чыгаруу боюнча бизнес ачкан. Бүгүнкү күнү анын жогорку сапаттагы ата мекендик продукцияларын ири соода түйүндөрүнөн табууга болот.

«Алгач фабрика Бишкек шаарында иштеп баштаган. Бирок мен мындай тенденцияны байкадым, бизнестин көбү ири шаарларда ачылат экен. Бизде региондор алсыз болгондуктан, өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрү төмөндөп жатат. Андыктан биз социалдык жоопкерчиликтүү компания болгондуктан, областка кетүүнү туура таптык. Азыр биздин фабрика Люксембург айылында иштейт. Ошентип, биз жергиликтүү элди жумуш менен камсыз кылып, өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымыбызды кошуп жатабыз», - деп түшүндүрдү Кундуз.

Алты жылдан бери Бишкекте инклюзивдик өнөркана иштеп, анда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 15 майып кыз эмгектенет. Кол өнөрчү айымдар атайын буйрутма менен жасалган экобаштыктарды тигишет.

«Биздин максаттарыбыздын бири – майыптыгы бар аялдарга каржылык көз карандысыздык тартуулоо. Эмгек менен чыгармачылыкты айкалыштыруу биз үчүн бактылуу болуунун мүмкүнчүлүгү»,-дейт «Назик кыз» ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген аялдардын укугун коргоо уюмунун төрайымы, “Курак” аялдар бирикмесинин мүчөсү Үкей Мураталиева.

Бүткүл дүйнөлүк ишкер айымдардын күнү 2014-жылдан бери БУУнун колдоосу астында өткөрүлүп келет. 144 өлкө кошулган глобалдык демилгенин миссиясы дүйнө жүзү боюнча ишкер аялдарды колдоо жана алардын укугу менен  мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү болуп саналат.

Кыргызстанда бул иш-чара “Курак” аялдар форуму” тарабынан жетинчи ирет уюштурулууда. Демилгени алдыңкы эл аралык уюмдар: БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН), PEAK Kyrgyzstan ишкердикти жана инновацияларды өнүктүрүү боюнча программасы, Улуу Британия өкмөтү каржылаган Accelerate Prosperity, Дүйнөлүк банк, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Швейцария өкмөтү, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) жана башкалар колдоого алууда.

САНДАР

Кыргызстанда 2021-жылдын башына карата республикадагы аялдардын саны 3,3 миллион адамды түздү, бул жалпы калктын 50,4% түзөт. Экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча аялдардын иш менен камсыз болушу 38,4% түзөт. Алардын басымдуу бөлүгү социалдык ишкердик, жеңил өнөр жай, beauty-индустрияда, соода, туризм, коомдук тамактануу тармактарында иштешет. Кыймылсыз мүлк менен операция жүргүзүү сыяктуу экономикалык ишмердиктин түрлөрүндө аялдар 93%, саламаттыкты сактоо жана социалдык кызматтарда – 84%, билим берүүдө – 80%, мейманкана жана ресторан бизнесинде – 60% үлүштү түзөт.