Борбордук Азиядагы эң биринчи «Климаттык Фреска» болуп өттү

2022-ж., 28-February

Бишкек – 28-февраль, 2022-жыл – Борбор Азияда жана өлкөдө биринчи жолу Улуу Британиянын Өкмөтү тарабынан каржыланган жана БУУӨП тарабынан Кыргызстанда, Тажикстанда жана Өзбекстанда ишке ашырылып жаткан «Борбордук Азиядагы климаттык коопсуздук үчүн саясий иш-аракеттер» долбоорунун алкагында «Климаттык фреска» аттуу оюн Кыргызстанда өттү.

Климаттын өзгөрүшү боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын (IPCC) отчетуна негизделген «Климаттык фреска» климаттык билим берүүнүн эл аралык инновациялык инструменти бардык натыйжалардын байланыштарын куруу аркылуу климаттын өзгөрүшү боюнча акыркы маалыматка жетүүнү камсыз кылуу менен процесстерди түшүнүүгө жана климаттын өзгөрүшүнүн себептеринде адамдын ролун ошондой эле, анын иш-аракеттерин көрүүгө, тагыраак айтканда адам аларды кантип чече аларын ойлонууга мүмкүндүк берет. «Климаттык фреска» 2015-жылы Седрик Рингенбах тарабынан дүйнө жүзү боюнча мүмкүн болушунча көп адамдардын климаттык илим жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу үчүн түзүлгөн.

«Климаттык фреска» климаттын өзгөрүшүнүн татаал процесстерин бардык курактагы жана ар кандай билим берүү жана кесиптик тажрыйбага ээ адамдарга жеткиликтүү жана кызыктуу түрдө үйрөтүү үчүн ылайыктуу. «Климаттык фреска» дүйнө жүзү боюнча абдан тез жана кеңири жайылууда. Оюн Климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун 16-жаштар конференциясында (COY16), ошондой эле Улуу Британияда Глазгодо өткөн БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын (UNFCCC) Тараптардын 26-конференциясында (26-ТК) колдонулган. Ал эми азыр биздин аймакта ойнолуп жатат.

«Дүйнөнүн бардык аймактарында климаттын өзгөрүшү байкалууда жана анын кесепеттери азыртадан эле сезилип жатат. Ал эми «климаттык кризис» бүткүл адамзат үчүн эң актуалдуу көйгөйлөрдүн бирине айланды», – дейт «Борбордук Азиядагы климаттык коопсуздук үчүн саясий иш-аракеттер» долбоорунун аймактык координатору Бактыгуль Ысабекова, – Акыркы жылдын ичинде биздин өлкөдө климаттык аракеттер жаатында олуттуу оң жылыштар болду. Өлкө Климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун алкактык конвенциясына климаттын өзгөрүүсү боюнча жаңыланган өлкөнүн милдеттенмесин даярдап, тапшырды. Өлкөнүн Президенти баштаган улуттук делегация Глазгодо өткөн 26-ТКга жемиштүү катышып, 2022-жыл Кыргызстанда Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыяланган. Кыргызстандагы климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө бул кадамдарга салым кошуу үчүн биздин коомдун бардык тармактарынан көптөгөн талыкпас аракеттер болду, бирок алдыда дагы узак жана маанилүү жол бар».

Климаттын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча иш-аракеттердин бир бөлүгү катары «Климаттык фресканын» бир нече раундунун биринчиси 2022-жылдын 5-февралында БААУда өттү. Оюндун биринчи катышуучулары Бишкектин университеттеринин окутуучулары болушту, анткени мугалимдер Борбордук Азиянын өтө аялуу регионунун калкынын климаттык жана экологиялык маалымдуулугун камсыз кылуу үчүн климат жана туруктуулук маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатууда негизги ролду ойношот. «Климаттык фреска» мектептердин мугалимдери, ЖОЖдордун окутуучулары колдоно ала турган жана көптөгөн предметтерге (илим, экономика, адабият, саясат, музыка жана башкалар) ийгиликтүү интеграцияланышы мүмкүн болгон педагогикалык курал. Факультет жана студенттер менен иштөө кызматкерлери оюндун концепциясын жана анын окууга болгон кызыктуу жана инновациялык мамилесин жогору баалашты. «Климаттык фреска» дүйнөлүк SolveClimateby2030 университеттери тарабынан жүргүзүлүп жаткан глобалдык климаттык билим берүүнүн алкагында негизги инструмент болуп калды, ага биздин университеттер дагы кошулууда. Катышуучулар оюндун методологиясын жакшыраак өздөштүрүү жана аны окуучулары менен үзгүлтүксүз ишке ашыруу үчүн дагы бир нече маалыматтык жолугушуулардан жана климаттык тренингдерден өтүшөт.

26-февралда оюндун экинчи этабы мугалимдерди да, окуучуларды да камтыды. Климаттын өзгөрүү процесстерин жакшыраак түшүнүү үчүн 10 университеттен 100дөн ашык студенттер «Климаттык фрескага» катышты. Климаттын өзгөрүшү жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу жана көйгөйдү түшүнүү – аракетке биринчи кадам!

Бул оюндун актуалдуулугун белгилей кетүү керек, биздин өлкөдө жана бүтүндөй дүйнөдө климаттын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча иш-аракеттерге барган сайын көбүрөөк көңүл бурулат, ал БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Париж келишиминде, БУУнун 2030-жылга чейинки туруктуу өнүгүү боюнча Күн тартибинде жана жакында кабыл алынган Глазго климаттык пактында көрсөтүлгөн. Климаттын өзгөрүшү чакырыгынын масштабын түшүнүү менен, «Климаттык фреска» оюну аркылуу 2023-жылга чейин климаттык билим менен дүйнө жүзү боюнча бир миллион адамга жетүүнү көздөйт. Оюн 25 тилде жеткиликтүү жана «Климаттык фреска» 40тан ашык өлкөдө иштейт.