Бейтаптарды дарылоого кайтаруунун татаал түйшүгү

2020-ж., 24-March

Кумаркүл Жумагулова - дарыланууну үзгүлтүксүз алуу боюнча иштеген адис. Ал кургак учук пациенттерин дарыланууга кайтаруу менен алек болот. Сүрөт: Марион Биремон / БУУӨП Кыргызстан

Глобалдык фонддун грантынын алкагында БУУӨП кургак учукту дарылоо үчүн сапаттуу дарыларды сатып алууда, дарт аныктоону жакшыртууда жана дарылоону аягына чыгаруу үчүн бейтаптарга колдоо көрсөтүүдө. КРде Кызыл Жарым ай Улуттук Коому  (КЖУК) тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлорунун бири дарылоону карманбаган бейтаптарды дарылоого кайтаруу максатын көздөйт. 

Кумаркүл эч качан 5 мүнөттөн ашык убакытка колунан телефонун түшүрбөйт. Ал “смартфондук көз карандуулук” менен оорубайт, ал каалаган учурда чалып калууга мүмкүн болгон КУ бейтаптарына кам көрүп жатат. Дарылоого кайтаруу жана дартынан сакайып кетишине ынануу үчүн Бишкекте дарылоону карманбаган КУ бейтаптары менен иштеп, бейтаптар аны «Кума» деп эркелетип аташат.   Ал эмне үчүн дарылоо курсун алуу маанилүү экени тууралуу телефон менен баарлашып же WhatsApp аркылуу смс-билдирүүлөрдү жөнөтүп,  биринин артынан бири көптөгөн аргументтерди келтирип убактысын өткөрөт. 

Ушул жума күнү Кумаркүл КР КЖУК тарабынан белекке берилген майыптар үчүн колясканы өзүнүн бейтаптарынын бирине тапшырат. Максат АИВдин негизиндеги омуртка кургак учугу менен ооруйт, ал операциядан кийин бутуна тура албайт. Ал кургак учуктан дарылоосун токтоткон, ал АИВ-инфекциясына каршы  АРВ-терапиясынан жана күнүмдүк кургак учукка каршы ондогон дарыларды ичүүдөн чарчады жана ал мындан ары дарылоосун эч качан уланта албаганына ишенген. Бирок, Кумаркуль аны кайра ынандырды, эми анын ден соолугу оңоло баштады, жакында ал чогуу эски тамда жашаган чоң апасына жардам берүү үчүн бутуна турууга үмүттөнүүдө. 

Дарылоо натыйжаларынын жакшырышы 

Бишкекте дарылоосун токтоткон бейтаптардын санын төмөндөтүүгө жардам берүү үчүн кесиби боюнча врач, Кумаркүл Джумагулова КР КЖУК менен 2018-жылдын жайдан бери иштешет. БУУӨП/Глобалдык фонд тарабынан каржылануучу долбоор негиздүү ийгиликтерге жетишти: Бишкекте көзөмөлдөө астынан жоголгон бейтаптардын саны (тагыраак айтканда, дарылоосун эки же андан ашык айга токтоткондор) болжол менен 23%дан 4%га чейин кыскарды. Кургак учукка каршы күрөшүүдөгү бул ири кадам негизинен Кумаркульдун ийгилиги болуп саналат. 

«Мен эч убакта бейтаптардан баш тартпайм. Бул убакытты талап кылса да, аларды дарылоого кайтаруунун ыкмасы бар экенин билем», - дейт Кумаркүл. Кургак учукту, өзгөчө анын дарыга туруктуу формаларын дарылоо абдан узак (2 жылга чейин) жана кыйыр таасирлерге  алып келет. Көптөгөн бейтаптар, жакшырууну көрбөгөң соң  үмүтүн жоготушат, ал эми башкалары күнүгө дары ичүүгө тоскоолдук кылган кырдаалга кабылышат: финансылык кыйынчылыктар, иштөө зарылдыгы, кошумча инфекциялар, миграция, көз карандылык, жашаган жеринин жоктугу...  Бирок бейтаптар бардык дайындалган дарыларды туруктуу жана дарылоонун аягына чейин ичүүсү - бул кургак учукту дарылоонун жалгыз ыкмасы болуп саналат. 

