БУУӨП туруктуу аймактык ишкердик үчүн кол өнөрчүлүк секторун өнүктүрүүнү колдойт

БУУӨП Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашырууга колдоо көрсөтүүнү улантууда.

2025-ж., 23-July
A group of diverse individuals in traditional attire stands outdoors, surrounded by crafts and mountains.

Окуу сапарлары учурунда

Кыргыз Республикасындагы БУУнун өнүктүрүү программасы

«Соодага көмөк көрсөтүү» долбоорунун алкагында БУУӨП Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында кийизден жана булгаарыдан жасалган кол өнөрчүлүк өндүрүшүндө кошумча нарк чынжырын чыңдоого жардам берүүдө.

Сынактын негизинде 39 кол өнөрчү тандалып алынган:

  • Ош облусу – 13;

  • Жалал-Абад облусу – 14;

  • Ысык-Көл облусу – 12.

Долбоор кол өнөрчүлөрдүн жана туризм индустриясынын өкүлдөрүнүн күч-аракетин бириктирип, катышуучуларга кол өнөрчүлүк буюмдарын түзүү жана сатуу жаатында билимдерди жана практикалык көндүмдөрдү берет. Окуу сапарлары аркылуу катышуучулар кошумча нарк чынжырын куруунун ийгиликтүү моделдери менен таанышып, мындан аркы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

13-июлдан 15-июлга чейин Ош жана Жалал-Абад облустарынан 15 катышуучу Ысык-Көл облусундагы кол өнөрчүлүк жана туристтик жайларды кыдырып, алар төмөнкү темалар жана иш багыттары менен таанышышты:

  • EthnoMir Point: санариптик чечимдер жана өнөктөш тармак;

  • Старая Мельница: экономикалык мүмкүнчүлүктөрдүн куралы катары музей;

  • «Таберик» этно-курорту: конок үйүнүн кызматтарын жана мастер-класстарды интеграциялоо;

  • Paradise Guest House: мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу кызмат көрсөтүүгө инновациялык ыкмалар.

20-23-июлга чейин Ысык-Көл облусунан 20 катышуучу Ош облусунун Алай районунда болуп, төмөндөгү темалар боюнча маалымат алышты:

  • Nomad Store: экспортко чыгуу тажрыйбасы;

  • «Бай-Алай» ӨЭУ: койдун жүнүнөн даяр тапочкага чейинки өндүрүштүн толук цикли;

  • Курманжан Датка музейи: Маданий мурас илхам булагы катары;

  • Памир көчмөн боз үй лагери: туристтик продуктунун бөлүгү катары кол өнөрчүлүк;

  • Чоң-Алай Ишкер Айымдары: «Таар» баштык жасоонун салттуу токуу ыкмалары боюнча мастер-класстар.

Окуунун жыйынтыгында катышуучулар жаңы бизнес байланыштарды түзүштү жана сатууну кеңейтүү жана продукциянын сапатын жакшыртуу максатында экспортко багытталган микро, чакан жана орто ишканалар менен кызматташуу боюнча үч Меморандумга кол коюшту.

Бул демилге Финляндия өкмөтү тарабынан каржыланган «Борбордук Азиядагы соодага көмөк көрсөтүү» аймактык долбоорунун бешинчи фазасынын бир бөлүгү. Долбоор Кыргызстанды, Тажикстанды жана Өзбекстанды камтыйт, экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана өзгөргөн рынок тенденцияларына жооп катары гендердик диверсификацияга көмөктөшүү үчүн кошумча нарктын «жашыл» чынжырларын илгерилетүү. Кол өнөрчүлүк сыяктуу туруктуу секторлорго артыкчылык берүү менен БУУӨП аймактагы туруктуу жана инклюзивдик экономикаларды түзүүгө салым кошууга мүмкүнчүлүк берет.