Биринчи орунда бейтаптар: кургак учукту жеңүүдө ар тараптуу жардам

2020-ж., 20-March

Кейс-менеджер Сейнегүл Жанабилова Улуттук туберкулез ооруканасында. Анын колунда оорулуулар кагазы. Сүрөт: Марион Биремон / БУУӨП Кыргызстан

Глобалдык Фонддун алкагында Кыргыз Республикасындагы БУУӨП кургак учукту дарылоо үчүн сапаттуу дары каражаттарын сатып алууда, дарт аныктоосун жакшыртууда жана бейтаптар дарылоосун аягына чыгарууга жардам берет.    

Гульнара эшикти каккылап жатканда эч ким эшикти ачкан жок. Ал мындай кырдаалга көп жолу кабылган: ал күнүгө кургак учукка каршы дарыларды алып келген бейтаптары дайыма эле аны кубануу менен тосуп алышпайт. Кургак учуктан дарылануу узак мөөнөттүү жана татаал, көптөгөн кыйыр таасирлери менен коштолот, ошондуктан көпчүлүк бейтаптар дарыларды ичүүдөн баш тартышат. Өзгөчө башка көйгөйлөрү бар бейтаптар.   

Бирок Гульнаранын жумушу – алар дарыларын күнүгө ичип жаткандарына ынануу, бейтаптарды колдоо жана алар кабылган көйгөйлөрдү чечүү. Ошондуктан ал эч качан кол таштабайт. Бул таңда, кургак учукка караганда, баңгизаттардан көз карандылык көйгөйлөрү көбүрөөк болгон бейтап Романы, ал кошуналарынан жана туугандарынан сураштырып жатып, сейил багынан тапты.    Алар отуруп сүйлүшүп жатышты, Рома кургак учуктан дарыларын ичти, ошентип кадам артынан кадам таштап кургак учукка күрөшүп келишет. Кечинде бардык бейтаптар Гульнарага жардамы үчүн ыраазы  болушат. 

Дарыларды бейтаптардын үйүнө жеткирүү

Гульнара Баракова Кыргызстандагы Кызыл Жарым ай Улуттук Коомунда Глобалдык Фонд/БУУӨП тарабынан каржылануучу долбоордо кейс-менеджер катары иштейт.  Долбоордун төрт кейс-менеджери Бишкек шаарындагы дарылоону карманбаган жана социалдык жактан аярлуу бейтаптарга дарылануусун аяктоого жардам беришет, анткени бул аларды айыктыруунун жана кургак учук инфекциясынын андан аркы жайылышына бөгөт коючу жалгыз ыкма.  

Гүлнара Баракова пациент менен баарлашууда. Сүрөт: Марион Биремон / БУУӨП Кыргызстан

Кургак учук менен бейтаптар ооруканадан чыкканда, алар дарылануусун үйдөн улантышат.  Алар күнүгө медициналык мекемеге барып, медайымдын көзөмөлү астында дарыларын ичүүсү зарыл: бейтап дозасын же дарысын калтырбаганына ынануу үчүн бул өтө маанилүү.  Ошентип, ДТ-КУ бейтаптары үчүн көптөгөн айлардан эки жылга чейин созулушу мүмкүн. Көпчүлүк үчүн бул чоң көйгөй,  өзгөчө жумуш убактысында медициналык мекемелерге келүүгө мүмкүнчүлүктөрү жок.  2018-жылдын жайдан баштап, бейтап өзү медициналык мекемеге келе албаса,  кейс-менеджерлер күнүгө бейтаптардын үйүнө дарыларын алып келишет.

«Биз дарылоосун үйүнөн алууга тийиш болгон бейтаптар менен иштейбиз. Бул кургак учуктун оор формалары менен бейтаптар, кошумча инфекциялары (АИВ жана кургак учук) менен бейтаптар, коштоочу оорулары менен: мисалы, кант диабети; көз карандылыгы бар, каржы көйгөйлөрү менен бейтаптар, кичинекей балдары бар жана дарылоону карманбаган  бейтаптар», - деп баяндады Виктория Канина, КР КЖУКта КУ боюнча долбоордун координатору.  

Ооруунун алдын-алуунун эң мыкты жолу: бардык бейтаптарды айыктыруу

«Кургак учуктун эң жакшы алдын алуусу – бул ар бир бейтап өзүнүн дарылануусун аягына чыгаруусун камсыздоо. Бирок, алардын бардыгынын колунан келбейт, ошондуктан биз дарыларды үйлөрүнө жеткирип, аларга психологиялык, социалдык жана финансылык жактан колдоо көрсөтүү үчүн бул жердебиз», - дейт Виктория Канина. Кейс-менеджерлер Шаардык кургак учук менен күрөшүү борборунун суроо-талабы боюнча бейтаптар менен татаал кырдаалдарда жана врачтар менен тыгыз байланышта иштешет.  Бейтаптар үчүн күнүмдүк дарылоо көрсөтүүдөн  тышкары, КР КЖУК ваучерлер жана кийим-кечектер түрүндө колдоо көрсөтөт, бейтаптарды жана алардын үй-бүлөлөрүн кургак учук маселелери боюнча окутушат, кыйыр таасирлерди өз убагында аныктоодо жана врачтарга билдирүүдө жардам беришет, жана көп учурда достук мамиледе калышат.    

