БУУӨП угуу майыптыгы бар адамдардын укуктарын жүзөгө ашырууну колдойт

2021-ж., 25-March

Бишкек, 25-март / Кыргыз Өкмөтү угуусу жактан майыптыгы бар адамдар үчүн сурдокотормо кызматын көрсөтүү токтомун бекитти. Сурдокотормо кызматын көрсөтүү тартиби жөнүндө жобонун долбоору БУУнун Кыргызстандагы Өнүктүрүү Программасынын колдоосу менен иштелип чыккан.

Токтомго ылайык, угуусу жактан майыптыгы бар адамдарга мамлекет кепилдеген сурдокотормо кызматын мамлекеттик бюджеттин эсебинен, акысыз көрсөтүү каралган.

Угуу жана сүйлөө жактан майыптыгы бар адамдар сурдокотормо кызматын төмөнкү учурларда колдоно алат:

·        билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринде;

·        жарандык, административдик жана кылмыштык сот процесстерине катышууда же тергөө иштери жүргүзүлгөндө;

·        нотариалдык документтерди же соода келишимдерин каттоодо;

·        машина айдоого же компьютердик сабатка окууда;

·        мамлекеттик же муниципалдык тейлөө кызматтарын алганда;

·        социалдык коргоо, социалдык камсыздандыруу жана пенсия органдарына барганда;

·        мыйзам тарабынан каралган башка учурларда.

Ар бир угуу мүмкүнчүлүгү чектелген адам жылына 40 саат өлчөмүндө кызмат көрө алат, ал эми сурдокотормо кызматы аралыктан же жеринде көрсөтүлүшү мүмкүн. Сурдокотормо кызматтары мамлекеттик сатып алуулардын алкагында көрсөтүлөт. Белгилей кетүүчү нерсе, сурдокотормочулардын жаңсоо тилне которгондогу маалыматтардын купуялыгын камсыздоосу каралган. Сурдокотормочулардын бир сааттык иши үчүн баштапкы акы 100 сом өлчөмүндө белгиленди.

Сурдокотормо кызматтары кардардын арызынын негизинде иш жүзүндө жашаган жери боюнча шаардык, райондук тийиштүү ыйгарым укуктуу органдын бөлүмдөрүндө көрсөтүлөт, ал өз учурунда адамды катталган жерине байлабай, жеңилдик түзөт.

Бул Токтом бекитилгенге чейин сурдокотормо мамлекеттик органдар тарабынан ачык ресурстардын жардамы менен, мисалы, Юстиция министрлигинин сайтындагы сурдокотормочулардын тизмесин колдонуп, же угуусу жактан майыптыгы бар жарандардын өз алдынча сурдокотормочу таап, акысын төлөп келүү жолу менен жүргүзүлүп келген. табылган жана төлөнгөн.

Айдай Толонова

Жобону иштеп чыгууга катышкан “Бирдей мүмкүнчүлүктөр” социалдык борборунун директору Айдай Толонованын айтуусунда, эми сурдокотормо кызматтарын көрсөтүү механизмин ишке киргизүү керек, мында Кыргызстанда сурдокотормо кызматыны бенефициарлары үчүн ийкемдүү жана натыйжалуу система иштеши керек. «Жобо угуусу жактан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын билим алуу, мамлекеттик кызматтарды алуу жана коомдук процесстерге толук кандуу катышуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. Бул иште бизди БУУӨПтүн жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин «Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү» долбоору колдоп берди. Учурдан пайдаланып, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине кызматташуу үчүн жана БУУӨПтүн долбооруна ар тараптуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирем ”, - деди Айдай Төлөнова.

Угуусу жактан майыптыгы бар адамдардын укуктарын жүзөгө ашыруу БУУӨПтүн жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин «Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү» долбоорунун алкагында жүрүп жатат. 2016-жылдан бери юридикалык адистиги бар сурдокотормочуларды даярдоо каржыланууда. БУУнун майыптардын укуктары боюнча ковнециясын эске алуу менен Улуттук мыйзамдарды улам жакшыртуу аркылуу  Майыптыгы бар адамдардын социалдык интеграциясы үчүн иш-чаралар өткөрүлүп турат.

***

Медиа үчүн байланыш:

Нуржан Алымканова

Коммуникациялар боюнча адис

nurzhan.alymkanova@undp.org