Экстремисттик жана террористтик өңүттөгү иштерди кароодо судьялардын дараметин жогорулатуу

2021-ж., 28-May

26-28-май күндөрү, Бишкекте Кыргыз Республикасынын 45 судьясы үчүн "Кыргыз Республикасында терроризм жана экстремизмге байланыштуу кылмыш иштерин кароо" деген темада онлайн форматындагы тренингдери өтүүдө.

Тренингдин максаты - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин террористтик жана экстремисттик мүнөздөгү кылмыштар боюнча 14 беренеси боюнча козголгон кылмыш иштерин кароо боюнча сот практикасын өркүндөтүү. Тренингге Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун 45 судьясы катышты.

"Судьялар үчүн өткөрүлгөн тренингдер террористтик жана экстремисттик кылмыштарга айыпталган адамдардын иш-аракеттерин туура квалификациялоодо пайдалуу, ошону менен ушул категориядагы иштер боюнча сот практикасында ката кетбешине жол", - деп билдирди тренер Анара Өмүралиева, Бишкек шаардык сотнун судьясы.

Окуу модулу экстремисттик жана террористтик ишмердүүлүккө байланышкан кылмыштар боюнча сот практикасын изилдөөнүн негизинде иштелип чыккан, ошондой эле 2021-жылга чейин Жогорку Сот адилеттиги мектебинин окуу планына киргизилген, бул тренингди киргизүүгө негиз болгон Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн милдеттүү иш-чаралардын комплекси.

Бул изилдөө боюнча отчет Кыргыз Республикасынын Жогорку соту үчүн даярдалып чыкты жана соттордун, прокурорлордун, адвокаттардын, юристтердин ишмердүүлүктөрүндө колдонулушу мүмкүн, ошондой эле Кыргыз Республикасында экстремизмге жана терроризмге байланыштуу кылмыштар боюнча сот тажрыйбалары тууралуу маалыматтуулуктарын жогорулатуу максатында башка кызыкдар тараптар тарабынан дагы колдонулушу мүмкүн жана Кыргызстандагы БУУӨПтүн сайтында орус  жана кыргыз тилдеринде жеткиликтүү.

Иш-чараны “Кыргыз Сот Аялдар Ассоциациясы” коомдук бирикмеси Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту, КР Жогорку Сотунун алдындагы Сот адилеттигинин жогорку мектеби тарабынан жана БУУнун Тынчтык куруу фондунун каржылоосундагы “Зомбулуктуу экстремизмдин алдын алуу үчүн инклюзивдүү башкаруу жана сот тутуму” жана Европа Биримдиги каржылаган БУУ-ЕБ биргелешкен өнөктөштүгүнүн «Азияда зомбулуктуу экстремизмге каршы туруктуулукту жогорулатуу» (STRIVE Азия) долбоорлорунун алкагында өткөрүлдү.