Кайыңды шаарынын тургундары акысыз юридикалык жардам алышат

2021-ж., 1-October

Чүй облусунун Кайыңды шаарында БУУнун Өнүктүрүү Программасынын техникалык колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча борбордун (АЮЖБ) ачылышы болуп өттү. АЮЖБ Кайыңды ш., Садовый көч. 7 (Панфилов райондук мамадминистрациясынын имараты, 2-кабат) дарегинде жайгашкан.

Акысыз юридикалык жардам укуктук консультация берүү жана маалымдоо жолу менен юридикалык маселелер боюнча оозеки консультацияларды, ошондой эле документтердин долбоорлорун түзүү боюнча жардам берүү түрүндө көрсөтүлөт.  АЮЖБнын негизги милдеттери – бул акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү, укуктук агартуу, укуктук маалымдоо, калктын аялуу топторунун укуктук корголушунун деңгээлин жогорулатуу, сот адилеттигине жетүүнү камсыз кылуу, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү, жарандардын айрым категорияларына мамлекет кепилдеген юридикалык жардамга укугун камсыз кылуу.

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков айтып кеткендей – "Бүгүн Каинды шаарында ачылып жаткан  акысыз укуктук жардам көрсөтүү боюнча борбордо мыйзам талабына ылайык, алгачкы юридикалык жардам көрсөтүлөт. Мамлекеттик нотариус, квалификациялуу адистер, юристтер юстициянын аймактык бөлүмү бекиткен иш графигине ылайык калкка консультация беришет. Жарандар өздөрүнүн социалдык статусуна, материалдык жетишкендигине, жарандыгынын бары-жогуна карабастан,  укуктун бардык багыттары боюнча оозеки юридикалык консультацияларды, ошондой эле даттанууларды жана апелляцияларды берүү боюнча кеңештерди алышат. Мындай борборлордун максаты калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу жана мамлекет тарабынан кепилденген акысыз юридикалык жардам менен баардык жарандарды, анын ичинде алыскы райондорду да камсыз кылуу".

2015-2021-жылдардын аралыгында өлкө боюнча БУУӨПтүн колдоосу менен 17 АЮЖБ ачылды. Бугүнкү күндө Кыргызстан боюнча жарандарга мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү үчүн бардык керектүү шарттар менен жабдылган 33 мындай АЮЖБ иштеп жатат. Консультация түзүлгөн графикке ылайык МКЮЖ системасына кирген квалификациялуу адвокаттар жана юристтер тарабынан берилет.

"Калктын аярлуу катмарынын көпчүлүгү өлкө аймактарында жашашат жана алардын укуктук тейлөө кызматтарына жеткиликтүүлүгү чектелген. Биздин долбоор Чүй жана Ош эки пилоттук облусттардын тургундарынын арасында сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү жана укуктук сабаттуулукту активдүү өнүктүрүп келген. Түзүлгөн 17 борбор жарандардын бузулган укуктарын коргоого көмөк көрсөтөт, укуктук маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыздайт жана жарандардын айрым категорияларынын мамлекет кепилдеген юридикалык жардамга укуктарын камсыздоого жардам берет

Учурда МКЮЖ жөнүндөгү мыйзамдын жаңы редакциясынын долбоору парламент тарабынан биринчи окууда кабыл алынып, жакын арада парламент тарабынан биротоло жактырылып, күчүнө кирмекчи. Мыйзамдын жаңы редакциясына ылайык, АЮЖБлар МКЮЖ Борбордук Комитенине структуралык бөлүмдөрү катары курамына кирип, борборлордун кызматкерлеринин эмгек акылары мамлекеттик бюджеттин эсебинен төлөнөт. Бул мыйзамдын сапаттуу ишке ашырылышы өлкөнүн бардык жарандары үчүн мындай жардамга муктаж болгон юридикалык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздайт, бул алардын мамлекетке болгон ишенимин жогорулатып, укуктук көйгөйлөрдү чечүүгө жана жашоо сапатын жакшыртууга жардам берет.", - деп белгиледи БУУӨПтүн КРдагы туруктуу өкүлүнүн программалар боюча кеңешчиси Эркинбек Касыбеков.

Борборлордун ачылышы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматташуусунда жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлиги тарабынан каржыланган "Кыргыз Республикасында укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн сот адилеттигине туруктуу жетүү" долбоорунун алкагында КРдагы БУУнун Өнүктүрүү программасынын кызматташтыгында мүмкүн болду.

Долбоор жөнүндө:

·        Долбоордун алкагында миңдеген адамдар өз укуктары тууралуу маалымат алышты, анын ичинде "Тилектештик автобусу" демилгеси – айыл жергесинде укуктук маалыматка жеткиликтүүлүктү кеңейткен жана сот адилеттиги боюнча бир катар эл аралык форумдарда жаңычылдык жана натыйжалуу иш-аракеттердин мисалы катары белгиленген.

"Тилектештик автобусу" жөнүндө кененирээк шилтеме аркылуу өтүп тасмадан көрүңүз;

·        Мамлекет кепилденген укуктук жардам системасы 2016-жылдын аягында кабыл алынган мамлекет кепилденген укуктук жардам жөнүндө жаңы мыйзамды жана кийинки маанилүү мыйзамдык жана ченемдик актыларды кабыл алуунун натыйжасында түзүлгөн.

Иш-чаранын сүрөттөрү төмөндөгү шилтемеде: https://flic.kr/s/aHsmWNErTv