Медайымдын камкордугу: кургак учукту дарылоонун маанилүү бөлүгү

2021-ж., 12-May

Медайымар кургак учукту (КУ) дарылоодо негизги ролго ээ: эки жылга чейинки мезгил аралыгында алар бейтаптарга жазылган дарыларды күн сайын берип, алардын дары ичип жаткандыгын көзөмөлдөп, кыйыр таасирлерге көңүл коюп байкоо жүргүзүшөт. Медайымдардын ар бир бейтапка арнаган убактысы жана камкордугу чынында алардын өмүрүн сактап калышы мүмкүн: бейтаптар дарыланууну өткөрүп жибергенде же көтөрө албай жатканда, дарыгерлерге бул тууралуу эсекртүү менен же муктаж болгондорго финансылык, социалдык жана психологиялык жардам көрсөтүүнү уюштурууга жардам берүү менен алар ар бир бейтаптын кургак учукту жеңүүсүнө жардам беришет.

Жакында эле 46 жаштагы Ырыскүл балдары бар энеге Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде жайгашкан Чолпон-Атада шаарындагы кургак учукка каршы санаторийге кирүүгө жардам берип жаткан. «Үй-бүлөдө бардыгы ооруп жатышат, ата-энелери да, балдары да; эң кичүүсү болгону бир жашта. Жана алар начар шарттарда жашашат: батирдин жадагалса терезеси жок. Балдардын гемоглобини абдан төмөн. Мунун баары албетте начар тамактануудан болот». Ар бири бейтабы үчүн активдүү күрөшкөн Ырыскүл, аларга арыланууну ооруканадан улантууга жардам берди, ал жерден алар акысыз жашоо жана тамактануу менен камсыздалып, кайрадан буттарына тура алышат.

Новопавловкадагы кургак учук кабинетинин медайымы Ырыскүл өз ишине жана бейтаптарга өзгөчө берилгендигин көрсөтөт. «Ар бир бейтапка күнүнө эң азында отуз мүнөт керек. Бейтаптарга жөн гана дарыларын берип коюу керек эмес: алар менен сүйлөшүү керек, алар дарыларды эки жыл бою ичиши керек экендигиние көндүрүп, түшүндүрүү керек». Дарыга туруктуу кургак учукту дарылоо өзгөчө узак жана татаал болуп саналат, жана ал ийгиликтүү болушу үчүн, күн сайын дары ичиш керек. Бул жерге медайымдар да кошулуп, бейтаптарга бул күрөштөн жеңип чыгууга жардам берет.

«Кээ бир бейтаптардын үйүндө же үй-бүлөсү менен болгон көйгөйлөрү бар. Мен алардын ишенимине кирүү үчүн, алар жөнүндө билүүгө убакыт табам, жана бейтапта кыйынчылыктар пайда болгонун көрүп калсам, мен айылдык акимчиликке же өкмөттүк эмес уюмдарга жардам сурап кайрылам. Кээде адамдарда жол киреге да акча болбой калат»

Куткаруучу колдоо

Айлык маянасынын аздыгына карабастан,Ырыскүл өз ишин сүйөт: «Мен адамдарга жардам бергенди жакшы көрөм жана өзүмдүн бардык бейтаптарымды колдоп турууга аракет кылам», - дейт ал.  «Эркиндик бар жерде, чечим да бар» - деген сөздөр анын урааны болушу толук ыктымал. Өзүнүн бекем чечкиндүүлүгүнүн аркасы менен ал жакыр үй-бүлөдөн чыккан жаш келинди дарыланууга кайтара алды: «Ал көпкө чейин келбей калган. Биз ага бардык. Эшиккин каккыладык, эч ким ачкан жок. Акыры, биз аны таап, дары ичүүгө көндүрдүк. Ал эмнеге келбей жатканын сураганыбызда, ал жадагалса бут кийими жок экенин айтты». Ырыскүл ага зарыл болгон колдоосун көрсөтүп, үйүнө дарыларын алып келип берди. «Азыркы учурда анын дарыланып жатканына 16 ай болду, жана анын анализдеринин жыйынтыктары мыкты болуп жатат».

