“Гендердик сезимтал журналистика” онлайн-курсун өтүү боюнча сынак

2022-ж., 18-February

Журналисттерди, блогерлерди жана журналистика факультетинин студенттерин  “Гендердик сезимтал журналистика” онлайн-курсун өтүп, билим алууга, жана ага кошумча белек алууга чакырабыз!

Сынакка катышуу үчүн, курстун бул шилтемеси аркылуу кирип, өз алдынча онлайн-курстан өтүп, жыйынтыктоочу тестти тапшырып, сертификатка ээ болуу шарт. Бул посттун астына сертификатын жарыялаган алгачкы 10 адам сыйлык ээлери катары таанылат. Сыйлык ээлерине 1000 сомдук китеп сатып алууга сертификаттар берилет, же жеңүүчүнүн каалоосу боюнча, сыйлыкты акчалай алууга да болот.

Гендердик сезимтал журналистика боюнча онлайн курс 3 сабактан турат жана болжол менен 2-3 саатка эсептелген. Бардык 3 сабакты өткөндөн кийин, финалдык тестти тапшыруу сунуш кылынат. Тесттин жыйынтыгында, "Гендердик сезимтал журналистика”  онлайн-курсун ийгиликтүү аяктагандыгы жөнүндө сертификат берилет. Сертификатты курстун баракчасынан көчүрүп алууга болот.

Кыргыз тилиндеги онлайн курстун шилтемеси: https://journalist.kg/kg/courses/genderdik-sezimtal-zhurnalistika-boyuncha-onlajn-okuu-modulu/

Орус тилиндеги онлайн курстун шилтемеси: https://journalist.kg/ru/courses/obuchayushhij-onlajn-modul-po-genderno-chuvstvitelnoj-zhurnalistike/  

Онлайн-окуу курсу аялдарга карата терс стереотиптерди, социалдык  тоскоолдуктарды жоюуга, ошондой эле гендердик сезимтал материалдардын катарын көбөйтүү максатында иштелип чыккан.

Гендердик сезимтал журналистика  боюнча онлайн-курс журналисттер, журналистика факультетинин студенттери, блогерлер жана башка кызыкдар тараптар үчүн иштелип чыккан.

Онлайн-курс Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин демилгеси боюнча БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин “КРде укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун колдоосу менен иштелип чыккан.