 «Бул абдан жакшы долбоор», - дейт Гульнара, кийинки бейтапка бара жатып. «Алар биздин көзөмөлдүн астында, биз ай сайын алдыга жылууну көрүп турабыз, дарылоо аларга жардам берип жатканын байкайбыз. Мындай жардам алууга бейтаптар абдан ыраазы. Мен билем, бул долбоор болбосо, менин айрым бейтаптарым дары каражаттарын ичүүнү такыр токтотуп коюшмак, башкалары мүмкүнчүлүк жок болгонунан, дарыларын туруктуу ичпей калышмак».

Кийинки үйдө аны бир жашаар жылмайган наристе тосуп алды. Анын апасы Алина үч кичинекей баланы тарбиялайт. Ал диабет менен ооруйт жана күнүнө беш маал инсулин алат, эми кургак учук менен күрөшүү үчүн ал күнүнө ондон ашык дары ичүүгө зарыл.  «Мен социалдык жумушчу болуп иштечүмүн, кургак учук менен ооруп калгандан кийин жумуштан кетүүгө аргасыз болдум», - дейт ал.   «Гульнара күнүгө үйгө келип турбаса, дарылоону улантууга мүмкүнчүлүгүм болот беле, мен билбейм. Балдар менен жардам бере турган эч ким жок, күнүгө шаардын борборуна баруу үчүн автобуска акчам да жок, дарылар көңүлүмдү айлантат, узак жолго чыгуу мен үчүн өтө кыйын болуп калды». 

Гүлнара медайымдын колунан дарыларды алууда. Сүрөт: Марион Биремон / БУУӨП Кыргызстан

Дарылоону токтоткон бейтаптар азаюуда.

«Кейс-менеджмент абдан маанилүү. Мурда Бишкекте дарылоосун токтоткон бейтаптар көп болчу.  Алар күнүгө бейтапканага келүүгө мүмкүнчүлүктөрү жок болуп, көпчүлүгү кургак учук жана дарылоону аягына чейин чыгаруунун маанилүүлүгү тууралуу толук маалыматы жок эле. Кейс-менеджментсиз биз кургак учукту жеңе албайбыз», - дейт Сейнегүл Жанабилова. Ал Шаардык кургак учук менен күрөшүү борборунда врач жана жардамга муктаж  болгон бейтаптар үчүн кейс-менеджер болуп иштейт.

Бишкектеги бул пилоттук долбоор өзүнүн натыйжалуулугун далилдеди: көзөмөлдөө астынан жоголуп кеткен КУ бейтаптардын саны  (мисалы, дарылоосун эки айдан ашык мөөнөткө токтоткондор) шаарда 23%дан 4%га чейин азайды. 18 айдын ичинде долбоордун кейс-менеджерлери 145 бейтап менен иштешти.  

Гульзат Кыдыралиева да Шаардык кургак учук менен күрөшүү борборунда кезметтен кийин кейс-менеджер болуп иштейт.  Ал бейтаптарынын иштеринин абалы жана кандайдыр бир көйгөйлөрү тууралуу билүү жана КУ жөнүндө маалымат берүү үчүн жолугуп турат. «Биздин жумуш натыйжалуу болуш үчүн биз  бейтаптарыбыз менен ишеничтүү, сый, достук мамилелерди түзүшүбүз керек», - дейт ал.

Гүлнара кургак учук долбоорунун координатору Виктория Канина менен талкуу учурунда. Сүрөт: Марион Биремон / БУУӨП Кыргызстан

Гульзат төшөктөн турбай жаткан кургак учук оорусу менен ооруган улгайган аял жөнүндө баяндап жатат, “эми ал мени чыдамсыздык менен эшигинин астынан күтүп турат жана мен бир нече мүнөткө кечиксем, байкап калат”, - деп күлдү ал.   Анын көпчүлүк бейтаптары  татаал турмуштук абалга кабылышкан жана алар алып жаткан жардам, аларды куткарып жатат.   БУУӨП/Глобалдык Фонд дарыга туруктуу кургак учугунан дарыланып жаткан бейтаптарга  ай сайын (14 доллар) төлөп турат, көпчүлүк үчүн - бул кирешенин жалгыз булагы. 

Гульзат унаасына отуруп, кийинки бейтапка барууга даярданып жатып: «Бейтап дарылоосун аяктаганда же дарыларын менсиз ичип баштаганда мен абдан бактылуумун. Мен чынында бирөөгө жардам бергенимди сезем», - деди.