«Бейтаптарга өзгөчө колдоо керек, жок дегенде ал-жайын сурап коюш керек», - дейт өз ишин мыкты аткаргандыгы үчүн бир нече ыраазычылык каттарын жана грамоталарды алган Ырыскүл. «Эгер сенин маанайың начар болуп, аларга унчукпастан дарыларын берип койсоң, алар кайра келбей коюшу мүмкүн. Ал эми биза лар менен сүйлөшсөк, аар дарылануунун маанилүүлүгүн түшүнүшөт. Батирин алмаштырса дагы, кайрадан бизге келишет». Ырыскүл ар дайым өз бейтаптарын мотивациялоого аракет кылат, анализдердин жыйынтыктарын аларга түшүндүрүп берип, алардагы жакшырууларды көрсөтөт. Кээде ал бейтаптарга дарыланып чыккандардын рентгендерин көрсөтүп, колдоо үчүн аларды бири-бирине байланыштырат.

Ырыскүл адамдар кургак учук жөнүндө көп билип, бейтаптарга сүйүү жана түшүнүү менен мамиле кылышын каалайт. «Стигманын айынан кээ бир бейтаптар кургак учук менен ооруганын айтуудан жана жардам суроодон коркушат же уялышат. Жакындарына да айтпай койгондуктан, бизден башка эч ким менен бул тууралуу сүйлөшө алышпайт. Бейтаптар менен медицина кызматкерлери тугандардай болушу керек», - дейт ал.

«Жакшы сөз да дартка даба»

Борбор шаарда медайым болуп иштеген Бегайым да бул пикирге кошулат: «Бейтаптар келгенде, биза лар менен туугандарыбыз, жакын досторубуз менен сүйлөшкөндөй сүйлөшөбүз. Ден-соолугун суроо маанилүү, анткени алардын көбү сурабасаң, унчугушпайт, өздөрү айтып беришпейт». Бегайым акыркы 23 жылдан бери Шаардык кургак учукка каршы күрөшүү борборунда иштейт. Ал колунда ымыркайы менен жаңы гана кабинеттен чыккан жаш келинди тынчсыздануу менен карап турат. «Алар дарыны кантип ишип жатышканын, өздөрүн кандай сезип жаткандарын сурайбыз, жана эгер кандайдыр бир даттануулар болсо, дарыгерге жөнөтөбүз. Ал эми бизге кыйыр таасирлерди болушунча эрте аныктоо маанилүү». Кыйыр таасирлер – бейтаптар дарыланууну токтоткондугунун негизги себептеринин бири, жана муну менен алар  өз жашоосун жана башкалардын өмүрүн тобокелдикке салат.

Бегайым мурдагы согуш кызматкери, улгайып калган, «толук адекваттуу» бейтап өзүн кызыктай алып жүрө баштаганына таң калгандыгын айтып эстейт. «Ал бизге күндө келчү. Эч качан калтырчу эмес, эч качан кечикчү эмес. Бирок, бир күнү ал бизге ар дайым жанында бир атаны көрүп жатканын айтып берди – ал дарыардын биринен болгон галлюцинация болуп чыкты. Биз дароо бул тууралуу дарыгерге айтсак, ал дарылоону өзгөрттү. Бир аз убакыт өткөндөн кийин «ата дагы эле көрүнүп жатабы?» деп сурасак, ал «жок» деди.

Бегайым жана анын кесиптештери бейтаптардын дарылоону үзгүлтүксүз алуусун ар дайым көзөмөлдөп турушат жана алар муну күндөн күнгө улантуусу үчүн, туура сөздөрдү айтып турушат. «Албетте аларга бул дарыларды ичүү кыйын. Бирок, эмне кылабыз, жашоодо мындан да кыйын нерселер болуп турат. Биз аларды көндүрүп, колдоого болушунча аракет кылабыз. Дарыгер оорулууну дарыланууга мажбур кылып, же кыйнап оозуна дары сала албайт да». Бейтаптар менен күн сайын байланышта болгон медайымдар бейтаптардын дарылануусун көңүл коюп карашы керек, аларды көндүрүп, улантууга түрткү болушу керек. «Мен аларга эки жыл тез эле өтүп кетерин, андан кийин айыгарын айтам. Көп кишилер дарыланууну таштап коюшат, жадагалса жаштар дагы такыр баш тартышат. Анан өлүп калышат. Бирок, кургак учукту дарыласа болот. Ар бир адамга колдоо керек, жана бул биздин жумушубуздун бир болүгү. Жакшы сөз да дартка даба».

Сүрөттөр: Марион Биремон / ПРООН Кыргызстан