Чолпон Абдуманаповна - Бишкек шаардык кургак учук ооруканасынын директорунун орун басары. Сүрөт: Марион Биремон / БУУӨП Кыргызстан

Бардык көйгөйдү чечүү менен иштөө

«Башында биз бейтаптарды дарыланууга өз алдынча кайтарууга аракет кылабыз. Бирок биздин аракеттер ишке ашпаса, биз Кумаркүлдү жардамга чакырабыз», - дейт Чолпон Абдуманаповна, Шаардык кургак учук менен күрөшүү борборунун директорунун орун басары. «Ал көйгөйдүн себебин таап чыгып, аны чечүүгө аракет кылат. Айрым учурларда себеби жөнөкөй. Мисалы, бир бейтабыбыздын кышкыга үстүнкү кийми жок болгондугуна байланыштуу, ал суук болгон күндөрү бул жерге келе албай жүрүптүр. Башка учурларда бул кыйла татаал көйгөй, бирок ал ар дайым себебин табат».

Долбоордо 18 ай иштеген учурда Кумаркүлгө дарылоого кайтарууга зарыл болгон 187 бейтапты, алардын чинен 121 бейтап көзөмөл астынан жоголуп кеткендерди өткөрүп беришти.   Ал бардыгын таап, 71 бейтапты дарылоого кайтарды. Калган 45 бейтапты туруктуу текшерүүдөн өтүп турууга көндүрдү. Дагы 62 адам көзөмөлдөө астынан жоголгондор тизмесинен чыгарылды, анткени алар айыгып, өлкөдөн чыгып кетишип же кайтыш болгондору аныкталды.   

«Бул бейтаптардын ичинен 43 тобокелдик тобунан болушкан: булар үй-жайы жок бейтаптар, көз карандуулугу бар бейтаптар, мурда эркиндигинен ажыратуу мекемелеринде отурушкан бейтаптар же ко-инфекциялары бар бейтаптар.  Алардын ичинен 15 адам дарылоосун аякташты, 23 бейтап учурда дарыланууда жана бешөө көзөмөлдүн астында турушат», - дейт Кумаркүл.

Кумаркүл жана Виктория Канина, Кызыл жарым ай коомунун долбоорунун координатору пациентке коляска өткөрүп берүүдө. Сүрөт: Марион Биремон / БУУӨП Кыргызстан

Колдоо көрсөтүү

Кумаркуль бейтаптары дарылануусун улантып жаткандарына ынануу үчүн туруктуу телефон чалып турат, жана өзү айткандай көпчүлүгү менен достошуп алды.  «Кээ бир учурларда бейтапты дарылоого кайтаруу үчүн бир жыл убакыт керек болчу. Бир эле бейтапты дарылоого кайтаруу - бул өтө чоң жумуш. Бирок, азыр алар айыгышты, бардык жумшалган аракеттер акталды», - дейт Кумаркүл.

Туруктуу чалуулардан жана барып туруулардан тышкары Кумаркүл өзүнүн бейтаптары үчүн ай сайын өз ара жардам көрсөтүү  топторун уюштуруп турат.  «Мен аларды коркутпоого жана дайыма жардам берүүгө аракет кылам. Алар ар дайым мага ишене алышканын далилдөө үчүн мен дайыма жылмайып жүрөм, аларды угам, ишеничин бекемдейм. Биз ар дайым чечимин таап чыгабыз».

«Бул долбоорсуз эмне кылат элек, билбейм», - дейт доктур Чолпон Абдуманаповна. «Бизде бейтаптар көп, биз ар бирине дарыланууга кармануусу үчүн зарыл богон жетиштүү көңүл бөлүп берүүгө убакытыбыз жок. Кумаркүл жана кейс–менеджерлер бейтаптар менен өз балдарындай сүйлөшүшөт.   Алар улам улам дарылануунун зарылдыгын түшүндүрүшөт, алар бейтаптар менен сүйлөшүшөт, колдоо көрсөтүшөт, өздөрүн сүйүктүү жана керектүү кылып сезүүгө жардам беришет...".

Бул айыгууда негизги ролду ойнойт дейт кургак учуктан айыккан жана азыр башка бейтаптарга жардам берип жаткан Нурайым:  «Адам ооруганда ага жардам керек. Бейтапканадан мен кургак учук оорусу чыкканын билгенде энелери таштап кеткен бейтаптарды көргөм. Мен өзүмө окшогон, жада калса чайы же канты  жок болгон бейтаптарды көргөм. Эгерде силер өзүңөрдү керектүү сезсеңиз, сиз таяна алган адамыңыз болсо, анда сиз бат эле оңолуп кетесиз.  Бирок айланаңызда эч ким жок болсо, сиз өзүңүздү пайдасыз сезип, үмүтүңүздү жогото баштайсыз».