Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын укуктарын илгерилетүү боюнча долбоор башталууда

2024-ж., 25-April

 

Бишкек, 2024-жылдын 26-апрели – Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын укуктарын илгерилетүү боюнча долбоорду ишке киргизүүдө. Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Майыптыгы бар адамдардын укуктарын илгерилетүү боюнча кеңеш менен биргеликте ишке ашырылмакчы. Долбоор БУУнун Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө Конвенциясына ылайык ал адамдардын укуктарын ишке ашырууга бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталып, 2024-2025-жылдар аралыгында ишке ашырылат. Долбоорго жалпы координациялоону КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана КРдагы БУУ системасы ишке ашырат. 

Бүгүн Майыптыгы бар адамдардын укуктарын илгерилетүү боюнча кеңештин биринчи жыйыны өтүп, ага мамлекеттик органдардын, КРдагы БУУ системасынын, жарандык коомдун жана майыптыгы бар адамдардын коомчулугунун өкүлдөрү катышты. 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Майыптыгы бар адамдардын иши боюнча кеңештин төрагасынын орун басары Толкунбек Исаков мырзанын айтымында, 2023-жылы Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын укуктарына жасалган кырдаалдык талдоонун жыйынтыктары бул долбоордун өзөгүн түздү. Бул талдоо Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин ишин башкаруу сапатын, аны координациялоону, пландоону, мониторинг жана баалоо механизмин жакшыртуу зарыл экенин көрсөттү. “Биз бул долбоор Кыргызстанда жашаган майыптыгы бар адамдардын бардык топторунун кызыкчылыгын коргогон Кеңештин дараметин кеңейтүүгө мүмкүндүк берет деп ишенебиз”. 

Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, туура пландаштыруу үчүн майыптуулук жөнүндө маалыматтарды чогултуунун сапатын жакшыртуу, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу маселелерине инклюзивдүү ыкмаларды киргизүү долбоордун негизги багыттары болуп саналат.

БУУӨПтүн Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева айым долбоор инклюзивдүү, ачык, жеткиликтүү жана адилеттүү коомду түзүүгө багытталганын белгиледи. Мындай коомдо майыптыгы бар адамдар чечимдерди кабыл алууга, анын ичинде улуттук мыйзамдарга жана климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу маселелеринде чечим кабыл алууга катыша алышат.

ЮНИСЕФтин Өкүлүнүн орун басары Кристина Бруджиоло айым баса белгилегендей, долбоордун алкагында Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңеште балдардын майыптыгы маселелери боюнча жумушчу топтун мүчөлөрүнүн компетенцияларын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулат. Бул иштер чет өлкөлөр менен тажрыйба алмашуу, майыптыгы бар балдар боюнча маалыматтарды чогултуу механизмдерин өркүндөтүү жана инклюзивдүү билим берүү жана өнүгүүсү кечеңдеген балдарды эрте мөөнөттө аныктап, өнүгүүсүнө кийлигишүү боюнча Концепцияны иштеп чыгуу аркылуу 

жасалат. ЮНФПАнын өлкөлүк кеңсесинин башчысы Бактыбек Кайназаров белгилегендей, долбоордун алкагында майыптыгы бар адамдар жөнүндө статистикалык маалыматтарды чогултуу процессин жакшыртуу үчүн Улуттук статистика комитетине жана башка мамлекеттик түзүмдөргө олуттуу колдоо көрсөтүлөт. Майыптуулук жөнүндө статистикалык маалыматтарды чогултуу боюнча Вашингтон тобунун сурамжылоосун маалыматты чогултууга жооптуу түзүмдөр менен биргеликте колдонуу пландалууда. Бул долбоор майыптыгы бар адамдардын/балдардын социалдык-экономикалык мүнөздөмөлөрүн камтыган изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, ошондой эле Кыргызстанда майыптыктын көрсөткүчү жөнүндө маалыматтарды чогултууга багытталган. 

Бул жыйында долбоордун өнөктөштөрү менен программалык ишти жана жыйынтыктарды координациялоону камсыз кыла турган долбоордун Кеңешинин курамы түзүлдү. 

Долбоордун Кеңешин теңтөрагалар – БУУнун КРдагы Туруктуу координатору жана КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары жетектешет. БУУӨПтүн, ЮНИСЕФтин, ЮНФПАнын, мамлекеттик органдардын жана майыптыгы бар адамдардын уюмдарынын өкүлдөрү Кеңешке мүчө болушат. Кеңеш өз ишин ушул жыйында бекитилген жобонун негизинде жүргүзөт.

Майыптыгы бар адамдардын укуктарын илгерилетүү боюнча долбоорду БУУнун үч агенттиги – БУУӨП, ЮНИСЕФ жана ЮНФПА ишке ашырууда. Долбоор майыптыгы бар адамдардын укуктарына көмөк көрсөтүү максатында Кыргызстандагы БУУ системасынын жалпы жетекчилиги алдында жана БУУнун Өнөктөштүгүнүн (UNPRPD) колдоосу менен ишке ашырылууда.