Конфликттерди чечүүгө арналган жаштар арасында кейс-турнир өтөт

2020-ж., 22-October

24-25-октябрь күндөрү «Консенсус» демилгесинин катышуучулары ийгиликтүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана конфликттерди чечүү жөндөмдөрүн сыноо максатында кейс-турнирге катышат. Алар буга чейин вебинарларга катышып, аталган жөндөмдөрдү өздөштүргөн.

Кимдер катышып жатат?

«Консенсус» демилгесине катышууга 109 арыз келип түшкөн, алардын ичинен  54 катышуучу  тандалган. Катышуучулар чек ара аймагындагы Кербен, Суу-Башы, Кашка-Суу, Кашкар-Кыштак, Айдаркен, Бирлик, Тепе-Коргон, Кара-Суу жана Көк-Серек айылдарынын тургундары. Жалпысынан демилгеге 33 кыз жана 21 улан катышууда.

8 вебинар ийлигиликтүү өткөрүлдү:

Улан-кыздар үчүн 26-27-сентябрда сынчыл ой-жүгүртүү боюнча вебинарлар өткөрүлдү.

Алар төрт вебинардын жүрүшүндө төмөндөгүлөрдү үйрөнүштү:

➔    сынчыл ой-жүгүртүү жана аны өнүктүрүү;

➔    логикалык каталарды кетирбөө жана аларды аныктоо;

➔    ой жүгүртүүнүн дедуктивдик ыкмасы;

➔    аргументтерди түзүү;

➔    конфликт эмне жана эмне себептен пайда болот.

29-30-сентябрда натыйжалуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө окутуулар болду.

Анда төмөнкүлөргө басым жасалды:

➔    тараптардын кызыкчылыктарын жана максаттарын аныктоо;

➔    ойду туура жеткирүү;

➔    туура кайтарым байланыш түзүү;

➔    эмоцияларды башкаруу;

➔    сүйлөшүүлөдүн стратегиясын түзүү.

Катышуучулар онлайн интервью маалында жашоодо конфликттерге көп эле туш болгонун, вебинарлардын алар күткөндөн да кызыктуу жана пайдалуу өткөнүнө кубанганын билдиришти.

 “Мен негизи өзүм айланадагылар менен бат эле сөз талашып кеткен, өзүмдүкүн бербеген адаммын. Анан, “конфликттерди чечүүнү үйрөтөбүз”  дегенди окугандан кийин, дароо, анкетаны (арызды) толтуруп жибердим. Конфликттерди тынчтык менен чечүүнү үйрөнгүм келди. Бирок, мен вебинарларды адаттагыдай эле зээриктирүүчү, уйкуну келтирүүчү болот деп ойлогом. Андай болгон жок, теория менен практиканы аралаш кылып мыкты вебинар өтүп беришти. Ар түрдүү тапшырмаларды аткардык.” – дейт Кашкар-Кыштак айылынын жаш тургуну, «Консенсус» демилгесинин катышуучусу Фахриддин Камилов.

Мындан тышкары, Айдаркен шаарынын активдүү жаштарынын бири Тахмина Жанышбек кызы демилгенин өзгөчө атмосферада өтүп жаткандыгын баса белгиледи:

“Карантин учурунда ZOOM аркылуу өткөн көп эле вебинарларга катыштым, бирок Консенсустуку өзгөчө атмосферада өттү. Мектептеги класста отуруп сабак өткөндөй эле болдук. Мен өзүм жашоодо урушчаакмын. Конфликт учурунда адам өзүн эле ойлоп башка тараптын кызыкчылыктарын эске албайт эмеспи, ал нерсенин туура эмес экенин билдим. Өзүмдү башка кишилердин ордуна коюп көрүүнү, эки тарапты тең канааттандыра турчу чечимге келүү керек экенидигин үйрөндүм.”

Бул жана башка интервьюларды шилтеме аркылуу көрө аласыздар.   

Жаштарга вебинарларды жергиликтүү жана эл аралык дебаттык турнирлердин бир нече жолку жеңүүчүлөрү Арслан Алымкулов жана Самат Анарбеков, жарандык активист Улан Үсөйүн, жаштар саясаты жана жеке өнүгүү боюнча эксперт Элнура Калыбаева өтүштү.

 

Турнир кандай өткөрүлөт?

Турнир онлайн режиминде 24-25-октябрда өтөт. Катышуучулар 18 командага бөлүнүп, турнирдин ар бир айлампасына (раунд) үч кишиден түзүлгөн эки команда катышат. Топторго карама-каршылыктары бар ойдон чыгарылган окуялар берилет. Алар ар түрдүү ролдорду аркалап, сүйлөшүүлөр аркылуу ар кандай конфликттерде натыйжалуу чечимдерди издешет. Мында башкы максат – жеңишке жетүү эмес, эң оптималдуу чечимди табуу. Катышуучуларга бардык тараптын кызыкчылыктарына туура келген чечим чыгарып, бир консенсуска жетүү шарт. Топтордун жарыш оюндарына эксперттик калыстар тобу баа берет.

Бардык каалоочулар турнир учурунда командалардын жарышы менен жетишкендиктерине күбө боло алышат. ideaca.today сайтында атайын турнирдик блок түзүлгөн, анда турнирдик сетка жана ар бир айлампаны көрүү үчүн шилтемелер жайгашкан.

Финалда жеңүүчү команда аныкталып, мүчөлөрүнө бирден планшет ыйгарылат. Турнирдин ачык форматы катышуучуларга бардык командалардын оюнун байкап, алардан сабак алууга мүмкүнчүлүк берет.

«Консенсус» демилгеси БУУнун Өнүктүрүү Программасы менен IDEA коомдук фондунун биргелешкен “Кыргызстан менен Өзбекстандын жаштарынын ортосундагы достук мамилени жана кызматташтыкты илгерилетүү” долбоорунун алкагында БУУнун Тынчтыкты куруу фондунун каржылоосунда ишке ашырылууда.

Биз ар бир конфликтти сүйлөшүү жолу менен чечүүгө болот деп ишенебиз. Долбоордо айтылган ой-пикирлер БУУӨП жана БУУнун Тынчтыкты куруу фондунун көз-караштарын чагылдырбайт. Бардык окуялар ойдон чыгарылган.