Кыргызстанда Каржылоонун комплексттүү улуттук механизмдери иштелип чыгат

2022-ж., 9-April

Кыргызстан / Фото: БУУӨП

2020-жылы Кыргызстанда Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу өнүктүрүү максаттарына (ТӨМ) саясатты жана каржыны шайкеш келтирүү боюнча биргелешкен программасы Каржылоонун комплексттүү улуттук механизмдери (ККУМ) иштеп чыгуу багытында ишке киргизилип башталган.   Программа БУУнун ТӨМ боюнча биргелешкен фонду тарабынан каржыланат жана аны БУУнун Кыргыз Республикасындагы Өнүктүрүү программасы ЮНИСЕФ менен биргеликте ишке ашырат. Бул долбоор 2030-жылга чейин Туруктуу өнүктүрүүнүн глобалдык Күн тартибин ишке ашырууда БУУ тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө туруктуу колдоосунун уландысы болуп саналат.

Бул Программанын негизги максаты мамлекеттик каржы ресурстарын натыйжалуу, ачык-айкын жана жыйынтыктуу пайдаланууну камсыз кылуу, ошондой эле жеке сектордон каржылоону улуттук өнүктүрүүнүн артыкчылыктары үчүн бир кыйла координацияланган жана комплекстүү пайдалануу болуп саналат.

ККУМ 2030-жылга чейинки күн тартибин жана туруктуу өнүктүрүүнүн 17 максатын жүзөгө ашыруунун кубаттуу аспаптары болуп саналат. Алар негизги 4 блоктон турат– бул баалоо жана диагностика, каржылоонун стратегиясы, мониторинг жана сереп, башкаруу жана координациялоо. Бул блоктордун ар бири өлкөлөргө ресурстарды бир кыйла так жана бардык жагынан көзөмөлгө алууга жана каржылык агымды эң керектүү болгон аймактарга бурууга мүмкүнчүлүк бере турган маанилүү компоненти болот.

Кыргызстанда Программа өлкөнүн Өкмөтүнө ККУМду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон артыкчылыктуу реформалардын концепциясын түзүүдө жана институттардын өнүгүүсү боюнча үзгүлтүксүз аракетин жогорулатуусу үчүн бийлик органдарынын потенциалын, ошондой эле өлкөдө ТӨМгө жетишүү боюнча финансы ресурстарынын ар түрдүү формаларынын таасирин жогорулатуусу үчүн негизги адамдардын потенциалын күчөтүүгө көмөк көрсөтөт. Бул өлкөгө өнүгүүнүн улуттук стратегиясынын максаттарына жана туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүү үчүн негиздерди өркүндөтүүгө, алардын аткарылышын мониторингдөөгө жана көзөмөлдөөгө, ошондой эле стратегиялык пландаштыруунун жана бюджетти түзүүнүн административдик системасын өркүндөтүүгө жардам берет.

Ошентип, ККУМду иштеп чыгуу Кыргызстанды өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында артыкчылыктуу болуп саналган эң зарыл социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө чечим кабыл алуучуларды жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдү тартат, бул болсо туруктуу өнүктүрүү тармагында натыйжаларга жетишүү үчүн мамлекеттик жана жеке ресурстар, бюджеттик ассигнованиелер жана аткарылышы, инвестициялык стратегиялар, бюджет-салык саясаты жана өнөктөштүк натыйжалуу жана аракетте болушу жана калктын аярлуу топторуна, анын ичинде аялдарга жана балдарга өзгөчө көңүл буруу максатын көздөйт.

Азыркы учурда Программанын жана Кыргызстандын Өкмөтүнүн ишмердүүлүгүнүн биргелешкен күч-аракеттери менен өнүктүрүү каржылоосун баалоо (ӨКБ) иши башталды, ал иш-чараларды пландаштыруунун жана каржылоонун функцияларынын ортосундагы байланышты бекемдейт; каржылоо маселеси боюнча кызыкдар тараптардын катышуусу менен диалогду бекемдейт, ошону менен бирге эле натыйжаларга жетишүү үчүн каржылоону натыйжалуу башкарууну күчтөнтөт.  Каржылоонун инновациялык инструменттерин аныктоо боюнча аналитикалык иштер жүргүзүлүүдө, бул болсо өлкөнү өнүктүрүү артыкчылыктарына жеке секторду тартууга жардам берет.

Маалымат үчүн: ККУМду өнүктүрүү боюнча БУУнун Биргелешкен программасы БУУнун Башкы катчысы тарабынан түзүлгөн Биргелешкен ТӨМ Фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылып, өнүгүүгө инновациялык ыкмаларды киргизүү аркылуу өнүктүрүү практикасын трансформациялоо боюнча бардык 17 глобалдык максаттардын үстүндө иштөө үчүн, ошондой эле глобалдык, региондук жана өлкөнүн деңгээлинде ТӨМгө карай прогресске багытталган акылдуу каржылоо стратегияларын түзүүгө алып баруучу комплекстүү жана трансформациялоочу саясаты багыттайт.